Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:51

БООМДО ҮРКҮН КУРМАНДЫКТАРЫНА АРНАЛГАН АЙКЕЛ ТУРГУЗУЛДУ


Бүгүн Кемин районундагы Боом капчыгайына кире бериште 1916-жылы Үркүндө шейит кеткендерге арналып тургузулган айкелдин салтанаттуу ачылышы болду. Айкел Бишкектеги үй куруучулар жамаатынын 250 миң сом каражатына курулган.

1916-жылкы Үркүндө шейит кеткендерди эскерүү максатында тургузулган эстеликти ачууга Президент кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, маданият министри Султан Раев баштаган бир топ расмий жетекчилер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын чет жакасындагы 43 жаңы конуштун тургундары жана жергиликтүү эл катышты. Эстеликти ачуу Үркүндө шейит кеткендердин арбагына багышталган куран окуу менен коштолду.

Маданият министри Султан Раевдин сөзү боюнча 1916-жылкы Үркүндү эскерүү жана анын 100 жылдыгына даярдануу боюнча мамлекет башчысы атайын программага кол койгон:

-Бул программага ылайык Үркүндүн 100 жылдыгына чейин Ысыккөлдө жана Бишкекте улуттук ири тарыхый-мемориалдык комплекстер курулат. Үркүнгө байланыштуу искусство жаатында 1916-жылдын кайгылуу окуясын чагылдырган фильмдерди тартуу, спектаклдерди жаратуу жана китептерди жазуу боюнча аракеттер көрүлөт.

Эстеликке жумшалган 250 миң сом каражат Бишкек шаарынын чет жакасындагы жаңы конуштардын жашоочулары тарабынан чогулган. Бишкек шаардык коомдук мамлекеттик курулуш башкармалыгынын жетекчиси жана эстеликти тургузуунун негизги демилгечилеринин бири Бейшенбек Абдразаковдун айтуусунда, Боом капчыгайынын кире беришине Үркүндүн курмандыктарын эскерүү үчүн айкел гана тургузуу менен чектелбестен, бул жерге тарыхый-этнографиялык комплекс куруу максатташтырылууда.

Үркүндө шейит кеткендерди эскерип, мындан он беш жыл мурда эле Үркүндө эл качкан жол менен “Өмүр көчү” деп аталган жөө жүрүш жасаган демократиячыл уюмдардын бири “Ашар” козголушунун ошол кездеги жетекчилеринин бири Жыпар Жекшеев 25-августту Үркүндө шейит кеткендерди эскерүү күнү катары календарга киргизүүнү кыргыз бийлиги колго алууга тийиш деген оюн билдирди:

-Бул күн биздин улуттук трагедия болгон Үркүндү эскерүү күнү катары календарга киргизилүүгө тийиш. Бизди жана биздин кийинки муунду ошол эскерүү күнү тарбиялайт. 1916-жылы шейит кеткен ата-бабаларыбызды жана бул улуттук трагедияны урпактар унутпашы керек.

Айкелди ачуу менен бирге эстеликти тургузуунун демилгечилери болгон Үй куруучулар партиясы жана “Ашар” козголушу коомдук уюму 25-августту жыл сайын 1916-жылкы Үркүндү жана анда шейит кеткендерди эскерүү күнү деп кабыл алууну, мындан ары Үркүндө каза болгон адамдардын санын мурда айтылып келгендей 300 миң деп эмес, бир миллиондон ашуун деп окуу программаларына жана башка тарыхый булактарга киргизүүнү, Үркүн жана анын себеби тууралуу орто мектептерде жана жогорку окуу жайларынын окуу программаларына кайра киргизилип, туура окутууну талап кылган кайрылуу кабыл алышты.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG