Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:02

Айсулуу менен Эрназар спорт тарыхынын жаңы барагын ачты


Айсулуу Тыныбекова, Эрназар Акматалиев Күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта, 5-октябрь, 2021-ж. Осло, Норвегия.
Айсулуу Тыныбекова, Эрназар Акматалиев Күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта, 5-октябрь, 2021-ж. Осло, Норвегия.

Айсулуу Тыныбекова экинчи жолу дүйнө чемпиону болду. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең жеңишке жеткен алгачкы спортчу болуп калды. Ошондой эле эгемендүү Кыргызстандын тарыхында спорттун олимпиадалык түрүнөн дүйнө чемпиону болгон алгачкы спортчу.

Күрөш боюнча быйылкы дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстандын эсебинде бир алтын, бир күмүш жана бир коло байге бар. 5-октябрда эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев 70 килограмм салмакта күмүш байге алды. Бир күн мурда эркин күрөштөн 65 килограмм салмакта Алибек Осмонов коло медал тагынган. Алдыда кыргызстандык балбандардын чечүүчү беттештери бар.

Айсулуу Тыныбекова 5-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында 62 килограмм салмакта финалда америкалык Кайли Колиин Мираклды 7:0 эсебинде таза жеңди.

Айсулуу беттештен кийин чет элдик журналисттер үчүн курган маегинде, өзүнүн жана Кыргызстандын жаңы тарыхын жазганын айтып берди.

“Буга чейин дүйнөнүн бир чемпиону бар болчу, (Кыргызстанда-ред.) ал мен элем. Бүгүн дүйнөнүн эки жолку чемпиону болдум. Бул мени абдан кубандырат. Олимпиада оюндарынан кийин толук кандуу даярдана алган жокмун. Бирок ушундай даярдык менен жеңишти камсыздоо мен үчүн сыймык”, - деди Тыныбекова.

Дүйнө чемпионатында Айсулуу жалпысынан төрт беттеш өткөрдү. Алгач жарым чейрек финалда жапониялык Нонока Озакини (6:4), чейрек финалда белорусиялык Вераника Иванованы (6:6) жеңди. Жарым финалда украиналык Илона Прокопевнюк менен күрөшүп, 5:2 эсебинде жеңди.

2017-жылы Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатынын коло медалын уткан.
2019-жылы дүйнө чемпиону болду. Быйылкы Токиодо өткөн Олимп оюндарында күмүш медал алды.
Азиянын төрт жолку чемпиону. Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Азия оюдарынын чемпиону жана коло байгесинин алган. Дүйнө кубогунун ээси.
Айсулуу Тыныбекова жана кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков дүйнө чемпионатында. 20-сентябрь, 2019-ж.
Айсулуу Тыныбекова жана кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков дүйнө чемпионатында. 20-сентябрь, 2019-ж.

"Айсулуу кыргыз спортуна дем берди"

Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев Айсулуунун спорттогу ийгилиги көптөгөн жаш спортчуларды шыктандырганын айтты.

“Айсулуунун экинчи ирет дүйнө чемпиону болгону өтө таасирдүү болот. Анткени 2019-жылы алгачкы жолу дүйнө чемпиону болгондо кыргыз балбан кыздары, негизи эле бардык кыргыз спортчу балдар шыктанып, бизден да дүйнө чемпиону чыгат экен деп суктанышкан. 30 жылдан бери алгачкы дүйнө чемпиону чыкты, биз да күрөшсөк болот экен деген шык пайда болгон. Жалгыз эле спортчу кыздарда эмес спортчу балдарда да ишеним жаралды. Анын аркасынан дагы балбан кыздар Мээрим, Айпери андан башка дагы балбан кыздарыбыз чыкты. Бул сапар экинчи жолу дүйнө чемпиону болгону аларды дагы чоң дем берет. Айсулуунун медалы - бир эле өзүнө эмес, мамлекетибизге, кыргыз спортуна дем берди. Эки жолку дүйнө чемпиону кандай болот экенин командабыз менен сездик. Бул кыргыз спортун алдыга сүйрөгөнгө чоң ийгилик болду”.

Бул дүйнө чемпионатында жаштар арасында дүйнө чемпиону Айпери Медет кызы жана Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшүнөн байге үчүн күчүн сынайт.

76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы бүгүн, 6-октябрда коло байге үчүн күрөшөт. Ал 5-октябрда алгач болгариялык жана орусиялык атаандаштарын 10:0 эсебинде таза жеңип келип, жарым финалда эстониялык Эпп Мяеге 3:3 эсебинде жеңилди. Айпери коло байге үчүн ким менен беттешени азырынча белгисиз. Беттеш саат 22:00дө башталат.

Бүгүн 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова жарым финалда күрөшөт.

"Эркин күрөштүн деми кайтып турганда..."

Айсулуу Тыныбекова алтын байге алган күнү эркин күрөшчү Эрназар Акматалиев 70 килограмм салмакта финалда польшалык Магомедмурад Гаджиев менен күрөшүп, бир упайдын айырмасында 1:2 эсебинде жеңилип дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин алды.

Эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын 70 килограмм салмактагы байге ээлери. 5-октябрь, 2021-ж. Осло, Норвегия.
Эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын 70 килограмм салмактагы байге ээлери. 5-октябрь, 2021-ж. Осло, Норвегия.

Эрназар күмүш байге алуу менен Кыргызстандын эркин күрөшүнүн тарыхында дүйнө чемпионатынын финалына чыккан кыргызстандык алгачкы спортчу болуп калды. 1994-жылдан бери дүйнө чемпионатынан Кыргызстандын эркин күрөш балбандары беш коло байге алышкан.

Кенжебек Өмүралиев (68 кг. Стамбул, 1994-ж.), Базар Базаргуруев (60 кг. Стамбул, 2007-ж.), Алексей Крупняков (96 кг. Будапешт, 2005-ж.), Эламан Догдурбек уулу (олимпиадалык эмес салмак, 70 кг. Будапешт, 2016-ж.) жана Алибек Осмонов (65 кг. Осло, 2021-ж.) эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болушкан.

Тарых илимдеринин кандидаты, Дүйнөлүк күрөш уюмунун 1-даражадагы калысы, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Саитдин Азизбаев Эрназардын бул жетишкендигин кыргыз спортундагы жаңы баскыч деп сыпаттады.

“Атагы чыккан балбандардын катарына Эрназар Акматалиев дагы кошулуп, кыргыз спорт тарыхына жазылды. Бул жетишкендик эркин күрөш менен машыккан балбандарга күч, дем берет. Себеби, акыркы жылдары эркин күрөш стилиндеги балбандардын руху, духу түшкөнсүп калган. 1990-жылдары ушундай эл аралык, дүйнөлүк деңгээлдеги балбандарыбыз бар болчу”.

Бул дүйнө чемпионатында Эрназар Акматалиев финалга жолдомо алганга чейин 4-октябрда үч беттеш өткөрдү. Алгач шри-ланкалык балбан Анил Нирошан Мунасинье Каруна Пели Гедераны 10:0 эсебинде утту. 1/8 финалда армениялык Арман Андреасянды 11:2 эсебинде жеңди. Чейрек финалда ирандык Ерфан Мохаммад Елахи менен беттешип, 8:8 эсебинде жеңишке жетти.

Эрназардын финалдагы атаандашы Магоммедмурад Гаджиев 33 жашта. Буга чейин Дүйнө чемпионатынын күмүш жана коло байгелеринин ээси болгон. Европанын эки жолку чемпиону.

Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалында орусиялык Евгений Жербаевди 9:5 эсебинде жеңди.
Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалында орусиялык Евгений Жербаевди 9:5 эсебинде жеңди.

Эрназар Акматалиев 23 жашта. Быйыл Токиодо өткөн Жайкы Олимп оюндарына катышкан. Жаштар арасындагы Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (2018-жыл).

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча федерациясынын президенти, эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпиону Мелис Турганбаев Акматалиев талыкпаган эмгеги менен ийгиликке жеткенин айтты.

“Ал өзү абдан эмгекчил. Тарбиясы мыкты. Ал Нарын шаарында машыгып, кийин Олимпиадалык резеврдеги республикалык окуу жайда окуду. 2019-жылы 23 жашка чейинкилер арасында Улукбек Жолдошбеков дүйнө чемпиону болгондо Эрназар 5-орунду ээлеген. Ошондон бери аябай өстү. Быйыл Олимпиадага жолдомо берген лицензиялык мелдеште 1-орунду алып Олимпиадага барып келди. Олимиададан байгеге жетет деп үмүттөнгөнбүз. Анткени ал көпчүлүк үчүн табышмак спортчу эле. Жакшы эле күрөшмөк. Тилекке каршы алгачкы беттешинде индиялык балбан менен беттешип, 3:3 эсебинде жеңилип калды. Индиялык балбан финалга чыкпай Эрназар байгесиз калды. Андан бери талыкпай эмгектенип эми дүйнө чемпионатынын финалына чыгып отурат”.

Бир күн мурда эркин күрөштөн 65 килограмм салмакта Алибек Осмонов дүйнө чемпионатынын коло байгесине ээ болгон. Ал 3-орун үчүн беттеште польшалык Кристов Биенковски менен беттешип, 4:1 эсебинде жеңип алды.

Алибек Осмонов 25 жашта. Бир катар эл аралык мелдештердин катышуучусу. Ислам Шериктештиги оюндарынын күмүш байгесинин ээси (61 кг. Баку, 2017-ж.). 23 жашка чейинки жана чоңдор арасында Азия чемпионаттарына 61 жана 65 килограмм салмакта күчүн сынап, байгеге ээ боло элек болчу. Акыркы жылдары 65 килограмм салмакта күч сынашып жүрөт. Ал Эрназар Акматалиевди быйылкы өлкө чемпионатында 65 килограмм салмакта жеңип алган.

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу Сүймөнкул Таабалды уулу быйыл апрель айында “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маегинде 65 килограмм салмакта атаандаштык күч экенин айткан.

“Негизи бизде 65 килограммга чейинки салмакта атаандаштык күчтүү. Төрт-беш мыкты балбан бар. Алардын ичинде Алибек Осмонов деген балбаныбыз 2021-жылы өткөн Кыргызстандын чемпионатынын финалында Эрназарды 8:8 эсеби менен утуп алган. Андан кийин Украинадагы мелдешке катышып, абдан жакшы жыйынтык көрсөттү. Ошол мелдеште Эрназар экинчи, Алибек үчүнчү орунду ээледи. Биз эки балбандын кимисин лицензиялык мелдешке жиберебиз деп так чечим чыгара албай жаттык. Анткени экөө тең мыкты балбан. Көлдө өткөн соңку машыгуу учурунда экөөнү күрөштүрүп көрүп, Эрназар жеңип алган соң, ал Олимпиадага жолдомо бере турган лицензиялык мелдешке бара турган болду. Мына ошентип Эрназар Олимпиадага жолдомо утуп алды”, -деген анда Таабалды уулу.

Эки ай мурда болгон Олимп оюндарында Эрназар Акматалиев 65 килограмм салмакта килемге чыккан эле. Бул сапар дүйнө чемпионатында 70 килограмм салмакта күчүн сынады. Дүйнөлүк күрөш уюмунун 1-даражадагы калысы Саитдин Азизбаев Акматалиевди башка салмакта күчүн сынап көрүү аракети өзүн актады деген ойдо.

“Эрназар Олимпиадага болгон квалификациялык турнирдеги жеңишинен кийин жана 2019-жылдагы 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионатында башка спортчулар менен күч сынашып көрүп, ал балбандардан күчтүү экенин сезе баштаган да. Бирок бул сапар салмагын куубай, балбандарды жеңүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин сезип 70 килограмм салмакка өттү. Алибек менен Эрназардын достук мамилеси бийик. Улуттук курамада бир машыгышат. Машыктыруучулар корпусу тарабынан дагы эки күчтүү балбанга ишеничин көрсөтүп, эки салмакка койгону өтө туура, жакшы тактикалык кадам болгон экен. Бүгүнкү күндө жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жатат”.

Спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 2-октябрда башталган. Ал 10-октябрга чейин уланат. Алдыда грек-рим күрөшү боюнча таймаштар бар. Кыргызстандан бул мелдешке күрөштүн үч түрүнөн 15 спортчу барган.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG