Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:06

"Кытайда профессор болуу кыйын"


Кытайдагы Нанкин университетинин профессору Нурмира Жамангулова.
Кытайдагы Нанкин университетинин профессору Нурмира Жамангулова.

Кыргызстандык илимпоз Нурмира Жамангулова 10 жылдан бери Кытайдагы Нанкин университетинде эмгектенет. Айлана-чөйрөнү коргоо багытында изилдөө жүргүзгөн Нурмира бул өлкөгө кандайча барып, профессор деген даражага кантип жеткенин “Азаттыкка” айтып берди.

Нанкин шаарына келгениме быйыл беш, ал эми Нанкин университетинде иштегениме төрт жыл болду. Андан мурда Кытайдын башка шаарында иштегем.

Табигый илимдер боюнча факультетте профессормун. Ошондой эле окуу жай алдындагы университеттер аралык долбоорлор борборунун директорумун.

Албетте калкынын саны миллиардга жеткен Кытайдын Нанкин университетинде профессор болуу чоң жетишкендик. Оңой эмес. Мен бул жогорку илимий даражага АКШнын жараны болсом балким беш-алты жылда жетмекмин. Кыргызстандын жараны болгонум үчүн он жылдай жүрдүм.

Мен буга карандай күч, аракет менен жеттим. Булар сегиз саат иштесе, мен он-он эки саат иштедим.

Кытайга үй-бүлөлүк шартка байланыштуу келгем. Алгач жолдошум иши боюнча бул жакка келди, кийин мен келип, он жылдан бери отурукташып калдык. Жолдошум Голландиянын жараны, психология илимдеринин доктору. Ал да өзүм менен чогуу Нанкин университетинде психология кафедрасында иштейт. Кайми аттуу бир уулубуз бар. Азыр кытай мектебинде 3-класста окуйт.

"Англис тилинен сабак берип туура эмес кылгам"

Өзүм Ак-Талаада төрөлүп-өскөм. Атам мугалим болгондуктан бизди билимге шыктандырып өстүргөн. Ишеналы Арабаев атындагы университетти аяктап, Индияга аспирантурага тапшырдым. Ал өлкөдө Агра университетинде эки жарым жыл окудум.

Кыргызстанга келип Бишкек Гуманитардык университетинде, Борбор Азиядагы Америка университетинде иштедим. Кийин 2005-жылы АКШга Индиана университетине барып, стажировкадан өтүп келдим. Андан соң Кытайга келдим.

Бул жакта он жыл мурда университеттердеги абал такыр башка эле. Көп студенттер англис тилин дээрлик билишчү эмес. Сабактар кытай тилинде гана өтчү. Ошол себептен мен англис тилинен сабак бере баштадым. Көрсө туура эмес кылыптырмын. Анткени ар жылы илим менен алектенген адамдардын илимий журналдарга эмгектери, макалалары чыгып турушу керек. Алар жок болсо кийин өз кесибиң менен иштөөгө жакшы шарттар түзүлбөй калат. Мен болсо англис тилинен мугалим болом деп эки-үч жылымды текке кетириптирмин.

Кийин жандантып, ар кайсы долбоорлорго кошулуп, макалаларды жазып, алар журналдарга чыга баштады. Атаандаштык күч болгондуктан жазылган макаланын жарыяланышы жылдан жылга оорлоп баратат. Кытай тилин түшүнөм, кичине сүйлөй алам, бирок окуп, жаза албайм.

"Кытайда 10 жыл ичинде чоң өзгөрүүлөр болду"

Нанкин деген кытай тилинде түштүк борбор дегенди билдирет. Нанкин университети бир кезде Кытайдагы сапаты боюнча сап башында турган №1 окуу жай деп эсептелген. Маданий революциядан кийин көп окумуштуулар Тайван менен Гонконгго качып кетип, көңүлдү жана каржыны борбор калаага буруп, Бээжин университетин кеңейтишкен. Азыр деле Нанкин айрым илимдер боюнча, маселен атмосфера илими боюнча биринчи орунда.

Айткандай эле он жыл ичинде чоң өнүгүүлөр жана өзгөрүүлөр болду. Мурда англисче тыңыраак билишпесе, азыр Нанкин университетинин көп студенттери дүйнөдөгү эң мыкты окуу жайларда билим алууну улантууну каалашат жана ошол жактарга гана өткөнгө тырышат. Анткени алар алдыңкы университеттерде окууга татыктуубуз, даярбыз деп ойлошот.

Жакшы жактары көп, көнүп калдык. Кыйын жактарын айтсам, элдин көптүгүнөн каникул учурунда бир жакка барып, эс алуу абдан кыйын. Поезддерге билет калбай калат же мейманканалар жыкжыйма. Бул жакта ички туризм абдан өнүккөн. Ошол себептен эл кыдырып эле жүрө беришет.

Нурмира Жамангулова
Нурмира Жамангулова

Мен келгенде Нанкинде кыргыздар жок болчу. Учурда Нанкин университетинде эки кыргыз студент бар, бирөө аспирантурада, экинчиси магистратурада окуйт. Ал эми жалпы шаарда акыркы үч жыл ичинде кыргыздардын саны 50-60ка жетип калды го дейм.

"Кыргызстанда кийимиңе карап мамиле кылышат"

Кыргызстанга барган сайын жашоо жакшы жакка оңолуп баратканын байкайм. Бирок көңүлүмдү өйүткөн айрым нерселер бар. Маселен, жаштар азыр Илимдер академиясы кайда экенин билишпейт. Ошол жакка жолугушууга чакырсам, “Бизде Илимдер академиясы барбы?” деп сурашат.

Кыргызстанда адамдын кийимине карап мамиле жасашат. Албетте чет өлкөлөрдө деле жакшы, таза, тыкан кийип жүрүшүң керек. Кыргызстандыктар аша чаап, кийимиңе карап мамиле кылышат, бул баягы апенди чапанын төргө өткөргөндөй эле болуп калыптыр. Жөнөкөйлүктүктү баалашпайт. Мактанып турушат бири-бирине. “Каякта иштейсиң? Канча акчаң бар? Канча машине, үйүң бар, тойду канчага бердиң?" деп эле сүйлөшкөндөр.

"Кыргызстандагы илимдин өнүгүүсүнө салым кошсом дейм"

Мен эми Кытайда өмүр бою калгым келбейт. Кыргызстанга баргым келет. Бир нече жолу аракет да кылып көрдүм. Эми барганда чынын айтсам, кайра сабак берип, жөнөкөй мугалим болуп иштегим келбейт. Көбүрөөк пайдам тийген жакта, маселен кайсы бир университетте илим боюнча проректор болуп иштеп, Кыргызстандагы илимдин өнүгүүсүнө өз салымымды кошсом деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG