Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:58

Сирияда согушкерлер ээлеген мунай ишканалары бомбаланды


АКШ учактары. Сирия, 23-сентябрь, 2014-жыл.
АКШ учактары. Сирия, 23-сентябрь, 2014-жыл.

АКШ жетектеген коалиция үчүнчү күн катары менен “Ислам мамлекети” уюмунун Сириядагы турумдарына сокку урушту.

Пентагондун маалыматына караганда, согушкерлердин бир топ объекттери, техникасы жабыркады.

Шаршембиде БУУнун Коопсуздук кеңеши жер-жерлердеги исламчыл согушкерлердин Ирак менен Сирияга агылышын басаңдатуу боюнча резолюцияны бир добуштан кабыл алган. Ал тапта Франция коалициянын Сириядагы аба операциясына катышуу мүмкүнчүлүгү тууралуу билдирди.

Сириядагы адам укуктарына байкоо салган топтун маалыматына караганда, түн ичинде АКШ баштаган коалициянын соккуларынан кеминде 14 согушкер жана 5 жайкын тургун мерт кетти.

Топтун жетекчиси Рами Абдулрахман жоочулар Деир Эззор чөлкөмүндө, карапайым жашоочулар болсо түндүктөгү Хасакех районундагы рейд учурунда каза тапканын айтты.

АКШ армиясынын өкүлдөрү болсо 24-сентябрда Сириянын чыгышында “Ислам мамлекети” уюму көзөмөлдөгөн мунай тазалоочу ишканалар бутага алынганын билдиришти. Маалыматка караганда, муну менен радикалдарды ири киреше булагынан ажыратуу аракети көрүлдү.

Башкы командачылыктын ырастоосунда, ишканалар террорчуларга күнүнө 2 миллиондой доллар киреше алып келчү.

Аба операциясына АКШ учактары менен катар Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмираттарынын күчтөрү катышты.

Ага чейинки соккулардан согушкерлердин техникасы, унаа, башка жабдуулары жабыркаганы кабарланган.

Кечээ кечинде БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШ президенти Барак Обама төрагалык кылган сессиясында жер-жерлердеги исламчыл согушкерлердин Ирак менен Сирияга агылышын басаңдатуу боюнча резолюцияны бир добуштан кабыл алды.

Обама “тарыхый”деп сыпаттаган документ бардык мамлекеттерди радикал топтордун катарында согушуу үчүн чет өлкөгө аттанып жаткан, андай кишилерди жалдаган же каржылаган жарандарын оор кылмышкерлерге теңөөгө милдеттендирет.

Америкалык президенттин айтканы боюнча соңку жылдары 80 чакты өлкөдөн 15 миңдей согушкер Сирия менен Иракта экстремист топторго кошулуп, согушуп жүрүшөт.

Ага чейин Обама БУУнун Башкы Ассамблеясына кайрылып, эл аралык коомчулукту кеч боло электе “Ислам мамлекети” жана анын өнөктөштөрүнө каршы күрөшүүгө чакырган.

Сириянын өзүндө болсо өкмөттүк күчтөр Дамасктын түндүк-чыгышындагы Адра шаарын козголоңчулардан кайтарып алганы маалымдалды. Күрттөрдүн расмий булактары болсо алардын бөлүктөрү “Ислам мамлекети” уюмунун Кобани шаарына карай жылган согушкерлерин чегинүүгө аргасыз кылганын билдиришти. Жоочулар бир жумадай мурун калааны ээлеп алууга аракеттенип чабуулга өткөндө, 100 миңден көп жергиликтүү күрттөр Түркия тарапка качышты.

23-сентябрда АКШнын учактары уюмдун Кобанинин айланасындагы турумдарына сокку урушкан.

Ал тапта Франциянын коргоо министри Жан-Ив ле Дриан Сириядагы аба соккуларга кошулуу ыктымалдыгы күн тартибине коюлганын билдирди.

Франция Багдаддын өтүнүчү менен деген негизде коалициянын “Ислам мамлекети” уюмунун Ирактагы операциясына катышып келатат.

Өлкөнүн тышкы иштер министри Лоран Фабиус үстүбүздөгү аптада Сириядагы рейддерге катышууга мыйзам жол берээрин билдирген.

Коргоо министри ошондой эле Алжирдин күчтөрү француз туристинин көзүн тазалаган экстремисттерди издеп жатышканын айтты.

Шаршембиде өзүн “Ислам мамлекетинин” жолдоочусу деп атаган Алжирдеги “Халифат жоокерлери” тобу 21-сентябрда барымтага алынган альпинист Эрве Гурделди мууздап өлтүргөн. Анын алдында согушкерлер Парижге 24 саат берип, Ирактагы соккуларды токтотууну талап кылышкан.

Президент Франсуа Олланд согушкерлердин “мыкаачылыгын” айыптап, бүгүн коргонуу кеңешин чогултту.

Ички иштер министрлиги өлкө боюнча эл көп топтолгон жерлерде коопсуздукту күчөтүү буйругун берди.

Кечээ АКШ баштаган коалициянын Ирактагы согуштук аракеттерине Голландия да кошуларын билдирди:

- Аба күчтөрүн жөнөтүүгө уруксат берүүнү чечтик. Голландия биринчи баскычта бир жылдык мөөнөткө алты Ф-15 учагын жиберет. Жана кошумча эки учак менне камсыздайт. Ошондой эле Ирактагы ирак жана күрт күчтөрүн машыктырууга катышабыз, - деди Голландиянын вице-премьер-министри Людвиг Ашер.

XS
SM
MD
LG