Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:28

МАИчи менен студенттердин чатагы


Башкы жол кайгуулчуга келген студенттер, Бишкек, 7-июль, 2014.
Башкы жол кайгуулчуга келген студенттер, Бишкек, 7-июль, 2014.

Студенттердин тобу алар түшкөн кичи автобустун айдоочусунан акча талап кылган жол-кайгуулчуга чара көрүүнү талап кылышууда.

Ош мамлекеттик университетинин студенттерин Ысык-Көлдү кыдыртып жүргөн маршрутканын айдоочусу менен жол-кайгуул кызматкеринин ортосундагы чатакты чагылдырган видеотасма коомчулукта кызуу талкууга жем таштады.

Аталган видеотасмада МАИ кызматкери айдоочудан 10 миң сом пара талап кылып жатканы чагылдырылган. Инспектор айдоочуну ичкилик ичкенин жүйө кармап, ызы-чууну каалабасаң, 10 миң сом берип кете бер деп шарт коет. Айдоочу болсо жанында болгону 5 миң сом бар экенин айтып, кызылдай соодалашат.

Студенттер эмнеге нааразы?

Инспектор айдоочудан талап кылынган пара өнбөй турганына көзү жеткен соң, ичинде 20 чакты студент бар унааны айып аянтчасына токтотот. Түндүктү түрө кыдырып жүргөн студенттер алдыдагы унаасынан айрылып, ач-жылаңач жолдо калышат.

6-июлда Түптө болгон окуяга чара көрүүнү талап кылган ОшМУнун 60га жакын студенти Республикалык жол-кайгуул кызматынын имараты алдында акция өткөрүштү. Алар МАИ кызматкери автоунааны эч себепсиз токтотконун, айдоочу ичкилик ичпегенин айтышууда. Студенттердин бири Даткабек Шабданбек уулу айдоочуну мас абалында рулга отурган деп бүтүм чыгарган медиктерден күмөн санайт.

- Бизди бул айдоочу бир жумадан бери ташып жүрөт, чогуу жүрөбүз. Эмне ажатканага барып ичмек беле? Ичсе биз деле андан баш тартмакпыз да. Инспекторлор курулай эле доомат коюп жатышат. Наркологиялык экспертиза деле алардын сөзүн сүйлөйт да. Биз көз карандысыз экспертиза өткөрөлү десек, болбой коюшту. Кыскасы, сүйлөшүү видеого тартылып калганын билгенден кийин алар күнөөнүн баарын бизге илгенге аракет кылышты.

Студенттер менен жол кайгуулчунун талашы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:33 0:00

Студенттер кошумчалагандай, айдоочудан пара талап кылды делген Жыргалбек Сарманов аттуу инспектор аларга орой мамиле кылган, анын сөгүнгөндөрү видеотасмага да жазылып калган.

Деген менен Жол-кайгуул кызматынын болуп өткөн окуяга келтирген жүйөсү башка. Аталган кызматтын жетекчи орунбасары Темиркан Керимбаев нааразы студенттерге жооп берип жатып, айдоочунун ичип алганын тастыктаган документтер бар экенин билдирди:

- Окуя болгон жерде протокол түзүлгөн. Анда айдоочу мас абалында экени тастыкталган. Экспертизадан медиктер өткөрөт. Эгер экспертизага дооматыңар болсо медиктерге айткыла. Болбосо баары мыйзам чегинде болгон. Айдоочу ичип алса, унаасы айып аянтчасына токтотулат. Ал эми пара талап кылгандыгы боюнча иликтөөнүн жыйынтыгына жараша чара колдонобуз.

“Катаал жаза коррупцияга жол ачат”

Мына ушундай ызы-чуудан кийин Түптө кармалып турган 25 жаштагы маршрутканын айдоочусу бошотулуп, мас абалында рулга отурган деген берене боюнча ага 1500 сом айыппул салынган. Жол-кайгуул кызматы болсо айдоочудан опузалап пара талап кылган кызматкерине карата тиешелүү чаралар көрүлөрүн убада кылууда.

Ал ортодо адистер жол эрежесин бузган айдоочуларга карата айыппулдун көтөрүлүшү ушундай окуяларга себеп болорун айтып чыгышты. Алардын бири “Жол эрежеси” бейөкмөт уюмунун башчысы Чынара Касмамбетова. Анын айтымында, катаал жаза коррупцияга жол ачышы мүмкүн.

- Жаңы мыйзамга президент кол койгондо биз да сүйүнгөнбүз. Анткени бизде айыппулдардын өлчөмү аз болчу. Бирок коррупция дагы күчөйт деген кооптонуу бар. Анткени штрафтарды көтөрүп койсо эле жол кырсыктары азайып калбайт. Тескерисинче, паракорлукту күчөтүп, МАИ кызматкерлеринин кыянаттык менен пара талап кылуусун шартташы мүмкүн.

Учурда мас абалында рулга отургандарга 1500 сом айып чектелсе, 4-августтан тарта 10 миң сом болот. Мындай мыйзамга президент Атамбаев 4-июлда кол койгон.

​Он миң сом сураган жол-кайгуулчу

("Азаттыктын" "Көрөгөч" көзөнөгүнө түшкөн тасма)

10 миң сом пара сураган МАИчи
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

XS
SM
MD
LG