Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

ЕБ миграциядагы аткезчиликке аскерий чара көрөт


Мигранттарды куткаруу операциясы учурунда аялдар кайыкта отурушат. Жер ортолук деңизиндеги Сицилиянын жээги. 3-май, 2015-жыл
Мигранттарды куткаруу операциясы учурунда аялдар кайыкта отурушат. Жер ортолук деңизиндеги Сицилиянын жээги. 3-май, 2015-жыл

Еврошаркет мигранттарды Жер ортолук деңизи аркылуу аткезчилик жол менен ташыгандарга каршы аскерий чара колдонууну көздөөдө. Бул үчүн атайы аскер –деңиз миссиясын түзүүнү биримдиктин өлкөлөрү кечээги жыйынында макулдашты.

Мындай чечим Евробиримдик Түндүк Африкадан мыйзамсыз мигранттардын буга чейин болуп көрбөгөн агымына кабылып, алардын жүздөгөндөрү деңизде чөгүп жаткан учурда кабыл алынууда.

Мигранттарды Түндүк Африкадан Евробиримдикке аткезчилик жол менен ташыган бандиттик топторго каршы Жер ортолук деңизинде атайын аскер-деңиз миссиясын түзүү маселеси Тышкы иштер жана Коргоо министрлеринин жыйынында макулдашылды.

Биримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерининин айтымында, Брюсселдеги жыйында кабыл алынган чечим адам аткезчилиги менен алектенгендердин “Жер ортолук деңизиндеги бизнес моделин жана аткезчилик түйүнүн бузууга жардам бериши” керек:

Федерика Могерини. Брюссель, 13-май, 2015-жыл
Федерика Могерини. Брюссель, 13-май, 2015-жыл

- Мамлекет жана өкмөт башчылары аткезчилик менен алектенген уюмдардын бизнес моделин эл аралык мыйзамдын нормаларына ылайык талкалоо боюнча бирдиктүү коргонуу жана коопсуздук саясатын даярдоону өткөн айда менден суранышкан. Ошондон бир айдан кийин биз бүгүн антикризисттик башкаруу концепциясын жана баш кеңсеси Римде жайгашуучу операцияны негиздөө жөнүндө чечим кабыл алдык.

Расмий өкүлдөр билдиришкендей, Еврошаркеттин максаты - аткезчилерди кармап, алардын Ливиянын жээгиндеги кайыктарын талкалоо.

Анткени, акыркы кездери Ливия эле эмес, Сирия, Эритрея, Сомалидеги жакырчылыктан жана согуштан улам Европаны көздөй бет алган мигранттар агымы кескин көбөйдү.

Ал эми адам аткезчилиги менен алектенгендер мигранттарды мыйзамсыз ташууну акча табуунун булагына айлантууда. Алар бул үчүн адам салууга ылайыксыз кайыктарды колдонуп жатат.

Еврокомиссиянын эсебинде, өткөн жылы, маселен Евробиримдиктин өлкөлөрүнө качкын макамын берүүнү өтүнүп 600 миңдей чет элдик кайрылган.

Ал эми быйыл, БУУнун Качкындар иши боюнча комиссариатынын маалыматына караганда, Түндүк Африкадан эле Жер ортолук деңизи аркылуу Евробиримдиктин чек арасына 51 миң мигрант кирди. Алардын 30,5 миңи Италиянын жээктерине келип түштү. Ал эми 1800дөй мигрант Европага жетпей деңизде чөгүп кетти.

Жер ортолук деңизиндеги куткаруу операциясы
Жер ортолук деңизиндеги куткаруу операциясы

Өткөн айда бир эле учурда Ливиядан келе жаткан 800дөй мигранттын өмүрү кыйылгандан кийин Брюсселдеги чукул саммитте аткезчилердин кайыктарын алар колдонгонго чейин таап, аныктап, жок кылуу чечими кабыл алынган.

Биримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини белгилегендей, алар эми операция бир ай ичинде башталат деп күтүүдө:

- Биз тышкы иштер министрлеринин июндагы келерки жыйынында операцияны баштоого даяр болобуз деп үмүттөнүп жатабыз. Муну утурлай алдыдагы апталарда операциянын командачысы сунуштарды эске алып, даярдык иштерин жүргүзүүсү абзел.

Эл ташууга жарамсыз кайыктар менен келе жаткан мигранттар чөгүп кеткен учурлар көбөйгөнүнө байланыштуу өткөн айда Евробиримдик деңизде куткаруу-издөө иштери менен алектенген көзөмөл миссиясын каржылоону үч эсеге көбөйткөн болчу.

Ал эми аткезчилерге каршы операция үчүн Евробиримдик БУУнун Коопсуздук кеңешинен атайын резолюция менен мандат алууну көздөөдө. Анткени, БУУнун мандатысыз Еробиримдиктин кемелери азыр борбордук өкмөтү жок Ливиянын аймактык сууларына кирип, анын жээгиндеги кайыктарды жок кыла албайт.

Брюссель БУУнун Коопсуздук кеңеши анын европалык мүчөлөрү -Британия, Франция, Испания, Литва даярдаган резолюция долбоорун колдойт деп күтүүдө.

Бул аралыкта адам укугун коргоочу уюмдар Евробиримдиктин кризиске жооп чаралары Ливия сындуу өлкөлөрдөн чыгып жаткан мигранттардын ансыз деле өтө оор абалын дагы күчөтүп, мүмкүнчүлүгүн чектерин эскертип жатат.

БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун көйгөй аскерий ыкма менен чечилбесин айтып, европалык лидерлерди мигранттар агымынын түпкү себептерине көңүл бурган комплекстүү чара көрүүгө чакырды.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG