Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Путинди "таасир көрсөтүүгө" үндөштү


Украина -- Новобахмутивка айылындагы темир жол көпүрөсү 7-июлга караган түнү жардырылган. 8-июль, 2014
Украина -- Новобахмутивка айылындагы темир жол көпүрөсү 7-июлга караган түнү жардырылган. 8-июль, 2014

Франция менен АКШнын президенттери Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путинди Украинадагы москвачыл согушкерлер Киев менен сүйлөшүүгө барышы үчүн ынандырууга үндөштү. Ал арада Украинанын өзүндө Донецк облусуна бараткан жолдогу бир топ маанилүү көпүрөлөр жардырылды.

Франциянын президентинин маалымат кызматы расмий билдирүүсүндө Франсуа Оланд менен Барак Обама дүйшөмбүнүн кечинде Путин менен телефондо 45 мүнөттөй сүйлөшкөнүн кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, “алар президент Путинди орусиячыл сепаратисттер украин бийлиги менен диалогго барып, орус-украин чек арасын көзөмөлдөөгө жардам берүүгө көндүрүүгө да чакырышты”. Обама менен Оланд “Украинадагы кризисти жөндөөдө саясий чечим гана бекем ишеним жарата алат” деди.

Вашингтондо болсо Ак үй өзүнүн билдирүүсүн таратып, анда “Обама менен Оланд “непада Москва мындан ары да Украинадагы чыңалууну баса турган кадамдарга барбаса, Европа Орусияга буга чейинкиден да катаал жазаналарды жарыялашы керек” деп чечишкенин айтты.

Эки лидер телефондо сүйлөшкөн. Ак үй америкалык жана француз президенттери Орусияны “сепаратисттерге курал агымын токтотуп, аларды колдогонун коюп, украин чек арасына жакын жерлерден өзүнүн аскерлерин чыгарып кетиши керек” деп чечишкенин билдирди.

Бүгүн болсо Украинанын коргоо министри Валерий Гелетей “согушкерлер куралын толук таштамайын, алар менен эч кандай сүйлөшүү болбойт. Украин аскерлери өз алдынча ок атууну токтотууга барбайт”, - деди.

Украинанын инфраструктура министрлигинин сайтында “Улуу Новоселка – Амвросиевка” автожолундагы бир көпүрө жардырылганы кабарланды. Анын алдынан ошол эле дүйшөмбү күнү азыр орусиячыл куралчан күчтөрдүн уюгу деп саналып жаткан Донецк облусуна бараткан жолдогу үч көпүрө жардырылган. Аны сепаратисттер өздөрү жардырган болушу мүмкүн дешет. Бирок алар өздөрү Новобахмутивка, Закитне жана Селезневка айылдарындагы көпүрөнү “киевчил саботажчылар” жардырышкан дешти.

Мунун алдынан ошол эле күнү Украинанын Улуттук коопсуздук кызматынын жана Коргоо кеңешинин төрага орун басары азыр өкмөттүк күчтөр Луганск менен Донецкини “толук блокадага” алууну пландап жатышканын айткан. Михаило Ковалдын кечээги билдирүүсүндө бул чыгыштагы шаарларды ээлеп турган орусиячыл сепаратисттер куралданбашы үчүн жасалаарын айтты.

Коргоо кеңешинин расмий өкүлү Андрий Лысенко болсо блокада жайкын тургундарга таасир этпеши керектигин белгиледи.

"Террористтер эч кандай куралдарды, аскерлерди кабыл ала албашы үчүн украин армиясы Луганск менен Донецкинин кире беришин жаап турат. Жайкын тургундар болсо тынч гана өткөрүү бекеттери аркылуу шаарлардан чыгып кете алышат. Аларга толук жардам берилет", - деди Лысенко.

Сепаратисттер өздөрү аскерий кандай гана блокада болбосун, ал кризисти саясий жол менен чечүү мүдөөсүнө балта чабат деп жатышат.

Өкмөттүк аскерлер Словянскиге көзөмөлдү кайрадан орнотушканда согушкерлер Донецк менен Луганскиге чегинишкен.

Украинада өкмөттүк аскерлер менен сепаратисттердин атышуулары быйыл апрелде башталгандан бери 400дөн ашуун адам набыт болду, миңдеген киши там-жайсыз калды.

10 күндүк ок атпоо келишими дурус натыйжа бербегендиктен украин өкмөтү аны узартуудан баш тартып, өткөн аптадан тарта козголоңчуларга каршы аскерий операциясын жүргүзүүдө.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG