Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Футбол: Кыргызстан Азия кубогунда


Кыргызстандын футбол күйөрмандары.
Кыргызстандын футбол күйөрмандары.

Футбол боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары Азия кубогуна мөөнөтүнөн мурда жолдомо алды.

Аталган командалар бүгүн, 14-июнда Бишкекте тандоо оюндарынын акыркы турунда беттешүүдө. Беттеш жыйынтыгы тайпада кайсы команда биринчи орун менен Азия кубогуна чыгарын аныктайт. Учурда эки жатта тең алтыдан упай бар. Голдордун айырмасында Тажикстан алдыда. Оюндун жыйынтыгына спорт адистеринин баасы кандай?

Азия кубогунда экинчи ирет

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия кубогуна тандоо оюндарында. 8-июнь, 2022-ж. Бишкек.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия кубогуна тандоо оюндарында. 8-июнь, 2022-ж. Бишкек.

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия кубогунун финалдык баскычына мөөнөтүнөн мурда чыкканы 14-июнда тандоо оюндарынын 3-турунда В тайпасында Палестина Филиппинди 4:0 эсебинде уткандан кийин белгилүү болду. Аталган тайпада үч оюндан кийин Палестина 9 упай алса, 2-орундагы Филиппин 4 упай менен калды. Филиппинден жогорку упай алган беш курама команда Азия кубогуна жолдомо алат. Алардын катарында азырынча F тайпасында 2-орунда бара жаткан Кыргызстан дагы бар.

14-июнда Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командаларынын оюну кандай эсеп менен жыйынтыкталганына карабай эки команда тең жолдомону камсыздайт. Оюн саат 21:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.

F тайпасында Кыргызстан буга чейин Сингапурду 2:1, Мьянманы 2:0 менен уткан. Тажикстан Мьянманы 4:0, Сингапурду 1:0 менен жеңген. Учурда Тажикстан менен Кыргызстандын алтыдан упайы бар.

"Принципиалдуу беттеш"

Футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасынын мурдагы машыктыруучусу, учурда Ош шаарынын "Алай" футболдук клубун машыктырып жаткан Мирлан Эшенов алдыда Тажикстан менен оюнда Кыргызстандын утушу маанилүү дейт.

"Биринчиден, бул принципиалдуу, тарыхта кала турган оюн. Экинчиден, бүгүнкү беттеш Азия кубогунун финалдык бөлүгүндө чүчү кулак кармоодо таасири тийет. Эгерде 2-орун менен чыксак анда 1-орундагы күчтүү командаларга туш келип калышыбыз ыктымал. 1-орун менен чыксак кичине жеңил болот. Анан үйдө ойноп жатабыз. Күйөрмандарга да майрам тартуулаш керек. Учурда башкы машыктыруучунун жумушу оор деп ойлойм. Анткени азыркы учурда көп жаш оюнчуларды командага киргизип жатат. Ал жаш оюнчулардын тажрыйбасы аз. Байкасаңар, азыр Кыргызстанда футбол өнүгүп жатат. Анткени Кыргызстандын жаш балдары чет өлкөлөрдө ойноп калды. Эрбол Атабаев Орусия чемпионатында, Бекназ Алмазбеков Түркиянын "Галатасарай" командасына чакырылып жатат. Алар азырынча тажрыйбасы жок, убакыт керек. Дал ушул жаш балдарыбыз финалдык бөлүктө негизги курамда чыгыш керек. Булар биздин таланттуу оюнчуларыбыз".

Ушуну менен Кыргызстан экинчи жолу Азия кубогуна жолдомо алса, Тажикстан алгачкы жолу мындай мүмкүнчүлүккө ээ болду.

КТРК Спорт телеканалынын футбол баяндамачысы Зыярат Эсенбайдын пикиринде, Кыргызстан менен Тажикстан беттеши атаандашыкта өтөт.

КТРКнын футбол баяндамачысы Зыярат Эсенбай.
КТРКнын футбол баяндамачысы Зыярат Эсенбай.

"Чындыгында тарыхыбызда экинчи жолу Азия кубогуна чыгып жатабыз. 2019-жылы жаман эмес жыйынтыкты көрсөткөнбүз. Ал эми тажиктер биринчи жолу Азия кубогуна аттанышты. Алар үчүн бизге караганда өзгөчө кубанычтуу, эмоционалдуу учур болуп турат. Ошентсе дагы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы беттештер приниципалдуу маанайда өтөт. Борбор Азиядагы өзүнчө оюн деп атап келебиз. Бүгүн Тажикстан менен мурдагы Сингапур, Мьянмага салыштырмалуу күчтүү атаандашыкта оюн жүрөт".

Майер курамда жок

Буга чейин эки оюнда үч гол киргизген коргоочу Виктор Майер курамада жок. Ал өзүнүн иштери менен Германияга кеткени белгилүү болду.

"Тилекке каршы, Эрбол Атабаев жарым саат ойногондон кийин жаракат алып, өзүн толук көрсөтө албай калды. Гүлжигит Алыкулов аны алмаштыра алган жок. Өзүн толук көрсөтө албай калды десек болот. Виктор Майердин ордун Мирлан Мурзаев алмаштырабы, же башка оюнчулар чыгабы деген суроолор бар. Менимче, бүгүнкү оюн голдорго бай болбосо дагы футболдук окуяларга бай болот деп ойлойм. Чынын айтсак, акыркы жылдары биз Тажикстанды ута албай жүрөбүз. Акыркы төрт беттешти алсак, 2018-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандап алуу оюнунда Кыргызстан Тажикстанды жеңип алган (29-март, 2016-ж. 1:0). Калган үч оюнда бир тең чыгып, эки жолу жеңилген. Демек, статистика азыр тажиктер тарапта. Ошентсе дагы биз өзүбүздүн талаада ойноп жаткандан кийин күйөрмандардын жардамы менен жеңип алганга мүмкүнчүлүк чоң",-деди Зыярат Эсенбай.

Коопсуздук: Кыргызстандын футбол союзунун эскертүүсү

Кыргызстандын футбол союзу күйөрмандарга кайрылып стадионго дин, расалык, этникалык жана улут аралык кастыкты козуткан, оюндун катышуучуларын мазактаган ар кандай материалдарды алып келүүгө тыюу салынганын эскертти.

Уюмдун өкүлү Асел Асаналиева коопсуздукка өзгөчө көңүл буруларын ырастады.

"Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Стадиодон бардык текшерүү иштери жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери келишти. Коопсуздук жагы жогорку деңгээлде. Оюнда улуттук курама команданы маданияттуу колдоп, команданын аракетин жүрүм-турумубуз менен текке кетирип албайлы деп жарыя кылганбыз. Бардык эрежелерди сактап, улуттук курама команданы мааданияттуу колдоп берели деп кыргызстандыктарды чакырмакчыбыз. Дагы айта кетчү нерсе, буга чейин батыш жана чыгыш трибунасына билеттер сатылган. Учурда Кыргызстан менен Тажикстан курамаларынын беттешине билеттер аз санда калды. Күйөрмандардын өтүнүчү менен кошумча дагы бир трибунага билеттер сатыкка чыкты. Баасы батыш жана чыгыш трибунасына салыштырмалуу арзан болот".

КР мыйзамына ылайык:

  • Күйөрмандарга төмөнкүлөргө тыюу салынат: дин, расалык, этникалык жана улут аралык кастыкты козуткан, оюндун катышуучуларын мазактаган ар кандай материалдарды алып келүүгө;
  • Бат тутанган уулу, учтуу, жардыруучу, ок атуучу куралдарды, кесүүчү заттарды, чемодан жана айнектен жасалган буюмдарды алып келүүгө;
  • Мас абалда, алкоголдук ичимдиктерди алып келүүгө, тамеки чегүүгө;
  • Оюнчуларга жана оюн талаасына ар кандай нерселерди ыргытууга, оюн таласына чыгууга, калыстар, оючулар жана машыктыруучулардын жеке бөлмөлөрүнө кирүүгө тыюу салынат.

Азия кубогуна чыккан курама командалар

Азия кубогунун финалдык баскычы 6 тайпада өтүп жатат. Мелдеш жыйынтыгында тайпанын алты лидери, жана экинчи орундагы беш мыкты команда финалдык баскычка жолдомо алат. Учурда алты тайпада алтыдан жогорку упайга ээ болгон тогуз команда Азия кубогуна чыкканы белгилүү болду.
Алар:
А тайпасы
1. Иордания (6 упай)
B тайпасы:
1. Палестина (9 упай)
С тайпасы:
1. Өзбекстан (6 упай)
2. Таиланд (6 упай)
D тайпасы
1. Гонконг (6 упай)
2. Индия (6 упай)
F тайпасы
1. Тажикстан (6 упай)
2. Кыргызстан (6 упай)
Е тайпасы
1. Бахрейн 6 упай.

Алдыда 2-орунду ээлеген акыркы эки команда бүгүнкү 3-турдагы беттештерден кийин белгилүү болот. А тайпасында Индонезия менен Кувейтте жана E тайпасында Малайзия менен Түркмөнстанда 3төн упай бар.

Былтыр Азия кубогуна 13 команда чыккан. Алар: Жапония, Сирия, Катар, Түштүк Корея, Австралия, Иран, Сауд Арабиясы, БАЭ, Кытай, Ирак, Оман, Вьетнам, Ливан.

Азия кубогу 2023-жылы Кытайда болот. 2019-жылдан баштап турнирге 24 команда катыша баштаган. Ага чейин 16 команда болчу.

2019-жылдагы Азия кубогунда Кыргызстан биринчи жолу катышып жатса да 1/8 финалга чейин жеткен. Тайпалык баскычта Кытай, Түштүк Корея менен курч атаандаштыкта тең ата күч сынашкан. Филиппинди 3:1 эсебинде утуп, 1/8 финалда БАЭ курамасы менен курч беттеште 2:3 эсебинде жеңилип калган.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG