Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

Пакистанда мектеп ачкан Жамал


Жамал Папиева жана Кыргызстандын Пакистандагы мурдагы элчиси Алик Орозов.
Жамал Папиева жана Кыргызстандын Пакистандагы мурдагы элчиси Алик Орозов.

Пакистандагы журтташыбыз Жамал Папиева мындан бир жыл мурда жергиликтүү өнөктөштөр менен бирге мектепке чейинки балдарды окута турган жеке мектеп ачкан.

Сегиз бала менен ачылган мектеп азыр кадыресе очор-бачар болуп, алтымыштан ашуун бала билим алууда. Аталган мектепте азыр Жамал айымдан сырткары дагы бир кыргызстандык иштейт. Калгандары жергиликтүү тургундар.

- Бул жакта бала бакча деген жок. Ар бир мамлекеттик мектептин базасында даярдоо курстары же тайпалары болот. Алар 2-3 жаштан баштап ошол тайпада окутулуп, алты жашында ошол эле мектепке окууга кирет. Ата-энеси кечке иштеген балдар үчүн да атайын топтор уюштурулган. Алты жаштан баштап 1-класска барат. Биз 5-класска чейин окутабыз. Эми муну дагы кеңейтели, андан да жогорку класстарды окуталы деп пландап жатабыз.


Жеке мектептердин басымдуу бөлүгүндө сабактар анлис тилинде өтүлөт. Жаңы иш баштоо кайсы жакта болбосун оңой эмес болгондуктан ишти нугуна салып, элге таанытуу жагына жолдошу Амир Вали Хан жардамдашкан.

- Жолдошум журналист. Бирок буга чейин ал мугалим болуп иштеген, бул багытта тажрыйбасы бар. Мектеп өзүн өзү актаганга чейин үч өнөктөш каржылап турдук. Азыр окуу акысы айлык каржыны жаап турат. Сом менен эсептегенде, ар бир бала айына 2,5 миң төлөйт. Ал эми мектепке кирип атканда бир жолу жети миң сом төлөнөт. Маркетинг жагы абдан кыйын экенин сездик. Балдарды эле эмес, жакшы мугалимдерди тартуу да кыйынга турду. Жарнамаларды бердик, мектеп жайгашкан аймакка баракчаларды тараттык. Келген мугалимдерди тандап алуу да оңой иш эмес экен.

Жамал Папиева ачкан мектептин окуучулары.
Жамал Папиева ачкан мектептин окуучулары.


Мектеп программасы башкалардан айырмаланып, кеңейтилип иштелип чыккан. Ага Кыргызстандагы билим берүүнүн мыкты жактары да алынды дейт Жамал Папиева. Биз сөз кылып аткан өлкөдө балдардын кошумча ийримдерге баруусуна, өзгөчө кыздардын бий, музыкалык курстарда окуусуна диний көз караштан алганда мүмкүнчүлүктөр азыраак. Биздин журтташыбыз ачкан мектеп жергиликтүү калктын менталитетин, салт-санаасын эске алуу менен балдарга ушул жагынан да шарт түзүп берүүнү көздөөдө.


- Пакистанда болгондуктан бул өлкөнүн Билим берүү министрлиги бекиткен программаны сөзсүз аткарышыбыз керек. Бирок аны кеңейтебиз. Мисалы, Кыргызстандын билим берүү системасындагы мыкты жактарын коштук, Сингапурдун бала бакчага ылайыкталган абдан кеңири программасын, айтор кайсы система бул аймакка туура келсе ошону алдык. Булардан сырткары азыр теннис, музыкалык аспаптарды үйрөтүүчү курсун ачалы деп мугалим таап келдик. Негизи эле Пакистанда көпчүлүк калктын билим деңгээли төмөн. Анткени бул жерде калктын саны миллионго чамалайт. Бирок билимге умтулуусу жакшы.

Жамал айымдын жолдошу Амир Вали Хан пакистандык. Экөө Пакистандагы “Ага-хан” унивеситетинде окуп жүргөн кезде таанышып, мындан сегиз жыл мурда кол кармашкан. Кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөн эки жыл аралыгында жолдошунун чечкиндүүлүгүн, ачык айтып, таза иштегендигин жактырган. Ортодо Аблан жана Салина аттуу бир уул, бир кызы бар. Учурда бул үй-бүлө Пакистандын борбору Исламабадда жашайт. Кыргызстанга эки, ашып барса үч жылда бир келип турушат.

- Турмушка чыкканга чейин эле бул жакта окуп, жашап, иштеп жүрдүм. Пакистанга турмушка чыккан кыздарга салыштырмалуу мен булардын салтын, жашоо-шартын мурда эле билчүмүн. Андан сырткары мен тилди билем, билимим бар, өзүмдү камсыз кыла алам деп көрүп-билгенден кийин гана чечим чыгаргам. Андан сырткары мен кайын-журтумду да таанычумун. Аларга көнүшүп кете аламынбы ошону да ойлондум. Менин эки балам бар, алты жана сегиз жашта. Бул жакка турмушка чыккан кыздардын көбү тил билбей келет. Көбү Бишкекте же Ошто окуган пакистандык балдар менен орус тилинде сүйлөшүп келгендер. Менин жолдошум орусча билбейт. Ошондуктан үйдө башкы тил - англис тили, андан кийин урду жана кыргыз тилинде сүйлөшөт. Мен балдарыма кыргызча сүйлөйм.

Пакистандагы кыргыз кыздары көргөн азап...

Расмий маалымат боюнча Исламабаддагы кыргыз консулдугунда 200гө жакын жаран катталган. Алардын ичинде медреселерде окугандар, Бириккен улуттар уюмунун программасында иштегендер бар. Ал эми 100гө жакын бала энеси кыргызстандык катары каттоого алынган. Пакистан жаранына турмушка чыккан 130дан ашуун аял элчиликте каттоодо турат. Журтташыбыз Жамал Папиева Кыргызстандык келиндер бирлигинин президенти. Анын айтымында, бул өлкөгө турмушка чыккан кыз-келиндердин айрымдары алыскы, шарты начар аймактарда жашайт.

- Бул жакта чын эле аялдарга мамиле башкача. Мисалы, айылда жашаган биздин кыздардын көчөгө чыгышы кыйыныраак. Жалгыз көчөгө чыгышпайт, чыкса жанында сөзсүз күйөөсү, баласы же бир тууганы болушу керек. Кыргызстанга салыштырмалуу аялдардын укугу көбүрөөк тебеленет. "Пакистанга турмушка чыккан кыргызстандык келиндердин бирлиги" бар. Ушул күндөрү диаспораны каттаталы деп аракет кылып жатабыз. Пакистан боюнча 130дай кыргыз келиндер бар, бул элчиликке катталгандар. Катталбаганы да жүрөт. Дээрлик баары пакистандыкка турмушка чыккан.

Жолуккан учурда көбүнчө турмуш-шарттары жөнүндө сүйлөшүп калабыз. Көп кыздар оор турмушта, кыйынчылыкта жашай турганын айтышат. 80 пайыздайы турмуш-шартына нааразы. Бул жакта айыл жеринде шарт абдан оор. Аны сөз менен айтып, элестетүү кыйын. Ошол нерсеге чыдап, балдары үчүн гана кармалып турушканын айтышат. Эң азы эки, көбү беш балалуу. Анткени бул жактын мыйзамында ажырашканда бала атасында калат. Баштарынан бери капкара оронуп жүргөндөр бар. Ал эми шаарларда мүмкүнчүлүктөр жакшыраак. Анчалык оронуп кийинбейсиң, жеңи узун, узунураак көйнөк кийип, жоолук салынбай деле жүрсөң болот. Сөзсүз эле сыртка чыкканда бирөөнү ээрчитип чыкпайсың. Ошондуктан чет өлкөгө турмушка чыгам деген кыздарга айтат элем, ал жактын турмушу, менталитети менен таанышып, каякта жашай турганын билип, изилдеп анан барса. Ал тургай климатына көнүү да кыйын. Сүйүп калып келип калдым дебей. Сүйүүдөн башка да нерселер бар...

Жамал Папиева үй-бүлөсү менен.
Жамал Папиева үй-бүлөсү менен.

​Жамал айымдын белгилешинче, пакистандыктарга экинчи аял болуп келген кыргыз кыздары да бар.

- Кыргызстандык кыздардын үстүнөн аял алгандарын билбейм, бирок экинчи аял болуп келген эки кыргыз кызын билем. Өздөрүнүн айтуусу боюнча, алар Кыргызстандан эле экинчи аял болууга макул болгон. Элчиликтен пакистандыкка турмушка чыккан кыз-келиндер көп деп айтышат. Кээ бирлери диний көз карашты катуу карманган үй-бүлөдө жашайт, алардын кайнене-кайнаталары, күйөөлөрү телефон кармаганга уруксат бербейт. Айрымдары кантип байланышууну билбейт, көчөгө чыкса тилден кыйналат. Жашынып телефон чалган учурлары болот. Аларга элчилик жардам берип, эптеп Кыргызстандын аймагына өткөргөн учурлар бар. Мисалы, биздин үй-бүлө динди өтө катуу карманбайт. Мен да алардын салтын сыйлам, аша чаппайм. Бирок мени мындай бол, тигиндей бол деп тыйбайт. Мисалы мен орозо кармабайм. Түшүнүү менен кабыл алышат.

"Исламабад тынч шаар"

Маалымат каражаттардан Пакистанда бомба жарылды, поезд жарылды, баланча киши мерт болду деп көп эле окуйбуз, угабыз жана жазабыз. Кооптуу өлкөдө кантип жашап атасыз деген суроого Жамал айым Исламабад башка аймактарга салыштырмалуу коопсуз экенин, бир чети көнүп калышканын белгиледи. Журтташыбыз Жамалдын апасы да ушул маселеде көп кооптонуп, көп ойлонот экен. Былтыр биринчи жолу Исламабадга барып, кызынын турмуш-шартын, жашаган шаарын көрүп кайтыптыр.

- Былтыр апам келип, 4-5 ай жүрүп кетти. Пакистан биринчи келген адамга жакпайт. Апама климаты, аялдардын жамынып жүргөндөрү жакпады. Күйөө баласын көрүп көңүлү ток эле болчу, бирок Исламабадды көрүп “бул жерде жашаса болчудай экен, эми көңүлүм тынчыды” деп кетти. Пакистан негизинен алганда коркунучтураак өлкө. Ооганстанга жакын, талиптер бар. Жарылуулар болуп турат. Бирок чындыгында биз деле аны жаңылыктардан көрүп калабыз.

“Журтташтар” берүүбүздөн Пакистандын келини Жамал Папиева тууралуу азын-оолак айтып бердик. Биздин каарман Кыргызстандык кыз-келиндер бирлигинин президенти, жеке мектептин жетекчиси жана АКШнын ЮСАИД уюмунда консультант болуп иштейт. Элчиликтин коомдук иштерине да активдүү катышат.

XS
SM
MD
LG