Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:50

Ош мэри Кадырбаев акталганы аныкталды


Кадырбаев 2010-жылы 13-майда Убактылуу өкмөткө каршы чыгып, Ош облустук акимчилигин басып алгандардын башында тургандардын бири деп айыпталган. Сүрөттө: Оштогу митинг,13-май, 2010.
Кадырбаев 2010-жылы 13-майда Убактылуу өкмөткө каршы чыгып, Ош облустук акимчилигин басып алгандардын башында тургандардын бири деп айыпталган. Сүрөттө: Оштогу митинг,13-май, 2010.

БШК Оштун жаңы мэри Айтмамат Кадырбаев мурда соттолгону тууралуу маалыматтарга чекит коюп, ага күбөлүк тапшырды.

Айтмамат Кадырбаев 15-январда Ош шаарынын башчылыгына шайлангандан кийин ал мурда соттолгону жаап-жашырылганы тууралуу маалымат тарап кеткен.

БШК шайлоо жыйынтыгын тааныды

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы 15-январда болгон Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жыйынтыгын расмий тааныды. БШК Кубанычбек Кулматовду Бишкек шаарынын, Айтмамат Кадырбаевди Ош шаарынын мэрлигине бекитип, кызматтык күбөлүгүн тапшырды. БШКнын бул чечими Ош шаарына мэр болуп жаңы шайланган Айтмамат Кадырбаевдин айланасында айтылып жаткан сөздөргө чекит койду.

Айтмамат Кадырбаев мэрликке шайланаар алдында.
Айтмамат Кадырбаев мэрликке шайланаар алдында.
Анткени 15-январь күнкү шайлоодо Ош шаарынын мэрлигине шайланган, бийликчил деп айтылып жаткан Айтмамат Кадырбаев мурда соттолгону тууралуу маалымат коомчулуктан жашырылганы жөнүндө айрым басылмалар жана сайттар жазып чыгышты.

Кадырбаевди шаар башчылыгына талапкер катары сунуштаган “Адилеттүү Кыргызстан” партиясынын лидери Абдувахаб Нурбаев бул маалыматтар ушак болушу ыктымалдыгын “Азаттыкка” билдирген эле:

- Кадырбаевди талапкер кылып тандаарда биз анын өмүр-баяны менен таанышканбыз. Бирок андай нерсе жок болчу, өзүнөн деле жакшылап сураганбыз. Менимче, бул ушак сөз эле болушу мүмкүн, анткени анын талапкерлигин каттаган шаардык шайлоо комиссиясы деле документин алганда каттабайт эле. Шайлоо комиссиясы да текшерип, ИИМ аркылуу тактап, андан кийин гана каттоодон өткөрөт.

Убактылуу өкмөттүн активисти, апрель окуясы учурунда “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү болуп турган Төлөгөн Келдибаев тескерисинче, айтылып жаткан сөздөр чындык экенин “Азаттыкка” тастыктап, Кадырбаев 2010-жылы май айында, өлкөдө туруксуз абал өкүм сүрүп турган маалда Ошто убактылуу өкмөткө каршы чыгып, облустук акимчиликти басып алгандардын башында турганын айтып берди:

- Ооба, ал күндөрү Айтмамат Кадырбаев менен Мамасадык Бакиров баштаган топ облустук акимчиликти басып алып, азыркы губернатор Сооронбай Жээнбековдун жанында менден башка киши калган эмес эле. Ошол 2010-жылы 13-майда болгон окуя боюнча Кадырбаев менен Бакировго кылмыш иши козголуп, булар шаардык сот тарабынан соттолушкан. Кийин акталыптыр деп атышат, бирок анын канчалык так экенин мен билбейт экенмин.

Ошол күндөрү аз убакытка облустук бийлик имаратын ээлеп алгандар Айтмамат Кадырбаевди өздөрүнчө "элдик губернатор" деп да жарыялап жиберишкен. Бирок көп өтпөй аларды облустук бийликтин имаратынан кайра кууп чыгышкан.

ИИМ: Кадырбаев акталганы анык

Бул окуяга байланыштуу Айтмамат Кадырбаевге кылмыш иши козголуп, мамлекеттик төңкөрүш жана массалык башаламандык уюштурган деп айып тагылган. Кийинчерээк Ош шаардык соту аны бир жылга эркинен ажыраткан.

Ошол мезгилде Айтмамат Кадырбаев өзүнө тагылган айыптарды мойнуна албай, муну жаңы бийликтин саясий буюртмасы катары баалаган эле. Бул окуя боюнча дагы бир айыпталуучу Мамасадык Бакиров да сот жообуна тартылып, облустук сот тарабынан акталган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, шаардык соттун чечими 2012-жылы Ош облустук соту тарабынан жокко чыгарылып, Кадырбаев акталган:

- Ош облустук ИИБинин маалымат-аналитикалык борборундагы маалыматка ылайык, Айтмамат Кадырбаевге 2010-жылы бийликти мыйзамсыз басып алды дегендердин катарында кылмыш иши козголуп, шаардык сот тарабынан бир жылга эркинен ажыратылган. 2012-жылы декабрь айында Ош облустук соту анын ишиндеги кылмыш далилденбегени үчүн актаган чечим чыгарган. Ошондуктан Айтмамат Кадырбаев азыр кылмыш жообуна тартылбаган деп эсептелинет.

Айрым маалыматтар боюнча, Айтмамат Кадырбаевдин акталганы тууралуу кабар Ички иштер министрлигинин маалымат-аналитикалык борборуна убагында түшпөй калган. Бул болсо өз кезегинде Кадырбаевдин сот жообуна тартылганы тууралуу ар кандай кептин чыгышына өбөлгө түзгөн.

Ош шаарынын мэрлигине шайлоо 15-январда болуп, ага эки талапкер: мурдагы мэр Мелис Мырзакматов менен Айтмамат Кадырбаев катышкан. Натыйжада Ош шаар кеңешинин шайлоого катышкан 45 депутатынын 25и Кадырбаевге добуш берген.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG