Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:22

Быйылкы битир-садагадан 57,5 миллиондой сом чогулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы быйыл битир-садага бергендердин эсебинен 57,5 миллион сомго жакын акча чогулганын билдирди.

Учурда топтолгон каражат атайын комиссиянын чечими менен аймактарда, жер-жерлерде колунда жокторго, жетим-жесирлерге жана муктаждарга таратылып жатканын маалымдады.

Муфтият жыл сайын орозону утурлай зекеттин көлөмүн бекитет. Ал адатта буудай, мейиз, арпанын ошлл маалдагы орточо баасы менен өлчөнөт.

Эрежеге ылайык, зекетти алтын менен күмүштүн баасынан чыгарып берсе болот, ошондой эле малдан дагы зекет алынат.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын билдиришинче, шариятка ылайык, зекетке колундагы байлык-мүлктүн кырктан бир (40/1) бөлүгү, башкача айтканда 2,5% берилет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG