Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:23

Жикчилдер Путиндин чакырыгына көндү


Орусиялык жикчилдер Донецк облусунда.
Орусиялык жикчилдер Донецк облусунда.

Орус президенти Путиндин чакырыгынан кийин Украинанын чыгышындагы жикчилдер алардын курчоосунда калган калган украин аскерлерине “коридорду” шарт менен берүүгө макул болушту.

Расмий Киев муну жикчилдер Кремл тарабынан көзөмөлдөнүп жаткандыгынын ачык далили катары баалады.

Орус президенти жумага караган түнү Кремлдин сайтында жарыяланган кайрылууда ал “Новороссия” деп атаган аймактагы жикчилдерди курчоодо калган украин аскерлери аман-эсен чыгып кетиши үчүн “гуманитардык коридор” берүүгө үндөгөн эле.

Бул кайрылуудан көп өтпөй эле жикчилдердин жолбашчыларынын бири, өзүн “Донецк элдик республикасынын премьер-министри” деп жарыялаган Александр Захарченко украин аскерлерине “коридорду” шарт менен берүүгө макул болушканын айтып чыкты:

- Бизге моралдык колдоо көргөзүп жаткан өлкөнүн президенти катары Владимир Путинди урматоо менен камалып калган украин бөлүктөрүнө гуманитардык коридор берүүгө даярбыз. Бирок алар оор техникасын жана ок-дарысын бизге калтырышы шарт. Ал курал - жарак жана ок-дары бизге каршы колдонулбашы керек.

Орус президентинин “гуманитардык коридор” боюнча кайрылуусу расмий Киев кечээ чек арадагы Новоазовск шаарчасын “орус аскерлери” ээлегенин ырастап, Москваны Украинанын чыгышына аскер киргизгени үчүн айыптагандан кийин чыгып олтурат. Новоазовск шаарчасынын ээлениши Орусия балким андан 45 чакырым алыстыктагы порттук шаар Мариуполду алууну да пландап жатабы деген кооптонууларды жаратты. Кара деңиз жээгиндеги Мариуполду көзөмөлдөө Крымга кургактан жол ачат.

Орус президенти жикчилдерге багытталган кайрылуусунда айтып жаткан “Новороссия” Украинанын түштүк - чыгышынын падышалык доордогу аталышы.

Кокус Орусия азыр жикчилдер колунда турган Донецктен тартып, батышты көздөй Молдованын жикчил жана орусиячыл аймагы Приднестровьени көзөмөлгө алса, ал мартта аннексиялаган Крымга кургактан кире алат. Украина Крымдан биротоло кесилет.

Украин бийликтери Орусиянын аскер киргизүүсү менен өлкө чыгышында кырдаал курчуп кетти деп ырасташууда. Президент Порошенко дүйнө өлкөлөрүн бул көрүнүшкө баа берүүгө чакырган эле. Соңку кырдаал БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынында талкууланды. Анда Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Орусиянын аракеттерин кескин айыпташты.

АКШ президенти Барак Обама кечээ Ак үйдөн сүйлөп жатып:

- Кандайдыр бир күмөн саноолор болгон күндө да биз азыр Орусия Украинанын чыгышындагы кыянатчылыктар үчүн жоопкер экендиги боюнча бир пикирдебиз. Орусия кыянатчылыктарга шыкак берип, жикчилдерди курал менен жабдып, аларды машыктырып, каржылоодо. Орусия Украинанын суверенитети менен аймактык бүтүндүгүн бир нече жолу атайлап туруп эле бузду. Орус аскерлеринин Украинанын ичинде жүргөнү боюнча жаңы сүрөттөр муну дүйнөгө айкын кылды. Биз украин проблемасын чечүү үчүн аскерий чараны айткан жокпуз. Биздин жасап жатканыбыз - эл аралык коомчулукту Орусияга кысым көргөзүү үчүн мобилизациялоо.

Обама Орусия Батыштын ага каршы киргизген санкцияларынын кедергисин сезип жатканын, Москва “кансыз согуш” доорунан берки эң күчтүү изоляцияга кабылганын кошумчалады.

Санкцияларга жооп кылып, Орусия Батыш мамлекеттеринен тамак-аш жана азык –түлүк сатып алууга эмбарго койгон болчу.

Немис канцлери Ангела Меркелдин айтымында, Орусияга каршы санкцияларды күчөтүү маселеси Еврошаркеттин 31-августагы жыйынында каралат.

“Донецк Элдик республикасынын премьер-министри” Александр Захарченко кечээ жикчилдердин катарында көптөгөн орусиялыктар, анын ичинде эмгек өргүүсүнүн эсебинен келген аскер кызматчылары да согушуп жатканын ырастаган.

Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин Коопсуздук кеңешинин өткөн түнкү отурумунда жикчилдер арасында орусиялыктар бардыгын төгүндөгөн жок, бирок аларды “ыктыярчылар” деп атады.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров 29-августта алар Украинага аскер киргизгени боюнча айыптоолорду куру доомат катары четке какты:

- Түрдүү жоромолдорду биринчи эле жолу угуп жатканыбыз жок. Бирок бизге бир дагы жолу факт беришпеди, кол салуу боюнча да. Мага Украинада болуп жаткан бардык нерселер боюнча фактыларды жашыруу биринчи кезекте АКШга, бир катар европалык өлкөлөргө мүнөздүү көрүнүштөй сезилет.

Украинанын өзүндө Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши кечээ окуялардан кийин милдетти аскерий кызмат өтөө тартибин калыбына келтирүүнү чечти. Премьер-министр Арсений Яценюк өкмөт өлкөнү НАТОго мүчө кылуу багытында иш жүргүзөрүн жарыялады.

Бириккен улуттар уюмунун соңку эсебине караганда, быйыл апрелде Донецк менен Луганскта украин күчтөрү менен жикчилдер ортосунда уруш башталгандан бери 2600гө жакын кишинин өмүрү кыйылды.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG