Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Түркия "Ислам мамлекети" тобуна каршы күрөшкө кошулду


Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган.
Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган.

Түркияда парламент өкмөткө “Ислам мамлекети” тобуна каршы Ирак менен Сириядагы аскерий операцияларга катышууга уруксат берди.

Бир жылга эсептелген бул мандат түрк өкмөтүн Ирак менен Сирияга аскер жөнөтүүгө милдеттендирбейт. Бирок расмий Анкара зарыл деп тапса, мындай кадамга бара алат.

Түркия жакынкы коңшулары Ирак менен Сириянын ири бөлүктөрүн ээлеп алган “Ислам мамлекети” тобуна каршы аскерий операцияларга аралашуу чечимине бир топко чейинки этияттануудан соң келди.

Түркиянын коргоо министри Исмет Йылмаз бейшемби күнү парламентте сүйлөп жатып:

- "Ислам мамлекети» тобунун согушкерлеринин Түркия- Сирия чек арасынан 37 гана чакырым алыстыкта, Сулейман Шахтын ( Осмон империясынын негиздөөчүсүнүн чоң атасы) күмбөзү жайгашкан жерде жүрүшү биздин улуттук коопсуздугубузга коркунуч жаратууда. Бул күмбөз биздин аймактын ажырагыс бир бөлүгү жана аны коргоо биздин мамлекеттин милдети. Түрк Республикасы бул вазийпаны аткаруу үчүн чечимди тайсалдабастан туруп кабыл алат", - деп айтты.

Анкара азырынча АКШ баштаган коалициянын “Ислам мамлекети” тобуна каршы операцияларына кандай конкреттүү колдоо көрсөтөрүн ачык билдире элек.

Түркия менен чектешкен Сириянын Кобани шаары. 3-октябрь.
Түркия менен чектешкен Сириянын Кобани шаары. 3-октябрь.

Президент Режеп Тайип Эрдоган бул аптада кабарчыларга сүйлөп жатып:

"Биз терроризм менен күрөшүү боюнча кандай гана кызматташуу болсо да даярбыз. Ошол эле учурда Түркия убактылуу чечимдердин аркасынан кубалай турган өлкө эмес жана башкаларга бул нерсени колдонуп кетүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Бир жарым миллион Сирия качкындарын кайтаруу да биздин өлкө артыкчылык берген маселе. Башар Асаддын өкмөтүн кетирүү жана Сириянын аймактык бүтүндүгүн сактоо да биздин өлкө үчүн приоритет бойдон калууда", - деди.

Эрдоган мурдараак Түркия "Ислам мамлекети" тобуна каршы коалицияга кошулууга макулдук бербегенин бул топтун барымтасында 40тан ашуун түрк жараны турганы менен түшүндүргөн. Барымтадагы түркиялыктар жакында бошотулган болчу.

Буга чейин Эрдоган Түркия чек арасын бойлой Сириянын ичинде буффердик зона - сириялык күрт качкындары үчүн коопсуз аймак түзүүгө чакырган.

Бейшемби күнү түрк премьер-министри Ахмед Давутоглу анын өлкөсү Сириядагы күрттөрдүн таяныч бекети болгон Кобани шаарчасын «Ислам мамлекети» тобу ээлеп албашы үчүн колдон келгендин баарын жасарын белгиледи:

"Биз Кобани багынып беришин каалабайбыз. Мунун алдын алуу үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз. Түркия түркмөндөр менен арабдар сыяктуу эле сириялык күрттөрдүн коргоочусу".

Түркия чек арасынан көп алыс эмес жерде жайгашкан Кобани шаарчасынын айланасында «Ислам мамлекети» тобу менен жергиликтүү күрдт коргонуу күчтөрүнүн ортосунда бүгүн да айгышкан уруштар жүрүп жатканы кабарланууда.

Ал арада АКШ баштаган эл аралык коалициянын колдоосуна ээ болгон ирактын өкмөттүк күчтөрү "ИМ" уюму менен согушууну улантууда.

Ирактын медицина кызматкерлеринин айтымында, 2-октябрда өлкөнүн батышында болгон урушта согушкер-жанкечтилердин жардыруусунан алтымышка жакын адам мерт кетти.

Ошондой эле Сирияга бараткан негизги жолдо, Хадита жана Рамади суу дамбаларынын ортосунда жайгашкан, ушул тапта өкмөттүн көзөмөлүндөгү Хит деп аталган чакан шаарда айыгышкан салгылашуулар жүрдү.

Ирактын түндүгүндө "ИМ" уюмунун көзөмөлүндөгү Мосул шаарында өкмөттүк аскерий учактар абадан сокку урулаарын эскерткен баракчаларды таратып, элди согушкерлер жайгашкан аймактардан алыс болууга чакырды.

Кобани шаарынан качып чыккан тургундар. 1-октябрь.
Кобани шаарынан качып чыккан тургундар. 1-октябрь.

Бул аралыкта БУУ экинчи октябрда тараткан билдирүүсүндө "Ислам мамлекети" уюмунун согушкерлери жана башка куралчан топтор Ирактын түндүгүндө адам укуктарын одоно бузуп, зордуктоого чейин барып жатканын айтып, бул зомбулуктарды «аскерий кылмышка» тете деп жарыялады. Ага массалык адам өлтүрүүлөр, сексуалдык кулчулук үчүн кыз-келиндердин уурдалышы, жаш балдарды жоокер катары согушка пайдалануу кылмыштары киргизилген.

Докладда Ирак өкмөтүнүн аба соккулары жай тургундардын арасында, өзгөчө Анбар провинциясынын жашоочуларынын арасында көп жоготууларга алып келгени белгиленген.

Баяндамада көрсөтүлгөндөй, ашынган исламчыл согушкерлердин чабуулунан сентябрда Иракта 10 миңге жакын адамдын өмүрү кыйылып, 1 миллиондон ашык ирактыктар үй-жайын таштоого аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG