Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:34

Азия кубогуна тандоо: Кыргызстандын акыркы мүмкүнчүлүгү


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. 8-июнь, 2022-ж. Бишкек. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. 8-июнь, 2022-ж. Бишкек. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион.

Бишкекте футбол боюнча Азия кубогунун тандоо оюндары өтүүдө. Биринчи айлампадан кийин F тайпасында Тажикстан менен Кыргызстан жеңишке жетти.

8-июнда Кыргызстан Сингапурду 2:1 , Тажикстан Мьянманы 4:0 эсебинде жеңди. Аталган командалар F тайпасында Азия кубогуна жолдомо алуу үчүн ойноп жатышат. Мелдеш 14-июнга чейин созулат. Кыргыз футболчуларынын Азия кубогуна чыгууга кандай мүмкүнчүлүгү бар?

"Кыргызстан коргонуудан аксады"

Кыргызстан менен Сингапурдун беттеши. 8-июнь, 2022-жыл.
Кыргызстан менен Сингапурдун беттеши. 8-июнь, 2022-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Сингапур менен оюндан кийинки маалымат жыйынында командасы жеңишке болгон күчүн жумшаганын айтты.

“Кечээ оюн оңой болбойт деп айттым эле. Акыркы бир жарым жылда Сингапур өсүп жатат. Биздин тайпадагы күчтүү командалардын бири. Биздин жигиттер мүнөзүн көрсөттү. Жеңиш менен аларды жана күйөрмандарды куттуктайм. Алардын керемет колдоосу менен балдар болгон күчүн оюнга жумшашты. Гол киргизүүгө үч мүмкүнчүлүк болсо, анын экөө ийгиликтүү ишке ашты. Бул жеңишти бирге камсыздадык”.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын мурдагы капитаны, "Дордой" футбол клубунун башкы директору Руслан Сыдыков тандоо оюндарындагы алгачкы беттеш оор болгонун белгиледи.

"Сингапур менен болгон беттеш оор болду. Өзүбүздүн талаада ойнодук, күйөрмандар көп келип жакшы жардам берди. Оюнда биздин балдар биринчи шашып, тез гол киргизип коебуз деп аракет жасады. Тилекке каршы, командалык оюн аксады. Жекече аракеттер көп болду. Мүмкүнчүлүктөр деле көп болду башында, бирок Сингапур командасы да оңой эмес, жакшы уюшкандыкты көргөздү. Чабуулчулары да мыкты экен. Биринчи бөлүктө эки-үч учурду реализация кыла алган жок. Балдарга баа бериш керек, аягына чейин ойноп, эки гол киргизип, үч упайга жетти. Оюнда коргонуу жагынан аксады. Позицияны жоготуп, Сингапур командасына мүмкүнчүлүктү берди. Дарбазага кандай кирип кетти көрдүңөр да. Контрчабуулда биздин коргоочулар жакшы позицияны тандай албай, мүмкүнчүлүк берди",-деди Сыдыков.

"Кыргыз Спорт ТВ” телеканалынын футбол баяндамачысы Эркин Абдуллаев Кыргызстан курама командасынын потенциалы азырынча толук ачыла элек деген пикирде.

“Азияда футболдун деңгээли өсүүдө. Муну Сингапур даана көрсөттү. Ушул сыяктуу эле Мьянма дагы буга чейин ири эсепте утулуп жүргөнү менен азыр салыштырмалуу күчтүрөөк. Биздин команда дагы өстү, жаңы күч кошулуп жатат. Ошол эле Бекназ менен Эрболдун келгени. Бекназ азырынча ойной элек. 2019-жылга салыштырмалуу Кыргызстан курама командасынын курамы мындан жакшы жыйынтык берет. Эгер ошого туура келген машыктыруучу келсе. Бизде дагы жаңылануулар жаман эмес, бир топ эле жакшы”.

"Тайпа өтө деле күчтүү эмес"

Азия кубогуна жолдомо алуу үчүн алты тайпада оюн өтүп жатат. Финалдык бөлүккө тайпанын алты лидери жана экинчи орундагы беш мыкты команда чыгат. Буга чейин 13 команда финалдык бөлүккө өткөн: Сирия, Кытай, Вьетнам, Жапония, Катар, Түштүк Корея, Австралия, Иран, Сауд Арабиясы, БАЭ, Ирак, Оман, Ливан. Калган 11 команда ушул тандоо оюндарынын жыйынтыгы менен (24 команда) белгилүү болот.

8-июндагы тандоо оюндарынын биринчи беттештеринин жыйынтыгын карасак, “А” тайпасында Иордания Непалды (2:0), Индонезия Кувейтти (2:1) жеңип алды.

“B” тайпасында Палестина Монголияны 1:0 эсебинде жеңсе, Филиппин менен Йемен (0:0) тең чыкты. “С” тайпасында Өзбекстан - Шри-Ланка 3:0, Таиланд – Мальдив 3:0 болуп жыйынтыкталды. “D” тайпасында Индия менен Гонконг жеңишке жетип, 3 упай алды. Алардын атаандаштары Ооганстан жана Камбоджа. “E” тайпасында Түркмөнстан Малайзияга (1:3) утулуп калды. Бахрейн 2:0 менен Бангладешти утту.

Ал эми Кыргызстан ойноп жаткан F тайпасындагы 1-турдун жыйынтыгы тууралуу жогоруда сөз кылдык. 31-мартка карата жарыяланган ФИФА рейтингинде Кыргызстан 95, Тажикстан 114, Мьянма 152, Сингапур 158-катарда. Көпчүлүк футбол адистери тайпадагы биринчи орун үчүн негизги атаандаш Кыргызстан менен Тажикстан экенин белгилеп жатышат.

Соңку беттештер Кыргызстандын Азия кубогуна чыгууга болгон акыркы мүмкүнчүлүгү.

Өткөн жылы Жапонияда жыйынтыкталган Азия кубогунун тандоо оюндарынын экинчи баскычында Кыргызстан F тайпасында сегиз оюнда 10 упай топтоп, тайпада 3- орунду ээлеп, финалдык бөлүккө өтө албай калган.
Бул топто сегиз оюндан кийин 24 упай топтогон Жапония сап башына чыгып, Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыккан. Ал эми сегиз оюнда 13 упай топтогон Тажикстан тайпада 2-орунду ээлегени менен упай айырмасында Азия кубогуна жолдомо алгандарга кошулбай калган. Ал учурда Кыргызстандын футболчулары коронавирус пандемиясынан улам айрым чектөөлөргө туш болуп, толук курамда ойной алган эмес. Жапония менен беттешке команданын коргоочусу Валерий Кичин, жарым коргоочу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков жана Эржан Токатаев чыккан жок. Анткени алар вирус жуктуруп алган адам менен байланышта болгону айтылган. Ушундай эле жүйө менен Монголия жана Мьянма менен болгон беттеште кыргызстандык үч дарбазачы тең оюнга катышпай, дарбазаны коргоочу Айзар Акматов тоскон.

Футбол адистери Кыргызстандын Азия кубогуна чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору экенин айтып жатышат. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын мурдагы капитаны, "Дордой" футбол клубунун башкы директору Руслан Сыдыков Кыргызстан ойногон тайпа өтө деле күчтүү эмес дейт.

"Тажикстан командасы боюнча айтсам, алардын алгачкы оюну анча деле дурус эмес. Аларда машыктыруучусу алмашты. Жакшы оюнчулар көп экен. Муун алмашып, жаңы, жаш оюнчулар көп. Булардын оюну деле анча жок. Алдыда Мьянма менен оюн бар. Команда үч упай алып психология жагынан жакшы. Эмки оюнду утуп алсак, анан 3-оюнда тажик командасы менен чечүүчү оюн болот. Ошол жерден чеберчиликти көрсөтүп, уюшкандыкта ойносо, коргоочуларыбыз жакшы ойноп берсе бир-эки гол киргизгенге мүмкүнчүлүгүбүз бар. Тайпа өтө деле күчтүү эмес. Ошондуктан Азия кубогуна жолдомо алууга чоң мүмкүнчүлүгүбүз бар”.​

Футбол баяндамачы Эркин Абдуллаевдин пикиринде, Мьянманы ири эсеп менен утса Кыргызстанда артыкчылык болот.

"Кристининдин негизги тапшырмасы Азия кубогуна жолдомо алуу. Биринчи тапшырманы ал аткара алган жок (Жапонияда өткөн экинчи тандоо баскычында). Кристининде акыркы мүмкүнчүлүк. Акыркы мүмкүнчүлүктө жакшы шарт түзүлүп жатат. Ансыз деле өз үйүбүздө ойноп жатабыз. Эң негизгиси биринчи беттешти уттук. Кандай болгон күндө дагы Мьянманы ири эсеп менен утуш керек. Кокус башка тайпалардын 2-орунду ээлегендери алты упай алып калса, голдордун айырмасы менен алардан алдыга өтүү керек болот. Башка тайпаларда тең чыккандар болсо төрт упай алып калабы деген ой бар. Ошол үчүн Кристининдин биринчи тапшырмасы тогуз упай алуу. Кокус албай калса жети упай менен чыгуу”.

Жаш футболчуларга артылган ишеним

Машыктыруучулар штабы Азия кубогунун тандоо оюндарынын алдында 23 оюнчунун тизмесин берген. Алардын катарында улуттук курама командага алгачкы жолу кошулган жарым коргоочулар Эрбол Атабаев менен Бекназ Алмазбеков бар. Эрбол Атабаев Сингапур менен оюнда аламашууга чыгып, дебют жасады.

Түркиянын “Галатасарай” клубунда ойногон жарым коргоочу Бекназ Алмазбеков курамада чабуулчулардын катарына кошулду. Азырынча ал оюнга чыгууга кезек күтүүдө. Германияда ойногон Николай Давыдов дагы курамга кошулары айтылганы менен акыркы тизмеден орун тапкан жок. Анын себебин башкы машыктыруучу Александр Крестинин төмөнкүдөй түшүндүрдү:

“Николай Давыдов улуттук курамага кире турган талапкерлердин кеңейтилген тизмесинде бар эле. Бирок алган жаракатына байланыштуу курамга кошула алган жок. Эшик баарына ачык, баарынын мүмкүнчүлүгү бар. Алмазбековдун оюнга чыгышына азыр да кеч эмес. Эрбол Атабаевдин дебюту менен куттуктайм. Дебютунда команда жеңишке жеткени абдан жакшы”.

Азия кубогуна даярданган "ак-шумкарлар"
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00

Кыргызстан тарыхында биринчи жолу Азия кубогуна 2019-жылы Абу Дабиде (БАЭ) өткөн мелдешке катышты. Ага чейин тандоо оюндарынан чыга албай келген.

Алдыдагы Азия кубогу 2023-жылы Кытайда өтмөкчү. 2019-жылдан баштап турнирге 24 команда катыша баштады. Ага чейин 16 команда катышып келген.

Биринчи жолу катышып жатса да Кыргызстан 1/8 финалга чейин жеткен. Тайпалык баскычта Кытай, Түштүк Корея менен курч атаандаштыкта тең ата күч сынашкан. Филиппинди 3:1 эсебинде утуп, 1/8 финалда БАЭ курамасы менен курч беттеште 2:3 эсебинде жеңилип калган.

Азия кубогу – Азиядагы футбол боюнча улуттук курама командалардын негизги мелдеши. Ал 1956-жылдан бери 4 жылда бир жолу өткөрүлүп келүүдө. Мелдеш дүйнөлүк чемпионаттан бир жылдан кийин өтөт. Чемпиондукту эң көп жеңип алган – Жапония (4 жолу).

2019-жылы БАЭде өткөн чемпионатта Катар курамасы жеңишке жеткен.

Алдыдагы Азия кубогу 2023-жылы Кытайда өтмөкчү. 2019-жылдан баштап турнирге 24 команда катыша баштады. Ага чейин 16 команда катышып келген.

1-тур
8-июнь
16:30. Тажикстан - Мьянма 4:0
21:00. Кыргызстан - Сингапур 2:1
2-тур
11-июнь (ишемби)
16:30. Сингапур - Тажикстан
21:00. Кыргызстан - Мьянма
3-тур
14-июнь
16:30. Мьянма - Сингапур
21:00. Кыргызстан – Тажикстан.
  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG