Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:06

Түлеевдин мүлкүнөн чыккан талаш


Нариман Түлеев сот залында. Бишкек, 28-июль, 2013.
Нариман Түлеев сот залында. Бишкек, 28-июль, 2013.

Бишкектин мурдагы мэри, 11 жылга эркинен ажыратууга өкүм кылынган Нариман Түлеевдин адвокаты шаардык сотко доо арыз менен кайрылды.

Адвокат ошондой эле Ленин райондук сотунун Түлеевдин жакындарынын үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу чечимин мыйзамсыз деп эсептейт. Ал арада Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын мыйзамы боюнча, соттолуучунун айыпталып жаткан кылмыш аркылуу тапкан мүлкү гана мамлекетке чегерилет деп тактады.

Мамлекетке кайсы мүлк чегерилет?

Нариман Түлеевдин адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев Ленин райондук соту өкүмүн окуган күнү эле кийинки инстанцияга даттанарын билдирген. Ал айыпталуучунун мүлкү менен кошо жакындарыныкын да мамлекетке өткөрүүнү мыйзамсыз деп эсептерин билдирди:

- Жазык процессуалдык кодекстин эч бир жеринде судьянын айыпталуучуга тиешеси жок мүлктү кошо конфискациялоосуна жол берилбейт. Ал эми мамлекетке өткөрүлөт деген мүлктүн тизмеси өкүм окулуп жатканда угузулган жок, ал алда канча кийин даярдалды.

Айтмакчы, бул окуя боюнча депутат Өмүрбек Текебаев өз баасын ачыкка чыгарды. Кылмыш-жаза кодексинин кошумча жаза катары мүлктү конфискациялоо тууралуу 52-беренесинин демилгечиси саналган Текебаев айыпталуучу кайсы кылмышка айыпталып жатса, ошонун негизинде тапкан мүлкү гана мамлекетке чегерилиши керектигин айтат:

- Адам соттолуп жаткан конкреттүү кылмыштын эсебинен ээ болгон мүлк тууралуу сөз болуп жатат. Автобуспу, таштанды ташуучу унаабы, эмне боюнча соттолуп жатса, ошонун жыйынтыгында алган мүлкү гана, же ошол көлөмдөгү мүлк мамлекетке чегерилиши керек. Эгерде башка мүлктөрүнө да кандайдыр бир мыйзам бузуу жолу менен ээ болгон деп жатса, анда ошол боюнча өзүнчө иш ачып, далилдеш керек.

Райондук сот Нариман Түлеевдин өзүнө жана жакындарына тиешелүү үй-жай, соода борборлору болуп 14 кыймылсыз мүлктү, аялынын атына жазылган Ысык-Көлдөгү коттежди, Түлеевдердин ар кимисине тиешелүү “Ак жол” камсыздандыруучу компаниясынын акцияларын, өзүнүн, атасынын, бир туугандарынын жана балдарынын 18 машинесин, банктагы бардык акчасын мамлекетке чегерүү өкүмүн чыгарган. Андан сырткары Бишкек шаардык унаа ишканасынын мурдагы жетекчиси, 13 жылга кесилген Медет Кожобергенов менен бирге мамлекетке 50 миллион сомго жакын, калган соттолгон кесиптештери менен чогуу 11 миллион сомго жакын каражатты мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирилген.


Сот өзү билеби?

Мамлекеттик юридикалык академиянын кафедра башчысы Урматбек Сулайман мүлктү конфискациялоо судьянын кароосунда дейт.

- Нариман Түлеевдин иши Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси боюнча, оор кылмыш болуп жатат. Бул учурда мүлктү мамлекетке чегергенге болот. Судья соттолуучунун мүлкүн жетишсиз деп эсептесе, жакындарыныкын да мамлекетке берүү өкүмүн чыгарышы мүмкүн. Көлөмдү судья өзү аныктайт, андыктан ал өзү гана бул чечимин чечмелеп бере алат.

Дарегине сындар айтылып жаткан тергөө тобунун өкүлдөрү, мамлекеттик айыптоочулар жана Ленин райондук соттун судьясынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Ал эми Түлеевдин адвокаты мүлк боюнча гана эмес, 11 жылдык жазаны да жокко чыгаруу тууралуу берилген арыздын шаардык сотто караларын күтүп жатышканын билдирди.

Нариман Түлеев Бишкектин мэри болуп турган кезде Кытайдан 200 автобусту алып келүүдө мамлекеттик бюджетке зыян келтирген деген айып менен былтыр августта камакка алынган. Андан кийин сот баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрткөндө таштанды тазалоочу техникаларды сатып келүүдө коррупцияга шектелип, тергөө абагында калтырылган. Мамлекеттик айыптоо аны бюджетке 100 миллион сомдон ашуун зыян келтиргенин билдирген.

Ушул жылдын 29-июлунда биринчи баскычтагы сот Түлеевди күчтөтүлгөн режимге, үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен 11 жылга, калган кесиптештерин 5 жылдан 13 жылга чейин ушундай эле шарт менен кести. Айыпталуучу тарап экинчи инстанцияга доо арыз менен кайрылгандыктан райондук соттун өкүмү күчүнө кире элек.

XS
SM
MD
LG