Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:38

Жигит табылды, кыздардан кабар жок


Акыркы жылдары дайынсыз жоголгондор тууралуу маалымат көп айтыла баштады.
Акыркы жылдары дайынсыз жоголгондор тууралуу маалымат көп айтыла баштады.

Бишкекте адамды барымтага алып, акча өндүрүүнү максат кылган төрт адам кармалды. Үйүнөн чыгып кеткен үч кыз дайынсыз.

Мындан тышкары, Бишкекте үч кыздын беш күндөн бери дайыны табылбай, туугандары издеп жатса, Жалал-Абад облусунан жоголгон эки кызга милиция издөө жарыялады.

70 миң сомго бааланган өмүр

13-апрелде Бишкек милициясына 20 жаштагы адамдын жоголгону боюнча кабар келип түшкөн. Бирок сүрүштүрө келгенде аны белгисиз адамдар машинага салып, алып кеткени аныкталган. Көп өтпөй жаш жигитти алып кеткендер анын апасына телефон чалып, баласынын өмүрү жана ден соолугу үчүн 70 миң сом талап кылышкан. ИИМдин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаевдин айтымында, сүйлөшүүгө Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери аралашып, 14-апрелде акчаны берүү учурунда кылмышкерлерди колго түшүрүшкөн.

- Жолугушуу белгиленген жерге барган милиция кызматкерлери барып, байкап турушкан. Барымтачылар эки машина менен келип, акчаны алып кел деп, берки баланы машинадан чыгарган. Ошол замат оперативдик кызматкерлер машинадагыларды кармап калышкан.

20 жаштагы жигиттин өмүрү үчүн 70 миң сом сурашкан. (Иллюстративдик сүрөт)
20 жаштагы жигиттин өмүрү үчүн 70 миң сом сурашкан. (Иллюстративдик сүрөт)
20 жаштагы баланы барымтага алып, акча талап кылгандар Бишкек шаарынын Арча-Бешик жана Аска-Таш жаңы конуштарынын төрт тургуну болгон. 1987-89-жылдары туулган бул балдардын баарынын түбү Нарындын Кочкор районунан. Бирок тергөөдө ал балдар акча талап кылуу себебин 20 жаштагы баланын карызы бар болчу деп түшүндүрүшкөн. Бул окуя боюнча адам уурдоо беренеси менен кылмыш иши козголуп, бирок кылмышка шектүү төрт баланы сот үй камагына чыгарган. Ал эми барымтада болгон жигит бир күн бою ур-тепкиге алынганын жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине билдирген.

- Бирөөсү электрошокер алып келди. Ошону менен кыйнай баштады. Бирөөсү “бул азыр өлүп калат, секунддан эле кармагыла” деп айтты. Электрошокерди секунд сайын басып жатты. Бирөөсү тебет, бирөөсү урат.

Бишкектик үч кызды туугандары издөөдө

Ал ортодо Бишкек шаарынан 17 жаштагы үч кыздын жоголгону кабарланууда. 17-апрелден тарта дайыны жок деп, изделип жаткан Айжамал Кожомбердиеванын апасы Айнуранын айтымында, кызы Айжамал 17-апрелде үйүнөн сыртка чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Айжамал Кожомбердиева менен чогуу дагы эки кыз жоголгон. Акыркы жолу жоголгон кыздардын биринин телефонунан “Ошто Сулайман тоодо” жүрөбүз деген СМС-билдирүү келген. Бирок телефонду текшере келгенде ал Талас облусунун Көк-Ой айылынан чалынганы аныкталган деди кызын издеп жаткан Айнура:

- 17-апрелде мен жумуштан келсем, үйдө жок экен. Көчөгө чыгып кетиптир. Уурдап кетиштиби же башка дагы эмне болуп кетти, билбей жатабыз. Беш күндөн бери жок.

ИИМ: дайынсыз кеткен окуучулар

Ички иштер министрлиги ошондой эле Жалал-Абад облусунан жоголгон 17 жана 15 жаштагы эки окуучу кызга издөө жарыялады. Бири Сузак районунун Жашасын айылынын тургуну, Жуманазаров атындагы мектеп-гимназияда 10-класста окуган Кызбурак Касымбекова. Ал былтыркы жылдын 16-декабрынан бери дайынсыз. Жакындары милицияга быйыл февраль айында кайрылган. Экинчиси - Ноокен районундагы Шайдан-Сай айылынын тургуну, Татыкулов атындагы орто мектептин 8-классынын окуучусу Лола Тавылды кызы. Быйыл 14-январда жоголгон.
Тавылды кызы Лола 14-декабрдан бери дайынсыз. Сүрөт ИИМдин сайтынан алынды.
Тавылды кызы Лола 14-декабрдан бери дайынсыз. Сүрөт ИИМдин сайтынан алынды.
Кыздардын жоголгон фактылары буга чейин да катталган. Атап айтсак, мындан бир ай мурда, 14-мартта Бишкектин чок ортосунан 20-25 жаштардагы кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сөөгү, 16-мартта шаардын чекесиндеги Байтик айылынан 19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын киши колдуу болгон сөөгү табылган болчу. Камила Дүйшөбаеванын атасы Эшмамбет Дүйшөбаев кызынын өмүрүнө кол салгандар табыла электигине нааразы.

- Кылмышкерлерди таап, бетин ачып, элге жарыялап, жазасын колуна бериш керек. Алар татынакай, чырактай болгон кызды өлтүрүп жүрө беришмек беле?

Ал эми Ички иштер министрлиги болсо, март айындагы кайгылуу окуялар боюнча да иликтөө иштери уланып жатканын жана күнөөлүүлөрдү табууга убада берүүдө. Ошондой эле бул окуялар бири-бирине байланышы жоктугун, андыктан кандайдыр бир адам уурдаган топтор пайда болду дегенге негизсиз экендигин билдиришти. Өлкөдөгү кылмыштуулуктун деңгээли 22-апрелде премьер-министр Жоомарт Оторбаев ИИМдин жетекчилиги менен талкуулап, милициянын ишин катуу сынга алды. Оторбаев үстүбүздөгү жылы оор кылмыштар 18,7 пайызга, карактоо 40, опузалап акча талап кылуу 26 пайызга өскөндүгүн белгилеп, өлкөдөгү криминалдык абалга карата чара көрүүнү талап кылды. Ошондой эле Жумгал районундагы жана Кара-Кече көмүр кенинин тегерегиндеги абалга чара көрбөй, тескерисинче милиция өзү да мыйзамсыз иштерге аралашып кетип жатканын айтып, ИИМ жетекчилигин зекиди.

XS
SM
MD
LG