Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:20

Өкмөт дыйканды, дыйкан өкмөттү карайт


Айыл чарба көргөзмөсүнөн. Бишкек,22-май, 2014.
Айыл чарба көргөзмөсүнөн. Бишкек,22-май, 2014.

Бишкекте айыл чарба техникаларынын эл аралык “Айыл агро - 2013” деп аталган жарманкеси өтүүдө.

Жарманкени Айыл чарба министрлиги менен “Айыл банк” биргелешип уюштурууда. Бишкектин эски аянтында өтүп жаткан көргөзмөгө айыл чарба техникалары, мал чарбачылыкка, дыйканчылыкка керектүү шаймандар коюлуп, айыл чарба насыяларын алуу боюнча маалыматтар берилүүдө.

Айыл чарбасы ички дүң өнүмдүн 30 пайызын түзгөн Кыргызстан өкмөтү бул тармакка көңүл бурууну күчөтүп жатканын айтса, адистер ага анчейин ишенкиребей турат.

Жаш дыйкан Мырзакарим Бекматов Бишкекте уюштурулган “Айыл агро” жарманкесине Баткен облусунун Кадамжай районунан келген. Максаты - жеңилдетилген шартта жүгөрү жана буудай чаба турган комбайн сатып алуу:

- Жүгөрү, буудай чаба турган комбайндарды жалпы баасынын 10 пайызын гана азыр төлөтүп, калганын кийинкиге жылдырып берсе, мен алмакмын. Азыр алайын деп жатам, бирок 30 пайызын шыр төлөгөнгө менин мүмкүнчүлүгүм жок. Мисалы, комбайндын баасы 5 млн. сом, анын 30 пайызы 1,5 млн. сом болот. Доллар менен 33 миң доллардай. Мен 500 миң төккөнгө гана шартым бар. Эгер ушуга макул болушса, комбайнды алып, элге кызмат кылат элем.

Ал буга чейин да өкмөттүн жеңилдетилген шартта берген насыясынан пайдаланып, кытай өндүрүшүндөгү Yto-904 тракторун “Айыл банк" аркылуу алган экен.

Жарманкеге Орусия, Түркия, Кытай жана башка жалпысы 6 мамлекеттин 25 компаниясы өздөрү чыгарган айыл чарба техникаларын алып келген. Трактор, комбайн, үрөн сепкич, түшүм жыйноочу техникалар менен катар тамак-аш азыктарын өндүрүүчү, айыл чарба продуктуларын кайра иштетүүчү, багбанчылык, мал чарбачылыгы жана үрөнчүлүк тармагындагы алдыңкы технологиялар коюлган эл аралык көргөзмө өкмөттүн демилгеси менен уюштурулду.

Өкмөттүн Нарын облусунудагы өкүлүнүн аппарат кызматкери Илич Марсбек уулу мындай көргөзмөлөр дыйкандардардын көзүн ачат деген ишенимде:

- Бул жердеги айыл чарба техникаларын көрсүн, башка облустардагы айыл чарба багытындагы тажрыйбалары менен таанышсын деп, Нарындан 300дөн ашык дыйкан алып келдик.

Жарманкени улай өкмөт Кыргызстанда биринчи ирет Улуттук агрардык форум уюштурду. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин билдиргенине караганда, өкмөт лизинг жолу аркылуу акыркы 2 жылда 850 техниканы дыйкандарга берген. Бул жылы дагы 500 даана айыл чарба техникасын берүү пландалып жатканын айткан өкмөт башчы дыйкандар жамааттык чарбаларды түзсө, техника сатып алуу мүмкүнчүлүгү жогоруламак дейт:

- Бир фермер алганга баалары өтө кымбат. Ошондуктан кооперативдерге уюшкула, ошолорду салыктарынын мөөнөтүн узартып берели деп, иштерди жүргүзүп жатабыз.

Сатыбалдиев өкмөт дыйкандарга үрөн, күйүүчү май жана башка багыттар боюнча жардам берип жатканын кошумчалады. Ошондой эле дыйкандарга быйыл жеңилдетилген шартта 2 млрд. сом насыя берилмекчи. Былтыр дыйкандарга мамлекет 1,5 млрд сом насыя тараткан. Бирок анын натыйжасы күткөндөй болбой, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча айыл чарбасы тескерисинче төмөндөгөн эле.

Экономист Мейманбек Абдылдаевдин айтымында, өкмөт кайра иштетүүнү колго алышы керек. Антпесе, дыйкандар өндүргөн продуктуларын сата албай кыйналууда:

- Айыл чарбасын өнүктүрүүгө Кыргызстан кеминде 20 жыл кечикти. Чарба менен алектенген дыйкан баласын колуна алып калып, өз чарбасын баласына берип, башкача айтканда дыйкандардын өз династиясы уюшулгудай шарттарды түзүп беришибиз керек. Андай болбосо, айыл чарбасы эч качан өнүгө албайт. Айыл чарба министрлигине да жаңы башкаруу ыкмасын киргизишибиз керек. Дыйкандарга акыркы технологияларды үйрөтүп, ар тараптуу жардам берүү да зарыл. Ошондо гана алар бутуна туруп, экспорттук потенциал жогорулайт.

Кыргызстан агрардык мамлекет. Айыл чарба министрлигинин маалыматына таянсак, айыл чарбасы ички дүң өнүмдүн 29 пайызын берет. Эксперттер аны 50 пайызга көтөрүүгө мүмкүнчүлүк бар деп санашат. Ал эми жалпы калктын 65 пайызы айыл жеринде жашары айтылып келет.

Тасмада: Бишкектеги айыл чарба көргөзмөсү

Бишкектеги айыл чарба көргөзмөсү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:22 0:00

XS
SM
MD
LG