Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:41

Оштогу “Жээнбеков” базарынын ээси үй камагына чыкты


Ош-Кара-Суу-базары.
Ош-Кара-Суу-базары.

Ош шаардык соту 19-мартта Кара-Суу базарындагы “Жээнбеков” деген базардын директору Кенжекан Жээнбекованы үй камагына чыгарганы белгилүү болду. Анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген.

Атайын кызмат ишкерлерден мыйзамсыз акча чогултуу фактысы боюнча Кенжекан Жээнбекова кармалганын 26-январда билдирген. Мекеме ал “соодагерлерди контейнерди бузуп салам деп коркутуп ижарачылардан жыл сайын мыйзамсыз 5 миңден 10 миң долларга чейин акча талап кылганы” аныкталганын кабарлаган.

Үйүн тинтүүдө 135 миң 600 доллар, 1 млн 113 миң сом акча, алтын буюмдар (сөйкө, шакек), салмагы 1 кг болгон 10 даана алтын куймалары жана 2017-жылы чыгарылган “Рейндж Ровер” автоунаасы табылып алынган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 27-январда Ошто Кара-Суу базары толугу менен мамлекетке өтөрүн айтып, Кенжекан Жээнбекова ишкерлерден мыйзамсыз акча чогултуп келгенин айткан.

“Жээнбеков” базарынын ээси жана анын адвокаты бул тууралуу комментарий бере элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG