Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Кыргыз күрөш мектебине даңк алып келген Акжол


Акжол Махмудов.
Акжол Махмудов.

Балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугун жеңип, кыргыз спортуна тарых жаратты. Сербиянын баш калаасы Белградда өтүп жаткан мелдештин финалдык таймашында 77 килограмм салмакта кыргызстандык балбан венгриялык Золтан Леваини 8:0 эсебинде утту. Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн Дүйнө чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык спортчу. Буга чейин күрөштүн бул түрүнөн Дүйнө чемпионатында кыргыз балбандары үч күмүш жана эки коло байге жеңген.

Жекшембиде грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмактагы балбандардын финалдык таймашы эки мүнөткө жетпей эле, мөөнөтүнөн мурда аяктады. Беттеш башталгандан кийин эки мүнөттүн ичинде Акжол мажар балбанын катары менен эки жолу көтөрүп чаап, төрт упайдан эки жолу алып, 8:0 эсебинде жеңишке жетти.

Акжол күрөштүн күйөрмандарын кубанычка бөлөгөн мындай жеңиштен кийин КТРК Спорт телеканалына кыргыз спортунда тарых жаратканын айтты.

"Чынын айтсам, мен үчүн чоң сыймык, ушундай тарых жараткан. Бул тарыхты өзүм жалгыз жараткан жокмун. Агайлардын, ата-энем, бир-туугандарым, жакындарым, мени колдоп жүргөн бүткүл кыргыз элинин колдоосу менен бүгүнкү күндө ушундай жеңишке жетип жатам. Урматтуу мекендештер! Бардыгыңыздарга чоң рахмат! Кандайдыр бир жеңишке жеткен болсом бул ынтымактан, биримдиктен. Биз бардыгыбыз агайларыбыз менен, командабыз менен биримдикте бул жеңишке даярданганбыз. Мен ойлойм, мындан кийин биздин жигиттер алтын медалдарды далай багынтат. Мен ушинтип, балдардын баарына жол ачып берип, бүгүнкү күндө агайларыбыз менен тарых жаратып отурганыма кубанычым койнума батпай турат. Бардыгыңыздарга чон рахмат!".

Акжолдун финалдык беттештен кийинки кыскача маегин Дүйнөлүк күрөш уюму социалдык тармактардагы баракчаларына да жайгаштырды. Ал маекте Махмудов беттеш жөнүндө пикирин айтып жатып, дүйнөгө кыргыз күрөшүнүн мектебин көрсөткөнүн билдирди.

“Грек-рим күрөшүнөн биринчи жолу Дүйнө чемпионатынан алтын байге утканга мүмкүнчүлүк келгенине мен абдан кубанып, бактылуу болуп турам. Бул жеңишимди кыргыз элине арнайм. Финалга чейин кыргыз күрөш мектеби кандай экенин көрсөтөрүмдү айткам. Финалда муну баарына көрсөтө алдым жана атаандашымды (Золтан Леваини) жеңдим. Буга чейин мен аны менен беттешип жеңилгем. Бул жолу мен реванш жасай алдым. Биздин Кыргызстан - күрөштүн өлкөсү. Күрөштү абдан жакшы көрүшөт. Алар мени дайыма колдоп турат. Бул мага өз учурунда машыгып, алдыга карай умтулууга жардам берет”, - деди Махмудов.

Акжолду коштоп жүргөн жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов кыргызстандык балбандардын дүйнөлүк мелдештерди багынтууга тушоосу кесилгенин КТРК Спорт телеканалына курган кыскача маегинде белгиледи:

“Бул жеңиш биздин кыргыз элибиз үчүн. Кыргызда баатырлар көп. Алдыда дагы мыкты баатырлар чыгат. Мен буга ишенем. Акжол акжолтой балбан болду”, - деген машыктыруучу Мейрамбек Ахметов.

Президент Садыр Жапаров Акжолдун жеңишин куттуктап, "кыргыз эли олимпиаданын алтынын күтүп жатканы жашыруун эмес. Сенин да чоң спорттогу башкы максатың ошол болсо керек" - деп жазды.

Акжолдун жеңишине кыргызстандыктар менен кошо коңшу казакстандыктар дагы кубанып, социалдык медиада куттуктоолор жаап жатат.

Грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмактагы балбандардын таймашы 10-сентябрда башталган. Ал күнү Акжол Махмудов төрт атаандашын утуп, финалга чыккан. Алгач бразилиялык Жоилсон Де Брито Рамос Жуниорду 11:1, 1/8 финалда мексикалык Эммануэл Алексис Бенитес Кастрону 8:0, чейрек финалда түркиялык Юнус Емре Басарды 9:7 эсебинде жеңип алган. Жарым финалда Лондон Олимпиадасынын чемпиону, 34 жаштагы түштүк кореялык Ким Хён У менен күрөшүп, 4:1 эсебинде уткан.

Акжол Махмудов Золтан Леваини көтөрүп чаап жаткан учуру. Дүйнө чемпионаты. Финалдык беттеш. 11-август, 2022-жыл.
Акжол Махмудов Золтан Леваини көтөрүп чаап жаткан учуру. Дүйнө чемпионаты. Финалдык беттеш. 11-август, 2022-жыл.

Алты жашынан тартып күрөшкө барган Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн Дүйнө чемпиондугун жеңген алгачкы кыргызстандык спортчу болуп калды. 2006-жылы Канатбек Бегалиев менен 2018, 2021-жылдары Жоламан Шаршенбеков күмүш байге алган. Ал эми эгемен Кыргызстандын тарыхында 1999-жылы Раатбек Санатбаев менен 2010-жылы Данияр Көбөнөв да коло медаль тагынган.

Махмудов жалпы эле күрөш түрлөрүнөн Дүйнө чемпиону аталган үчүнчү кыргызстандык. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы жана 2021-жылы, Мээрим Жуманазарова былтыр Дүйнө чемпиондугун жеңген.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Алмаз Касенов Акжол кыргыз спортунда жаңы барак ачканын белгиледи.

Алмаз Касенов.
Алмаз Касенов.

"Дүйнө чемпиону болуу - спорттогу эң жогорку жетишкендик. Акжолдун бул байгеси Кыргызстандын тарыхындагы грек-рим күрөшүнөн алгачкы алтын байге болуп калды. Кыздарыбыздан Айсулуу эле дүйнө чемпиону болчу. Эми эркектерден Акжол да дүйнө чемпиону болуп, эмгектин баарын актады. Күрөштөн дүйнө чемпиону болуу абдан оор жана татаал".

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбаев кыргыз күрөш мектеби дүйнөлүк аренага тааныла баштаганын сыймыктануу менен айтты.

Азат Эркинбаев
Азат Эркинбаев

"Ушул алтын байгеге жетүү үчүн биз 10 жыл аракет кылдык. Эми баарыбыз кубанып жатабыз. Бул бир эле кишинин жеңиши эмес, жалпы команданын жеңиши. Акжолдун жеңишин дүйнө коомчулугу абдан жогору баалап жатат. Акыркы жылдары эл аралык мелдештерде кыргыз күрөш мектебин күчтүү атаандаш катары көрүп калышты десем жаңылышпайм".

23 жаштагы Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатына алгачкы жолу катышты. Ал чоңдор арасында Азиянын эки жолку чемпиону (2018-ж., 2021-ж.). Азия оюндарынын (2018-ж.) жана Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси (2021). IV Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүсү. Кадеттер арасында Дүйнө чемпионатынын алтын (2016), жаштар арасында Дүйнө чемпионатынын күмүш (2017), коло байгелерин (2018-ж.) жеңген. Уландар (2016) жана жаштар (2017) арасында Азиянын чемпиону.

Эл аралык мелдештерде дал ушундай ийгиликтерди 2015-жылдан 2018-жылга чейин катары менен багындырып, 2019-жылы чоңдор арасында Кыргызстандын чемпиону болгондон бир ай өткөндөн кийин сол тизесинен жараат алган. Ошого байланыштуу Германиядан бутуна эки жолу операция жасатып, жарааты бир жарым жылдан кийин айыкты.

Эмгек сиңирген машыктыруучу Алмаз Касенов Акжол өжөрлүгү менен оор кыйынчылыктарды жеңе алганын айтты.

"Акжол абдан таланттуу спортчу. Кадаттер арасында да жакшы ийгиликтерди жаратты. Арадан бутунан жараат алып, мелдештерге катыша албай калган. Спортто жараат алуу - бул өтө оор. Мындай сыноону эрки күчтүү, алдыга максат койгон гана спортчу жеңе алат. Акжол бул кыйынчылыктарды жеңип чыкты. Ушундай жараат алгандан кийин Токио олимп оюндарында күмүш байгени утуп алганы чоң көрсөткүч. "Олимпиаданын алтын байгесин утам" деген максаты бар. Ал бул максатын да ишке ашыра турганына көзүм жетет".

Күрөш боюнча (грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү) Дүйнө чемпионаты 18-сентябрга чейин уланат. Кыргызстандан бул мелдешке 15 спортчу катышат. Бүгүн, 12-сентябрда грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын эки жолку күмүш байгесинин ээси Жоламан Шаршенбеков, кыз-келиндер күрөшүнөн Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова күч сынашат.

Акжол Махмудов 23 жашта. 1999-жылы 15-апрелде Ош облусунун Араван районунун Кызыр-Абад айылында төрөлгөн. Беш бир туугандын үчүнчүсү. Акжолдун агасы Бексултан дагы грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү.

Эжеси Курсанай Махмудованын айтымында, Акжол алты жашынан баштап Ош шаарындагы күрөш залына барган. Үй-бүлөсү 12 жашында Бишкек шаарына көчүп келип, грек-рим күрөшү боюнча машыгууну борбор шаардан уланткан.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Турдубаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG