Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:16

Изабеков: Дагы он балбан кызды даярдашым керек


Нурбек Изабеков балбан Айсулуу Тыныбекова менен Дүйнө чемпионатында жеңишти багындыргандан кийинки мүнөттөрдө. Нур-Султан шаары, Казакстан. 20-сентябрь, 2019-жыл.
Нурбек Изабеков балбан Айсулуу Тыныбекова менен Дүйнө чемпионатында жеңишти багындыргандан кийинки мүнөттөрдө. Нур-Султан шаары, Казакстан. 20-сентябрь, 2019-жыл.

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунда эки алтын, бир коло байге утуп алды.

Балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын медаль тагынса, Айпери Медет кызы коло медалга ээ болду.

Дүйнө кубогуна кыз-келиндер күрөшүнөн төрт кыз катышты. Алар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова жана Нураида Анаркулова.

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков "Азаттыкка" маек куруп, сүйүнүчү менен бөлүштү.

- Нурбек агай саламатсызбы? Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын Дүйнө кубогундагы жеңиши менен куттуктайбыз. Кыздарыбыз мыкты чеберчилик көрсөтүштү. Мелдештин жыйынтыгы сизди канааттандырдыбы?

- Албетте канааттандырды. Анткени улуттук курама команданын аялдар күрөшү боюнча төрт спортчусу Дүйнө кубогуна катышып, төртөөнүн үчөө ийгилик жаратып, эки алтын, бир коло алып жатпайбы.

Мээрим Жуманазарова (солдон оңго), Нурбек Изабеков, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы. Дүйнө Кубогу. Белград шаары. 16-декабрь, 2020-жыл.
Мээрим Жуманазарова (солдон оңго), Нурбек Изабеков, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы. Дүйнө Кубогу. Белград шаары. 16-декабрь, 2020-жыл.

- Сизди күрөш ышкыбоздору тарыхты жаратуучу деп айтып жатышат. Кыргыз коому кыздар күрөшү тууралуу акыркы он жылда эле биле баштады окшойт. Мындай ийгилик оңой-олтоң келбесе керек?

- 2010-жылдан баштап Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасына машыктыруучу болуп эмгектене баштадым. Ошол кезде Кыргызстандын аялдар күрөшү өтө төмөн деңгээлде болчу. Реформаларды жасап, башка деңгээлге чыгаруу үчүн аябагандай көп мээнет жумшаганбыз десем болот. Көп кыйынчылыктарды көрдүк. Машыгууларга убакыт кетти. Ар кандай жараат алдык. Утулуп, ыза тарткан учурлар баштан өттү. Мен ушул 10 жыл аралыгында биз туура жана үзүрлүү эмгектин арты менен ушул ийгиликтерге жеттик деп ойлойм.

- Реформа деп калдыңыз, 10 жыл аралыгында кыз-келиндер күрөшүндө кандай өзгөрүүлөр жасалды?

- Реформа бул - түп-тамырынан бери машыгуу процесстерин, спортчуну физикалык жана психикалык жаткан даярдоо. Биз Кыз-келиндер федерациясын кайрадан түптөп, анын ар бир мүчөсү өз жумушун так жана толук аткаргандай шарт түзүп, анан жумушту баштаганбыз.

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков (ортодо) Айсулуунун күрөшү учурунда. Нур-Султан, Казакстан. 19-сентябрь, 2020-жыл.
Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков (ортодо) Айсулуунун күрөшү учурунда. Нур-Султан, Казакстан. 19-сентябрь, 2020-жыл.

- Кыз-келиндер күрөшүнө коомчулуктун көз карашын өзгөрдүбү?

- Албетте, кыз-келиндер күрөшүнө коомчулуктун көз карашын өзгөрттүм деп ишенимдүү айта алам. Себеби, 10 жыл мурда, кыздарга, аялзатына коомдо көз караш, мамиле башкача болчу. Бүгүн кыздардын спортко катышуусуна коомдун мамилеси өзгөрдү.

- Алдыда дагы кандай максаттарыңыз бар?

- Кудай буйруса, 10 салмактагы 10 жакшы кызды даярдасак деп үмүт кылып турабыз. Күрөштө негизи 10 салмактык бөлүк бар. 10 салмакта 10 спортчу болушу керек. Дүйнө Кубогуна же башка мелдештерге катышканда 10 салмактан тең упай топтолуп, ошонун негизинде командалык түрдө кайсы орунду, кайсы мамлекет ээлегени аныкталат.

Тилекке каршы, бул Дүйнө кубогуна биздин төрт гана спортчубуз катышып, эки алтын, бир коло жеңип алсак да, калган алты салмакта спортчуларыбыз жок. Ошол себептүү эч кандай орун албай калдык жана Кыргызстандын кыз-келиндер курамасынын командалык жогорку баскычка жеткенге мүмкүнчүлүгү өтө аз.

- Мындан үч-төрт жыл мурда мелдештерге Айсулуу жалгыз катышып, байге утуп келчү. Азыр Айсулуунун жолун Мээрим менен Айпери улап баратат. Кыз-келиндер күрөшүндө жаңы муун пайда болду деп айтсак болобу?

- Албетте. Айсулуунун жашы башка кыздардан улуураак, 27де. Ал эми Айпери менен Мээрим 21 жашта. Айсулуудан кийинки муун келип, ийгиликтерди жарата баштады десем болот. Мээрим менен Айпериден кийин келген 17-18 жаштагы кыздарыбыз дагы ийгилик жаратууга үлгүрүштү. Алар дагы Азия жана дүйнөлүк чемпионаттарда өздөрүн көрсөтүп жатат. Ал кыздарды да биз улуттук курама командага коштук. Келечекте ошол кыздардан үмүтүбүз чоң.

Маегиңиз үчүн чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG