Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:56

“Патриоттор” урган кыздын туугандары табылды


Иллюстрация
Иллюстрация

Орусияда өздөрүн “патриот” деп атаган жигиттерден кордук көргөн 19 жаштагы кыздын туугандары табылып, анын жети айдан бери издөөдө жүргөнү белгилүү болду.

“Азаттык” кордолгон кыздын аты-жөнүн жана туугандарын аныктады. Жүйөлүү себептерден улам анын атын Айгүл деп өзгөрттүк. Ал тасмада өзүн Баткендин Бужумунан болом деп тааныштырган.

Бирок Айгүлдүн атасынын бир тууган иниси Жаныбек Улукбеков менен Кыштут айылынан байланыштык. Айтымында, Айгүл психикалык жактан жабыркагандыктан, буга чейин Ошто жана Жалал-Абадда дарыланып чыккан.

- Ал менин өтүп кеткен агамдын кызы. Мындан бир-эки жыл мурда Орусияга иштегени кеткен. Ага чейин Ошто жана Жалал-Абадда ооруканада жаткан. Үйдөн качып кетмей адаты бар болчу. 9 класс билими бар. Апасы башка күйөөгө тийип кеткен. Аны табууга кызыкдарбыз. Бирок акчадан кыйналып жаткандыктан Орусияга бара албайм. Видео тууралуу эч кандай маалыматым жок.

Айгүлдүн апасын табууга мүмкүн болгон жок. Айрым маалыматтарда ал күйөөсү өлгөндөн кийин Баткендин Кара-Бак айылына кайрадан турмушка чыккан.

Жети айдан бери издөөдө жүргөн...

Ал арада милиция Айгүлдүн жети айдан бери издөөдө жүргөнү тууралуу “Азаттыкка” кабарлады. ИИМдин Орусиядагы расмий өкүлү Аскат Алиев Айгүлгө байланышкан бардык материалдар изилденип жатканын айтууда.

- Бизге жеткен маалыматтар боюнча видеотасмадагы кыз өткөн жылдын декабрынан бери издөөдө жүргөн экен. Екатеринбургдан ушундай маалымат келди. Биз азыр маалыматтарды текшерип жатабыз. Бирок издөөдөгү кыз менен видеотасмадагы кыз бир экени аныкталды. Тасма Екатеринбургда тартылган деген божомол бар.

Екатеринбург шаары
Екатеринбург шаары

Жоголгондорду издеген where-you.com интернет сайтынан Айгүлдүн өткөн жылдын 23-декабрында Екатеринбургдагы Шмитт көчөсүндөгү үйдөн чыккан боюнча дайынсыз экени тууралуу маалыматка күбө болдук. Аталган сайтта анын сүрөтү да жайгаштырылган.

Кыргызстандын Екатеринбурдагы диаспора жетекчиси Камчы Каримов Айгүл тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. Анын ишендиришинче, буга чейин 19 жаштагы кызды издегендер болгон эмес.

- Видеотасмадагы окуя бизде болгон эмес. Баарынан сураштырдык, бирок билгендер жок экен. Екатеринбургдагы Сапаргүлдүн окуясынан кийин биздикилер коркуп калышкан. Буга чейин бизге кызды издеп кайрылгандар боло элек.

Эч кими жоктор кордолобу?

“Патриот” деп өздөрүн атап алгандардын Айгүлдү ур-тепкиге алган видеотасмасы интернетте кызуу талаш жаратты. Анда көпчүлүк жигиттердин аракетин айыптаса, күнөөнү жаш кызга оодаргандар да болбой койгон жок.

9 класс билими бар. Апасы башка күйөөгө тийип кеткен. Аны табууга кызыкдарбыз.

19 жаштагы кызды жылаңачтап алып, топ балдар суракка алган видео интернетке 6-июлда жарыяланган. Анда өздөрүн патриотпуз деген үч-төрт жигит өзбек жарандары менен жыныстык катнашка барган деп Айгүлдү жазалап жатканы тартылган.

Мындай окуя Орусиядагы эмгек мигранттары арасында маал-маалы менен кайталанып келет. 2012-жылы Сапаргүл аттуу кыз он чакты эркектин сурагына кабылып, аёосуз сабалган. Бул факты да коомчулукта резонанс жаратканы менен күнөөлүүлөр жоопко тартылган эмес. Адистердин баамында, кордолгон кыздардын көбү ажырашкан үй-бүлөлөрдө чоңоюшкан же багар-көрөрү жок жетим өскөндөр.

XS
SM
MD
LG