Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:17

Согуштар жана ачылыштар: “Розетта ташы”. “Манас” эпосу. Фу-йү кыргыздары


Солдо айтылуу “Розетта ташы”. Ортодо – кыргыз ханы Манастын жана чоролорунун айкели. Ак-Чий шаары (КЭР). Оңдо – фу-ңйү кыргыздарынын өкүлү Ву Жаңжу мырза. Коллажды жасаган Т.Чоротегин. 16.8.2023.
Солдо айтылуу “Розетта ташы”. Ортодо – кыргыз ханы Манастын жана чоролорунун айкели. Ак-Чий шаары (КЭР). Оңдо – фу-ңйү кыргыздарынын өкүлү Ву Жаңжу мырза. Коллажды жасаган Т.Чоротегин. 16.8.2023.

Дүйнөлүк илимде бир катар ачылыштар баскынчыл согуштар маалында жүзөгө ашырылган. Египет таануу илиминин башатында турган “Розетта ташынын” табылышы окуясы, “Манас” эпосунун Европадагы илим чөйрөсүнө дайын болушу да буга күбө. Ал эми Ыраакы Чыгышта, Кытайдын түндүгүндөгү тарыхый Манчжурия аймагында байырлап келе жаткан кыргыздардын бир тобу – “Фу-йү кыргыздары” деп шарттуу аталган бир тууган эл жөнүндөгү алгачкы кабарлар Экинчи дүйнөлүк согуш маалында шардана кылынган. Тарыхчынын блогу.

Согуштар жана илимий ачылыштар

Ар кандай согуштар адамзат тарыхында алаамат алып келгендиги талашсыз. Ошол эле учурда чоочун жерлерди каратып алуу маалында жазма маданияты өнүккөн өлкөлөрдүн аалымдары өз тарыхый коңшулары тууралуу жаңы маалымат тапкан жана аны адабиятта чагылдырып, изилдеп калган учурлар арбын.

Байыркы шумер жана аккад шынаа сымал жазууларында, египеттик иероглиф жазмаларында коңшу элдер тууралуу арбын маалымат чагылдырылган.

Байыркы Иранда Бехистун аскасындагы жазма эстеликте борбордук азиялык элдер эскерилген. Байыркы Грекияда жана Римде да өздөрү мыкты билген аймактар жана үстүрт билген чөлкөмдөр тууралуу маалыматтар арбын.

Александр Македондуктун жортуулдары маалында бул сыяктуу этнографиялык маалыматтар Индияга жана Борбордук Азиянын Фергана аймагына чейин кеңейтилген.

Байыркы жана орто кылымдардагы кытай, орто кылымдардагы тибет жазмаларында да коңшулары (анын ичинде кыргыздар) эскерилген.

Бээжиндик профессор Ю Тайшандын маалымдашынча, маселен, байыркы кыргыздардын өлкөсү б.з.ч. X кылымга байланыштуу уламыштык баянда өз алдынча эгемен падышалык катары эскерилген.

Ички Азиядагы жана Түштүк Шибер менен Алтайдагы Улуу Түрк, Экинчи Чыгыш Түрк, Кыргыз жана Уйгур каганаттары доорундагы битик (руна сымал) жазмалары дагы өз коңшулары жөнүндө мол маалымат берет.

Батыш Европадагы оторчул дөөлөттөр дүйнөнүн көп бөлүгүнө, анын ичинде Түндүк Африкага (Египетке) жана Ортоңку Чыгышка сүңгүшүп, XVIII кылымдан – XX кылымдын башына чейинки мезгилде басып алынган же жарым көз каранды чөлкөмдөрдөгү тарыхый артефакттарды өз мамлекеттерине ташыган.

Андан ары ар кыл өлкөлөрдөгү окумуштуулар бул артефакттардагы тексттердин көчүрмөлөрүн (эстампаж, факсимиле, ж.б.) алып, алардын мазмунун кабинеттик тынч шарттарда иликтей алышкан.

Тарыхтын тамашасы ушунда. Этнологиялык ачылыштарга согуштар да огожо болушкан.

Наполеон Бонапарт.
Наполеон Бонапарт.

Розетта ташы

Маселен, XVIII кылымдын соңку жылдары ал кездеги франсуз колбашчысы Наполеон Бонапарт Египетке (Мысырга) жасаган жортуулдары маалында өз аскерлери менен окумуштууларды да чогуу ала барган.

Поляк сүрөтчүсү Войцех Коссак (1857—1942) египеттик пирамидаларга жакын жерде 1798-жылы 21-июлда франсуз баскынчыларынын египеттик мемлүк атчан аскери менен салгылашуусун 1896–1900-жылдары боёк сүрөттүк панорама кылып чагылдырган. Сүрөттүн бир бөлүгү..
Поляк сүрөтчүсү Войцех Коссак (1857—1942) египеттик пирамидаларга жакын жерде 1798-жылы 21-июлда франсуз баскынчыларынын египеттик мемлүк атчан аскери менен салгылашуусун 1896–1900-жылдары боёк сүрөттүк панорама кылып чагылдырган. Сүрөттүн бир бөлүгү..

Поляк сүрөтчүсү Войцех Коссак (Wojciech Kossak; 1857—1942) египеттик пирамидаларга жакын жерде 1798-жылы 21-июлда франсуз баскынчыларынын египеттик мемлүк атчан аскери менен салгылашуусун 1896–1900-жылдары боёк сүрөттүк панорама кылып чагылдырганы маалым.

Бул ири сүрөттүн бир бөлүгүндө Наполеондун учкул сөзгө айланган “Эшектер менен окумуштууларды ортого алгыла!” („Les savants et les anes au milieu!“) деген сөзүнө байланыштуу көрүнүш да бар. Бул сөзүн Наполеон илимпоздорду кемсинтүү үчүн эмес, чукул кырдаалда алардын өмүрүн сактап калуу үчүн шашылыш айтканы айдан ачык.

Бул салгылашууда жеңген соң, Наполеон Каир шаарында Египетти ар тараптуу илимий изилдөө боюнча илимий институт ачууга да жетишкен. Бул институттун алгачкы отуруму 1798-жылы 23-августта өткөрүлгөн.

Египетке (Мысырга) баскынчылык жортуул маалында алынып келинген 167 окумуштуунун жана көркөм өнөр өкүлдөрүнүн 32си ар кыл себептерден улам жаңы каратылган аймактарда өмүрүнөн айрылган.

1799-жылы 15-июлда Египеттеги Розетта (азыркы Рашид) шаарынын жанында Сен-Жүлйен чебин курдуруу үчүн жер тилкесин каздырып жатып, капитан Пьер Бушар байыркы египеттик жазмасы бар карарган ташты таап алган. Бушар мырза бул базалт ташты дароо Каирдеги Илимий институтка жөнөткөн.

Наполеондун Египетке жортуулу акыры франсуз аскерлеринин башка бир оторчулардан – британдык аскерлерден жеңилүүсү менен аяктаган. 1801-жылы “Розетта ташы” оторчул британдыктардын колуна өткөн. Ал 1802-жылдан тартып Лондондогу Британ музейинде сакталып келет.

Франсуз египет таануучусу Жан-Франсуа Шамполйондун (1790–1832) сүрөтү. Тарткан –Леон Конйе (1794–1880).
Франсуз египет таануучусу Жан-Франсуа Шамполйондун (1790–1832) сүрөтү. Тарткан –Леон Конйе (1794–1880).

Ал эми 1822-жылы 14-сентябрда франсуз чыгыш таануучусу Жан-Франсуа Шамполйон (орусча Шампольон, франсузча Jean-François Champollion; 1790–1832) дал ушул таштагы үч башка жазмада (байыркы египеттик жана байыркы грек тилдеринде) жазылган текстти пайдаланып, алгачкы ирет байыркы египеттик иероглифтерди чечмелей алган.

Эгерде Наполеон Мысырга кол салбаса, эгерде франсуздар Сен-Жүлйен чебин курууга далаалат кылышпаса, эгерде капитан Бушар алиги базалт ташты жөн гана сепилдин пайдубалына көмдүрүп таштачу болсо, демек, эгерде бул таш окумуштууларга жетпей калса... анда Шамполйон деле ачылыш жасамак эместир... Анда египет таануу илими дагы канча жылдар бою иероглифтерди чечмелей албаган деңгээлде кала бермек...

Тарыхта “эгерде” сөзү айтылбайт, жамаагаттык макалада айтыла берет. Айтор, египеттик иероглифти чечмелөө тарыхында байыркы египет жана байыркы грек тилдеринде текст жайгаштырылган “Розетта ташынын” табылышы да зор түрткү болгон.

Чокон Валихановдун бедизи. Шанканай айылы, Алматы облусу, Казакстан. 16.4.2016.
Чокон Валихановдун бедизи. Шанканай айылы, Алматы облусу, Казакстан. 16.4.2016.

Падышалык Орусиянын оторчуларынын сүңгүшү маалындагы манас таануудагы саамалыктар

Ал эми кыргыз элинин оозеки энциклопедиясы – баатырдык “Манас” эпосу качан жана кайсы шартта Европадагы илим чөйрөсүнө дайын болгондугун баамдап карап көрөлүчү.

Адатта, манас таануучулар жана башка эпос таануучулар кыргыздын бул залкар эпосунун үзүндүлөрү орусиялык чыгыш таануучулар, теги казак Чокон Чыңгыз уулу Валиханов (1835–1865) жана, бир аз жылдардан соң, теги немис Вилгелм Радлофф (Василий Радлов; Fridriсh Wilhelm Radloff; 1837–1918) тарабынан алардын Теңир-Тоого жасаган тынч илимий сапарлары маалында жазылып алынгандыгын дурус чагылдырышат.

Бирок, адатта, бул учурдун тарыхый кыртышын карапайым окурмандар байкоос ала беришпейт.

Дал ушул жылдар падышалык Орусия Түндүк Кыргызстанды аскер күчү менен каратып алып жаткан учур эле.

Саясаты Турдакун Усубалиев Кыргызстан Компартиясын жана ал аркылуу Кыргызстанды бийлеп жаткан маалда, 1960-жылдардын башында, Кыргызстан өз ыктыяры менен падышалык Орусияга баш кошкон деген жоромолду (албетте, ал кездеги Кремлге жаккан түшүнүктү) кыргыз тарыхнаамасына расмий түрдө таңуулаган.

Ал түгүл академик Бегимаалы Жамгырчиновдун мурда чыккан илимий монографиясын (айрым кошумчалар менен) жаңы аталышта кайра жарыялатышкан.

Кыргызстандын эгемендик доорунда гана Кыргызстандын түштүгү гана эмес, түндүгү да 1855–1868-жылдардын аралыгында Орусия тарабынан басып алынгандыгы жөнүндөгү илимий тыянак ачык жарыялана баштады.

(Караңыз: Өмүрбектегин Т.Н., Чоротегин Т.К. Түндүк Кыргызстандын Орусияга каратылышы. - Бишкек: "Учкун" концерни, 1992. )

Эми бардыгы ордуна келди: Түндүк Кыргызстандын өкүлдөрү (анын ичинде Шабдан Жантай уулу да) падышалык оторчул баскынчы аскерлерге каршы күрөш маалындагы 1860-жылдын 19–21-октябрындагы Узун-Агач салгылашуусуна эгемен Кокон хандыгы тарабында салгылашкан.

Падышалык баскынчылар Бишкек (Пишпек) чебин 1860- жана 1862-жылдары эки жолу кыйратууга аргасыз болушкан.

Үмөтаалы Ормон уулу, Осмон датка Тайлак баатыр уулу сыяктуу кыргыз бийлери оруссиялык баскынчы аскерлерге каршы куралдуу күрөш жүргүзүшүп, Чыгыш Теңир-Тоо менен Чыгыш Памирдеги Жакыпбек бадөөлөттүн мамлекетине чейин чегинүүгө аргасыз болушкан.

Орус баскынчылыгына каршы чыккан бугу баатыры Балбай Эшкожо уулу Текесте кармалып, 1867-жылы Верный шаарында абакта өлгөн.

Ал эми солто бийи Жангарач Эшкожо уулу (1801–1864) өз тарапташтары менен бирге 1864-жылы Чүйдөн Талас өрөөнүнө ооп кетүүгө мажбур болгон. 1863–1865-жылдары Кокон хандыгын Малла хандын 12 жашар уулу Султан Сейиттин атынан аталык катары башкарган жана Ташкен шаарын орус оторчуларынан коргоодо зор салым кошкон Алымкул лашкер башы Асан бий уулу (1831—1865) Талас жана Аксыдагы кыргыздарга зор таасир тийгизген. Алымкул өзү кийин “бадөөлөт” даражасын алып алып, өз мамлекетин түзгөн колбашчы Жакыпбекти Кашкар шаарына Чыгыш Теңир-Тоодогу эгемендик күрөшүн колдоого аттандырган.

Падышалык орусиялык аскер кызматкери Чокон Валиханов 1856- жана 1857-жылдары Ысык-Көл аймагында жана ага чектеш аймактарда иш сапарда болгон учурда (ал кезде Чүй өрөөнү падышалык оторчуларга карай элек болчу) кыргыз айылдарын орус жоокерлеринин коштоосунда кыдыргандыгы жашыруун деле эмес, бирок көңүл бурууга арзыган жагдай.

Вилгелм Радлофф (Василий Васильевич Радлов), немис тектүү орусиялык түрколог, академик.
Вилгелм Радлофф (Василий Васильевич Радлов), немис тектүү орусиялык түрколог, академик.

Ал эми Вилгелм Радлофф (Василий Радлов) болсо кыргыздардан өзү жазып чогулткан тексттер тууралуу мындайча маалымат берген: “Тексттерди мен төмөнкү жайларда чогултуп алдым: 1) 1862-жылы Текес дарыясынын (өрөөнүндө) бугу уруусундагылардан; 2) 1869-жылы Ысык-Көлдөн батышыраакта сарыбагыш уруусундагылардан жана Токмок шаарынан түштүгүрөөктө жана чыгышыраакта солто уруусундагылардан (жазып алдым”).

(“Тексты собраны мною в следующих пунктах: 1) в 1862 году на реке Текесе у племени Бугу. 2) в 1869 году к западу от Иссык-Куля у племени Сары-Багыш и к югу и востоку от города Токмока у племени Солто”).

Ысык-Көл кыргыздары Текес аймагына өздөрүнүн жайыты катары ээн-эркин көчүп конуп турушкан. Ички Теңир-Тоонун жана Алайдын кыргыздары Кашкар аймагына да ээн-эркин каттап келишкен.

Ал эми 1864-жылы 7-октябрда падышалык Орусия менен цин-манчжурдук Кытай айтылуу Чугучак (Тарбагатай) келишимине кол коюшуп, Борбордук жана Ички Азиядагы өз чек аралары тууралуу “тактап алышкан” кезде, чын-чынында, падышалык Орусия Түндүк Кыргызстанды толук каратып ала элек болчу, ал эми Чыгыш Түркстандагы Текес, Кашкар, Жаркен жана башка бир катар аймактар цин-манчжур бийлигин тааныбастан, Кытайдан өз алдынча эгемен мамлекетке баш ийип турушкан.

Демек, 1864-жылдагы бул келишим 1938-жылдын 23-августундагы Молотов-Риббентроп пактынын жашыруун пртоколундай эле (анда нацисттик Германия менен сталиндик СССР эгемен Полшаны жана башка бир катар өлкөлөрдү өз карамагына алуу тууралуу бири-бирине “макулдук” беришкен), “өлө элек аюунун терисин бөлүштүрүүгө” тете иш болгон.

Кулжа аймагы (анын ичинде Текес өрөөнү) Кытайдан көз каранды эмес болуп калган чакта, 1871-жылга чейин падышалык Орусия четте байкап турган.

Кашкардагы Жакып бек бадөөлөт Борбордук Азиядагы “Чоң оюнда” Орусия менен атаандаш болгон Улуу Британияга жана Осмон султандыгына кызматташтык үчүн кайрыла баштаган чакта, орусиялык бийликтер өз аскерин Кулжага, Или дарыясынын жогорку агымына киргизүүнү чечкен. Орус бийликтери муну борбордук Кытай бул аймакты колдон чыгарган учурдагы убактылуу чара катары сыпаттаган.

Санкт-Петербурга бул жаатта ак сарайда ички күрөш да жүргөн. Айрым орусиялык саясатчылар Кулжаны кийинчерээк кайра Кытайга кайтарып берген чакта да, Иле өрөөнүнүн бир бөлүгүн (азыркы Казакстандын Алматы облусундагы Уйнур, Райымбек жана Панфилов райоондорунун аймактарын) жана Кулжанын батышындагы Текес аймагын Орусиянын карамагында калтыра берүү керек деп чыгышкан (КЭРде калган тоолуу Текес өрөөнүндө азыр да кыргыздар байырлашат).

Кытайдын Шанси жана Гансу аймактарындагы дунгандардын ири көтөрүлүшү да алгач Мухаммед Жакыпбек бадөөлөттүн (1820—1877) мамлекетин чыңдоого өбөлгө түзгөн. Акыры көтөрүлүшчү дунгандар да, Жакыпбек бадөөлөт түзгөн Жети-шаар мамлекети да 1877-жылы цин-манчжур аскерлери тарабынан кыйратылган соң, бир катар көтөрүлүшчүлөр (дунгандар, уйгурлар, сарт калмактар) Түндүк Кыргызстан менен Түштүк-Чыгыш Казакстанга кире качууга аргасыз болушкан.

Андан кийин бир катар сүйлөшүүлөрдөн соң падышалык Орусия цин-манчжур Кытай бийлигине жеңилдикке барып, Текес аймагына ээлик кылуу оюнан баш тарткан.

1881-жылы 12-февралда Кытай менен Орусия Кулжа жаатындагы экинчи петербург келишимине кол койгон. Текес аймагы Кытайда калып, ал үчүн Орусия Кытайдан акчалай төлөм алган жана соода-сатыкта өзү үчүн жагымдуу шартты камсыз кылууга жетишкен.

Ошентип, болочокку академик Вилгелм Радлоффтун (Радловдун) Текеске илимий саякаты Чыгыш Түркстандагы эгемендик согуш жана оторчулардын өз ара тирешүүлөрү маалында жүргүзүлгөндүгү жана эмне үчүн аны аскерлер коштоп келгендиги түшүнүктүү.

Албетте, Ч.Валиханов менен В.Радлоффтун заманбап түркология жана манас таануу тармактарына киргизген илимий салымдары – опол тоодой.

Бул салымдарды жогору баалоо алардын саякаттарын оторчулук баскынчылык жүрүмдүн тарыхы менен эриш-аркак жана калыс иликтөөгө эч кедерги болбойт.

Даректүү тасма. Фу-йү кыргыздарына профессор Виктор (Астайбек) Бутанаевдин саякаты. 2005.

Фу-йү кыргыздары Экинчи дүйнөлүк согуш маалында

Экинчи дүйнөлүк согуштагы маанилүү согуш майданы Ыраакы Чыгышта да жайгашкан.

Адатта, Экинчи дүйнөлүк согуш башталгандыгынын расмий күнү катары 1939-жылы 1-сентябрда нацисттик Германиянын эгемен Полшага басып кирген күнү айтылат.

Бирок төгөрөктүн төрт бурчундагы согуш аракеттери андан да эртерээк башталган.

Бээжиндик кыргыз таануучу, профессор М. Ху Чжэнхуа, манас таануучу жапон профессору Такао Нишиваки, манас таануучу немис профессору Карл Райхл жана Ху Чжэнхуанын жубайы Фатима апа. Бээжин. Т.Ч. 22.10.2015.
Бээжиндик кыргыз таануучу, профессор М. Ху Чжэнхуа, манас таануучу жапон профессору Такао Нишиваки, манас таануучу немис профессору Карл Райхл жана Ху Чжэнхуанын жубайы Фатима апа. Бээжин. Т.Ч. 22.10.2015.

Жапония менен Кытай 1931-жылдан бери куралдуу кагылышып келишкен, 1932-жылы тарыхый Манчжурияда жапондорго көз каранды болгон Манчжу-Го (Manchukuo) “мамлекети” негизделген. Манчжурлардын мурдагы Цин сулалесинин акыркы императору Пу И мырза жапондор тарабынан Манчжу-Гонун өкүмдары катары бийликке отургузулган. Иш жүзүндө 1935-жылдын акырына карата Түндүк кытай баскынчы жапондордун көзөмөлү астында калган.

Улуттар лигасы Кытайдын Манчжурия аймагын картып алгандыгы үчүн Жапонияны бул эл аралык уюмдан чыгып кетүүгө мажбур кылган.

Жапония менен Кытайдын сегиз жылга созулган толук деңгээлдеги согуш аракеттери 1937-жылы 7-июлда башталган.

Согушчан Жапония дүйнөлүк коомчулук алдында толук багынып бергенге чейинки доордо Түндүк Кытайда ар кыл иликтөөлөр да жүзөгө ашырылган.

Маселен, 1940-жылы жапондук бир гезитте Хинган тоолорунун атырабындагы чөлкөмдө байырлап жаткан ар кыл этностор саналып өткөн макалада Фу-Йү үйөзүнүн кыргыздары саналып өткөн.

1943-жылы дарыгер Тянсун (Tiansun), Далян китепканасынан Хе Тянчиңг (He Tianqing) жана Ву Тянхао (Wu Tianhao) үч адистен турган жапон изилдөө тобу Манчжуриядагы монголдорду изилдеп жатып, Фу-Йү (Fu-Yu) жана Вужазы (Wujiazi) кыштактарында жергиликтүү кыргыздарды кезиктиришкен. (“Вужазы” сөзүнүн келип чыгышы жергиликтүү кыргызча “бес иб” (“беш үй”), б.а. “беш бүлө” деген сөзгө такалат жана кыштактагы кыргыздар чакан беш уруктан таркагандар, делет).

Даректүү тасма. Фу-йү кыргыз айымы өз эне тилинде ырдап жатат.

1944-жылы июлда жапон илимпозу Масато Сухара (жапончо 栖原正人, ханзуча Чи Йүан Чженжен / Цзиюань Чжэнжэнь, Qiu Yuan Zhengren) мырза Вужазы кыштагына келип, мындагы кыргыздарды изилдеген. Ал өзүнө чейин эле кыргыздар тууралуу маалымат берген жапон изилдөөчүлөрүнө шилтеме кылып, 1945-жылы май айында “Кыргыздарга саякат” деген аталыштагы макаласын жарыялаган.

Кошумчалай кетсек, жапон баскынчылыгы маалында фу-йү кыргыздары башка жергиликтүү калктар сыяктуу эле өзгөчө катаал шартта жашашкандыгы алардын айрым кийинки эскерүүлөрүндө чагылдырылган. Демек, фу-йү кыргыздары тууралуу илимий ачылыш алар кандай шартта жашап жатышкан учурда жүзөгө ашырылгандыгын да эскерте кетели.

1945-жылы 8-майда нацисттик Германия шартсыз жеңилгендиги тууралуу келишимге кол койгон соң, согушчан Жапония Ыраакы Чыгыштагы Квантун армиясын кайрадан чыңдай баштады.

9-августта, АКШ учагы Нагасаки шаарына өзөктүк бомба таштаган күнү, Кызыл армия жапондук Квантун армиясына каршы “Манчжур аскер амалдарын” баштады.

14-августта жапон императору Хирохито антижапондук эл аралык ынтымакка өзүнүн жеңилгендиги тууралуу жарыялады. 16-августта Квантун армиясынын колбашчысы, генерал Ямадо Отодзо өз аскерлерине буйрук берип, аларды багынып берүүгө чакырган.

Бирок айрым жапон дивизиялары бурукка баш ийбестен, дагы он чакты күн бою кырчылдаша салгылашууларын уланткандыгы, акыры 600 миңдей жапон жоокери Кызыл армияга туткунга түшкөндүгү маалым. (Айрым жапон туткундары Кыргызстанда да оор курулуштарда иштешкен деген маалымат айтылып келет).

Айтор, 1945-жылдын августундагы ийгиликтүү аяктаган Манчжур чабуулдарынын натыйжасында Советтер Биримдиги бир жылдан ашуун убакытка тарыхый Манчжурияны толук көзөмөлдөп калды.

Дал ушул маалда Кызыл армиянын катарында кызмат өтөп жаткан бир кыргыз жоокери манчжуриялык жергиликтүү чакан калктардын ичинен өздөрүн “кыргыз” деп атаган этностун өкүлдөрү бар экендигин советтик аскер жетекчилигине кабардаган делет.

Германдык кыргыз таануучу, профессор Гундула Салк менен КЭРдеги белдүү кыргыз таануучу Мамбеттурду Мамбетакун 1997-жылы май айында КЭРдин Хэйлуңжаң вилайетине (тарыхый Манчжурияга) илимий саякатка барышып, андагы фу-йү кыргыздары менен жолугушкан жана Харбин шаарында Кыргыз улутун изилдөө борборунда (жетекчиси Ву Жаңжу (У Цзянчжу; Wu Zhanzhu) сакталган олуттуу фолклордук жана архивдик маалыматтарды изилдешкен.

Солдон оңго: кытайлык кыргыз илимпозу Мамбеттурду Мамбетакун, немис кыргыз таануучусу Гундула Салк жана Гүлсайра Йасын (Мамбеттурдунун жубайы). 1996-жыл. Үрүмччү, КЭР. Gundula Salk, a German Turkologist, with her Kyrgyz friends in China (She is in the center). 1996.
Солдон оңго: кытайлык кыргыз илимпозу Мамбеттурду Мамбетакун, немис кыргыз таануучусу Гундула Салк жана Гүлсайра Йасын (Мамбеттурдунун жубайы). 1996-жыл. Үрүмччү, КЭР. Gundula Salk, a German Turkologist, with her Kyrgyz friends in China (She is in the center). 1996.

Гундула Салк айым менен Мамбеттурду Мамбетакун мырзага 1997-жылы май айында жолуккан теги фуйү кыргыз болгон Ма Вейшин (Ma Weixin) мындай деп айткан:

“1945-жылы Советтик Кызыл Армия Хэйлунжаңга кирген. Бул аскерлердин ичинде кыргыз жоокерлери да болгон. Алар Вужазыга келгенде, өздөрү жергиликтүү калктын (тилин) түшүнө алышканын байкашкан. Абдан таң калган жоокерлер алардан ким экенин сурашса, беркилер өздөрүнүн “кыргыз” экендиктерин айтышкан. Бул кызыктуу окуяга аң-таң болгон алиги жоокерлер (советтик) штабга кабарлашкан. Андан кийин бул маалыматты Советтик Кызыл Армиянын (колбашчылары) кытайлык аткаминерлерге кабардар кылышкан. Ошол себептүү алар коомчулукта өздөрүнүн (монгол тилдүү) өлөт тегиндеги коңшуларындай монгол тегинде деп саналбастан, “кыргыз” деп таанылып калышкан”. (Гундула Салк менен М.Мамбетакундун калемдешип жазылган англисче эмгегинен. – 55-б.).

Атаганат, мурдагы КГБнын Ыраакы Чыгыштагы жана Маскөөдөгү архивдери ачылып калса, анда 1945-жылдагы бул советтик кыргыз жоокерлеринин ысымдары деле илим чөйрөсүнө дайын болуп калгысы бардыр.

Айтор, Кызыл армиядагы кыргыз жоокерлеринин Манчжуриядагы кыргыздар жаатындагы бул маалыматы тууралуу СССРде алгачкы жолу фу-йү кыргыздары тууралуу олуттуу макала жазган Эдгам Тенишев агайыбыз жана кыргызстандык окумуштуулар 1945–60-жылдары эч билген эмес.

Биз чакан макалабызда КЭРдеги Йу Йифу, Мухаммед Ху Чжэнхуа сыяктуу даңазалуу изилдөөчүлөрдүн Манчжуриядагы фу-йү кыргыздары тууралуу 1950-жылдардагы жана кийинки иликтөөлөрү тууралуу кеңири сөз кылып отурбайбыз.

Кытайлык бул жана башка илимпоздордун фу-йү кыргыздарын изилдөөдөгү орчун салымдары жана фу-йү кыргыздары жөнүндө Э.Тенишев, Ги Имар, Ян Янхунен, Гэ Жойү (Ge Ruoyu), Сергей Скобелев, Чжан Тайсян, Гундула Салк, Мамбеттурду Мамбетакун, Ву Жаңжу (Wu Zhanzhu), Ю Сюэбин (Yu Xuebin), Виктор Бутанаев, Михаил Чертыков, Абылабек Асанканов, Олжобай Каратаев, Азиза Турдуева, Чолпон Субакожоева, Гүлзада Абдалиева, Кадыралы Конкобаев, ж.б. изилдөөчүлөр өз эмгектеринде эскеришкенин кошумчалай кетелик.

КЭРдин Хейлуңжан вилайетиндеги Фу-йу кыргыздарынын өкүлү Ву Жаңжу (оңдо), бээжиндик кыргыз таануучу профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа жана тарыхчы Т.Чоротегин кыргыздардын экинчи дүйнөлүк курултайы маалында. Чолпон-Ата шаары. 30.8.2002.
КЭРдин Хейлуңжан вилайетиндеги Фу-йу кыргыздарынын өкүлү Ву Жаңжу (оңдо), бээжиндик кыргыз таануучу профессор Мухаммед Ху Чжэнхуа жана тарыхчы Т.Чоротегин кыргыздардын экинчи дүйнөлүк курултайы маалында. Чолпон-Ата шаары. 30.8.2002.

Соңку сөз

Чыгыш таануудагы, кыргыз таануудагы жана жалпы эле адамзат тарыхынын тарыхнаамасындагы бир катар орчун ачылыштар эки тараптуу, чөлкөмдүк жана дүйнөлүк согуштардын маалында же анын натыйжасында түзүлгөн кырдаалда жүзөгө ашырылган.

Бул ачылыштарга баа берип жатып, алардын тарыхый кыртышын да баяндай кетүү иликтөөдөгү калыстыкка жатат.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG