Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Согушта курман болгон 140 украин жоокеринин сөөгү мекенине кайтарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украина согушта каза болгон дагы 140 аскер кызматкеринин сөөгүн кайтарып алганын бүгүн 26-апрелде өлкөнүн Согуш туткундары боюнча координациялык штабы билдирди.

Штабдын маалыматына караганда, 112 аскер Донецк багытындагы, 20сы Луганск, бешөө Сумы жана экөө Запорожье, бирөө Харьков багытындагы кармаштарда каза болгон жоокерлер.

Алардын сөөгүн мекенине кайтарууга Эл аралык Кызыл Чырым комитети жардам бергени, тийиштүү мамлекеттик мекемелер аркылуу идентификация жүргүзүлгөндөн кийин жерге берүү үчүн жакындарына өткөрүлүп берилери маалымдалды.

12-апрелде Координациялык штаб 99 украиналыктын сөөгү жеткирилгенин билдирген.

Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына 2022-жылдын февраль айында кабылгандан бери кармашып келе жатат. Орусия да, украин бийлиги да жоготуулары тууралуу соңку маалыматын билдирбей келет. Быйыл 25-февралда Украинанын президенти Владимир Зеленский курман болгон украин аскерлери 31 миң экенин алгачкы жолу айткан, жараат алгандар жана дайынсыз жоголгондор канча экенин айта албай турганын билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG