Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Партияларды "демөөрчүсүз" калтыруу демилгеси


Буга чейин кыргыз парламентиндеги айрым фракциялар шайлоо маалында сырттан каржыланганы тууралуу кептер айтылган.
Буга чейин кыргыз парламентиндеги айрым фракциялар шайлоо маалында сырттан каржыланганы тууралуу кептер айтылган.

Кыргызстанда саясий партияларды сырттан каржылоого тыюу салуу сунушталууда. Бирок айрым эксперттер мыйзамдын иштеп кетишинен шек санашууда.

Юстиция министрлиги “Саясий партиялар тууралуу” мыйзамды ушундай беренелер менен толуктоо тууралуу мыйзам долбоорун даярдап, парламентке жөнөттү. Анда Кыргызстандын ички саясий турмушун сырткы күчтөрдөн коргоо керектиги айтылат. Айрым эксперттердин айтымында, мындай чара саясий оппоненттерди сүрүп чыгаруу үчүн колдонулушу ыктымал.

Мыйзам долбоор тууралуу юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Ага ылайык, мыйзам эң ириде өлкөнүн ички саясий турмушун сактоо үчүн керек:

- Биринчи максат - сырткы мамлекеттер жана сырткы юридикалык, физикалык тараптардын Кыргызстандын саясатына кийлигишпөөсүнө бөгөт коюу. Экинчи максат - сырткы банктардан акча каражатын алууга тыюу салуу. Сырттан ар кандай диний агымдар, күчтөр Кыргызстандын саясатына түздөн-түз кийлигишип, саясий партияларга өз кызыкчылыгын таңуулоо максатында акча каражатын которууга тыюу салынат. Өзүбүздүн партиялар каржы маселелерин өзү чечиши керек. Мамлекет саясий партияларга келген каражатты көзөмөлдөйт жана сырттан кийлигишүүгө бөгөт коет. Бул биздин эгемендигибиз үчүн, ички саясатты коргоо үчүн керек.

Юстиция министрлиги мыйзам долбоорду Жогорку Кеңешке жөнөттү. Алгач тиешелүү комитеттерде талкууланып, андан соң парламенттин жалпы кароосуна коюлмакчы. “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмоновдун баамында, чет өлкөдөгү үзөңгүлөш, максаттары бир партиялардын каржылык көмөк көрсөтүүсүнө бөгөт коюлбашы керек:

- Партиялык тилектештик деген түшүнүк бар. Ошондой тилектештик максатында идеологиясына, кызыкчылыгына окшош, үндөш чет өлкөлүк партиялар болсо алар менен кызматташууга тыюу салбоо керек. Кызматташуунун ичинде ченелүү өлчөмдө материалдык жардам болушу мүмкүн.

Саясат таануучу Бакыт Орунбеков саясий партияларды сырттан каржылоону тыюу демилгесин колдойт. Анын пикиринде, саясий партияларга кирген-чыккан каражаттар ачык болушу шарт:

- Биздин партияларга таасир берген ички-сырткы факторлор бар. Анткени бул жерде бийлик тууралуу сөз болуп жатат. Биздин мамлекеттүүлүгүбүзгө зыян келтирүүдөн сактоо керек. Партиянын каржы булактары ачык, таза, жана маалымдуу болушу керек.

Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Уран Ботобеков Кыргызстандын саясий турмушун сырткы факторлордон мыйзам аркылуу арылтуу аракетине ишенбей турат:

- Биздин саясий турмушта жакынкы жа алыскы коңшулардын факторун колдонгон, алардын лидерлери менен сүрөткө түшүп, аны пайдаланган саясий партиялар, саясий лидерлер көп болду. Менимче, бул фактор кыйыр түрдө болсо дагы кала берет.

Бул мыйзам долбоордун иштеп кетишинен саясат таануучу Элмира Ногойбаева да күмөн саноодо. Анын баамында, бул саясий партияларды чектөөнүн бир амалы болуп калмакчы:

- Эл арасында айтылып жүргөндөй, бийликке жалаң “көпөстөр”, акчасы бар адамдар келип жатат. Мындай мыйзамдын бүгүнкү күндө иштеши кыйын. Анткени аны кабыл алган, албаган күндө деле саясий партиялар акча көп топтогон кыймыл болуп калды. Экинчиден, бул мыйзам тескери натыйжа бериши да мүмкүн. Азыр баары эле бири-бирин чет өлкөлүк агент деп шектенип жатпайбы. Бул саясий партияларды чектей турган курал болушу мүмкүн. Ал айрымдарга гана тандалып колдонулушу ыктымал. Менимче, бул саясий партияларды өнүктүрүүнүн реалдуу кадамы эмес, кадимки эле шайлоо алдындагы күрөш.

Кыргызстанда айрыкча шайлоо өнөктүгүнүн алдында же ошол маалда аттуу-баштуу саясатчылар Орусия, Казакстан өңдүү мамлекеттерге тез-тез каттап, бул мамлекеттердин лидерлери менен жолукканын кеңири үгүт иштерине колдонуп келген. Атургай бийликтин кулашы менен аяктаган эки ыңкылап тең сырткы күчтөрдүн таасири менен уюштурулганы айтылган.

XS
SM
MD
LG