Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:12

Баткен: Чек араны бойлой жаңы конуштар түшөт


Жаңы өздөштүрүлчү жерге суу алып келүү иштери жүрүп жатат. Бүргөндү өрөөнү, Баткен.
Жаңы өздөштүрүлчү жерге суу алып келүү иштери жүрүп жатат. Бүргөндү өрөөнү, Баткен.

Баткендин Өзбекстан менен чектеш Бүргөндү аймагында дың жерлерди өздөштүрүү башталды.

Өкмөт жаңы жерлерди өздөштүрүү үчүн каражат бөлүп, учурда ички чарбалык каналдар коюлуп жатат. Бул чек арага жакын жерге 5 миң үй-бүлөнү жайгаштыруу менен чек араны бекемдөө маселеси да чечилмекчи. Чек ара бойлогон жаңы конуштарга Сох анклавынын айланасындагы жер тартыш айылдардын жаштары биринчилерден болуп көчүрүлүп келгени турат.

Бүргөндүдө ошентип көптөн бери айтылып, бирок ишке ашпай келген чек арага жакын 3,5 миң гектар жерди өздөштүрүү аракети жүрүүдө. Көк-Дарыядан кошумча суу алып келүү менен бул өрөөндө жаңы жерлер өздөштүрүлүп, жок эле дегенде 5 миң үй-бүлөгө турак-жай үчүн чек берилет. Учурда бул аймакта магистралдык жана ички чарбалык сугат каналдарынын курулуш иштери жүрүп жатат.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков жер участоктору алгач шарты катаал, жери тартыш тоо тараптагы айылдардын жаштарына берилээрин айтат:

- Бул жерге облус аймагындагы бүт район-шаарлардан жерге муктаж жаш үй-бүлөлөрдү алып келебиз. Айрыкча үй- жай үчүн жерге муктаж болгон аймактарга өзгөчө басым жасайбыз. Мисалы Сох анклавынын тегерегиндеги Кыштут, Чарбак, Газ айылдары. Азыр бул жерге келчү суунун көлөмү - 4,5 куб метр.

Кадамжай районундагы Бүргөндү өрөөнү мунай менен газга да бай. Бирок бул кендерди тээ Союз учурунан бери Өзбекстан иштетип, үзүрүн көрүүдө. Кен кудуктарын өткөрүп алуу маселесин Кыргызстан эгемендик жылдарынан бери чече албай келет.

Кыргыз тарап Бүргөндү аймагындагы мунай, газ чыккан жерлерди өз аймагы катары эсептээрин, эч кандай талаш маселе жоктугун айтып келгени менен кошуна тарап бул жерди талаштуу деген статуска өткөрүүгө кызыкдар болуп жаткандай. Бул аймактагы 11 миң гектардай аянт Өзбекстан менен 26 чакырымдай чектешип, анын 20 чакырымга жакыны 2003-жылы 1-апрелинде Өзбекстандын Фергана шаарында № 27 протоколу менен эки тараптуу макулдашылып, 2003-жылдын 21-сентябрында Бишкектеги пленардык кеңешмеде бекитилген. Ошол чек аралар боюнча бири-бирибизге дооматыбыз жок деп 2006-жылы эки өлкөнүн президенттери биргелешкен кайрылуу жасашкан. Бирок кийинчерээк кошуналар бул аймактагы чек араны кайрадан кароо керектигин кыйыта баштаган.

Ошондон улам Кадамжай районунун акиминин орун басары Жаныбек Исаков чек араны бойлой жаңы айылдарды салуу менен чек ара маселеси да чечилээрин белгиледи:

- Түркиядан берилген насыя эсебинен 320 млн. сомго тендер өткөрүлдү. Мында 95 чакырым ички чарбалык каналдын курулушу каралган. Эгер өрөөн өздөштүрүлсө бир эле жер өздөштүрүү эмес, Өзбекстан менен 17,5 чакырым чек ара тилкесин кароого да мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бүргөндү айылынын тургуну Калык Ураимов болсо жаңы жерлерди өздөштүрүү менен аймак жаштарынын сыртка агылуусу да ооздукталат деген ойдо:

- Жаштар Орусияга кетип жатышат, Бишкекке кетип жатышат. Жер өздөштүрүлсө кетип жаткандар ушул жерде калып иштешмек. Эми өкмөт ушунчалык аракет жасап жатканына рахмат айтабыз. Азыр эми иш калып кетпей, тездетип бүтүрүп берсе деген эле тилекте турабыз.

Долбоордогу сугат каналы жана ички чарбалык каналдарды куруунун жалпы сметалык баасы 600 млн. сомдон ашуун каражатты түзөт. Мындан тышкары бул аймактагы чек араны тосмолоо үчүн өткөн жылы өкмөттөн тийиштүү каражат да бөлүнгөн.

XS
SM
MD
LG