Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

Бала асыроо: ара жолдо калган жобо


АКШ -- Америкалыктар асыраган кыргызстандык балдар. ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөт)
АКШ -- Америкалыктар асыраган кыргызстандык балдар. ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөт)

Кыргызстандык балдарды чет өлкөлүктөргө асыроого берүү маселеси кайрадан арабөк абалда.

Өкмөттүн аппараты эл аралык бала асыроочу уюмдарды Кыргызстанда каттоо тартиби жөнүндөгү Социалдык өнүктүрүү министрлиги даярдаган жобонун долбоорун четке какты. Буга чейин бир катар бейөкмөт уюмдар аталган жободо коррупциялык тобокелчилик бар деп, аны бекитүүгө каршы чыгышкан эле. Кыргызстанда ар кандай себептер менен ата-энесиз калган ондогон наристелер атайын жайларда багылат.

Четке кагылган жобо

Парламенттин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети эл аралык бала асыроочу уюмдарды Кыргызстанда каттоо боюнча жобонун долбоорун четке какты. Өкмөт аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурила Жолдошева долбоорду четке кагуу жөнүн төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Социалдык өнүктүрүү министрилиги бул жобонун долбоорун бизге сунуштаган соң, биз аны атайын коррупцияга каршы экспертизадан өткөргөнбүз. Анда бир катар коррупцияга жол ача турган эрежелер бар экени дайын болгон. Аны оңдоп келүү үчүн кайрадан министрликке жибергенбиз. Ал оңдолгон соң деле Коррупцияга каршы ишкерлик кеңеши баш болгон бейөкмөт уюмдар бир катар мыйзам бузуулар бар экенин айтып чыгышты. Мына ушуларды эске алып, өкмөт аппараты четке кагуу чечимин чыгарды.

Жолдошеванын айтымында, эми өкмөттүн деңгээлинде мекемелер аралык комиссия түзүлүп, бала асыроо боюнча чет өлкөлүк уюмдарды каттоо тууралуу жобону кайрадан иштеп чыгууну сунушталат. Ал канчага созулаары азырынча белгисиз.

Ал эми социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эдил Байсалов өкмөт аппаратынын бул чечимин шашылыш деп мүнөздөдү:

- Мындай чечим менен 5-6 жылдап чет өлкөдөн экинчи ата-энесин табуу бактысын күтүп жаткан балдар эле эмес, ошол жерде операция болуп калган, же башка себеп менен калган бир канча балдарга таш боордук болуп калды. Эми бул өкмөт аппаратынын чечим акыркы чечим деп ойлобойм. Өкмөт канчалаган убакыт кетирип даярдаган жобону бир жактуу четке какпаса керек.

Зарыккандар...

Бул маселе боюнча жаңы жобо кабыл алуу демилгеси былтыр жайда Социалдык өнүктүрүү министрлигинде кыргызстандык балдарды чет өлкөгө асыроого берүү ишинде коррупциялык иш ашкереленген соң көтөрүлгөн. Анда министрлик жетекчилерине бала асыроо менен иштеген чет өлкөлүк уюмдардан пара алган деген айыптар тагылган.

Андан соң чет өлкөлүк жарандардын кыргызстандык балдарды асыроосу убактылуу токтотулуп, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы жетекчилиги жаңы жобону даярдоого киришкен. Өткөн жылдын декабрь айынын соңунда жобонун долбоору өкмөттүн кароосуна жиберилген.

Ал долбоор коомдук талкууга коюлгандан тарта эле бир катар бейөкмөт уюмдар анда коррупциялык тобокелчилик чоң деп, кабыл алынышына каршы болуп келишкен. Мисалы Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин төрайымы Нурипа Муканованын айтымында, аталган долбоордон мыйзамга дал келбеген кырктай мүчүлүштүк аныкталган:

- Бул жобо деле ачык эмес, бир катар коррупциялык жолдорго жол аччу, бир эле адамдын колуна бир канча укукту берип коюптур. Экинчиден, Гаага конвенциясынын негизинде балдар асыроого берилет деп жатат, бирок ал келишимге кол койбогон мамлекеттер менен кандай иш алпарылаары белгисиз бойдон калган. Анын үстүнө конституицияга каршы келген учурлары бар экен...

Кыскасы балдарды чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү маселеси ара жолдо калды. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда былтыр асыроого 650дөн ашуун бала берилди. Алардын дээрлик бардыгын жергиликтүү тургундар багып алышса, чет элдик жарандар 9 гана баланы алып кетишти. Учурда асыроо үчүн кезекте 241 бала бар. Ошол эле учурда чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү үчүн бардык документтер бүткөрүлүп, жобо кабыл алынбаганын улам 17 бала жаңы үй-бүлөсүн күтүп жатат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG