Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Өкмөттө “чет элдик өкүл” мыйзамын аткаруу маселелери талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов 26-апрелде 50дөн ашык өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту. Анда ушул айдын башында кол коюлган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү ” мыйзамдын негизинде бейөкмөт уюмдардын иштешине байланыштуу маселелер талкууланды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы анда Байсалов “Кыргызстан өлкөдө демократиялык институттарды жана жарандык коомду өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн коммерциялык эмес уюмдардын олуттуу салымын жогору баалайт”,-деп айтканын билдирди.

“Эң негизгиси бардык укуктар жана эркиндиктер, саясий ишмердүүлүккө ачык катышууга мүмкүнчүлүктөр сакталды. Муну мамлекет башчысы бир нече жолу белгилеген. Талап кылынган бир гана нерсе - катталуу жана реестрде болуу. Бул норма дүйнөдө кеңири таралган. Иш-аракеттерге эч кандай куугунтук жана чектөөлөр болбойт. Сиздердин өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн ийгиликтүү иш-аракеттериңизге кызыкдарбыз”,-деген Байсалов.

Өкмөт тараткан маалыматта жыйындын жүрүшүндө коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү өз сунуштарын айтканы жазылган, бирок кандай сунуштар экени такталган эмес.

Өткөн айда Жогорку Кеңеш бул талаштуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган. Мыйзамда айрым жарандарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачылат, кошумча отчёттор талап кылынат.

Президент Садыр Жапаров мыйзам долбоорго 2-апрелде кол койгон жана “өкмөттүк эмес уюмдарга куугунтук болбойт” деп ишендиргенге аракет кылган.

Айрым эл аралык уюмдар, бир нече өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар, АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери мыйзамдын кабыл алынышына тынчсыздануусун билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG