Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:35

Мамдирекция боюнча премьерге суроо көп


Июнь окуясынан кийин курулган үй. Ош шаары 2012-жыл
Июнь окуясынан кийин курулган үй. Ош шаары 2012-жыл

Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын маалыматы бүгүн түштөн кийин каралды.

2010-жылы июнь каргашасынын айынан жабыркаган шаарларды калыбына келтирүү боюнча түзүлгөн Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясынын ишин текшерген депутаттык комиссия өз корутундусунда дирекция өз ишинде бир катар финансылык мыйзам бузууларга жол берип, курулуш иштерин сапатсыз жүргүзгөнүн белгилөөдө.

Комиссиянын айтымында, кийинки өкмөт бул мыйзам бузууларды жаап-жашыруу үчүн дирекцияны атайылап жоюп жиберген. Мындан улам депутаттык комиссия аталган дирекциянын ишин Эсеп палатасы кайрадан текшерүүсүн жана буга укуктук бааны Башкы прокуратура бериш керектигин айтууда.

Аталган комиссиянын төрагасы Нарынбек Молдобаевдин айтымында, дирекция өз ишинде бир катар финансылык мыйзам бузууларга жол берип, курулуш иштерин сапатсыз жүргүзгөн.

Курманбек Дыйканбаев
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:55 0:00

Комиссиянын мүчөсү Назарали Арипов текшерүү учурунда дирекция өкүлдөрү комиссияга керектүү документтерди бербей, ишине тоскоолдук кылганын айтса, депутат Анвар Артыков дирекциянын мыйзам бузуулары толугу менен далилденгенин жана ага комиссиянын бардык мүчөлөрү макул болгонун белгиледи.


Туратбек Мадылбеков
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:40 0:00

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын мурдагы директору Жусупжан Жээнбеков депутаттык комиссиянын дооматтарын четке кагып, корутунду бир жактуу болуп калганын белгилөөдө.

Анын айтымында, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү үчүн Мамлекеттик дирекцияга бюджеттен 4 миллиард 616 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми калган 3 миллиард сомдон ашык каражатты эл аралык уюмдар бөлүп берген.

Жээнбеков: дооматтар суу кечпейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:05 0:00

Жыйынга чакырылган премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев дирекция ишин текшерүүгө каршы эместигин билдирди. Ошол эле маалда ал депутаттык комиссия июнь окуясынан кийинки кырдаалды эске албай корутунду чыгарганын айтты. Өкмөт башчы депутаттарды корутунду боюнча добуш берүүдө 2010-жылдагы кырдаалды эске алууга чакырды.

Өз кезегинде айрым депутаттар премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди убактылуу кызматын тапшырууга чакырды. Мындай демилге менен депутаттар Бөдөш Мамырова жана Каныбек Осмоналиев чыкты.

Мамырованын айтымында, Сатыбалдиев премьер-министрликти аркалап турган мезгилде Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин объективдүү текшерүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, Сатыбалдиевди кызматын эки айга тапшырып турууну сунуштады.
Курманалы Азимов - Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясынын курулуш бөлүмүнүн мурдагы башчысы.

Курманалы Азимов
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:38 0:00

Көптөгөн талаш-тартыштан кийин Жогорку Кеңеш Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин текшерген депутаттык комиссиянын отчетун кароону келерки аптада улантмай болду.

Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция 2010-жылдын июнь окуясынан кийин түзүлгөн эле. Ал коогада жабыркагандарга жардам, курулуш жана каржылык көмөктү жөнгө салуу милдетин аткарып келген. Дирекция мамлекеттик башкарууну оптимизациялоо боюнча комиссия сунушуна байланыштуу былтыр январь айында жоюлган болчу. Аталган дирекцияны Жусупжан Жээнбековго чейин азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген.
XS
SM
MD
LG