Москвада бул жолку айт намазы мигранттарга каршы маанай күчөп турган шартта өтүп, борбордук мечитке мигранттар адаттагыдан аз келгени кабарланууда. Майрамга карата Орусиянын баш калаасында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, темир тосмолор коюлуп, жүздөгөн полиция кызматкерлери күзөткө чыкты.
Борбор Азия
шаршемби 10 Апрель 2024
Газалыктар Орозо айтты согуш шартында белгилеп жатышат. Ал арада АКШнын президенти Израилдин өкмөт башчысынын Газадагы саясатын “жаңылыш” деп атады. Журналисттерди коргоо комитети кыргыз бийлигин камалган журналисттердин баарын бошотуп, аларга коюлган айыптарды алып салууга чакырды. Тышкы иштер министрлиги Москвада маңзат сатууга шек саналып кармалган Кыргызстандын жараны Нурмухаммед Токобаевге укуктук жардам берүүнү караштырып жатканын билдирди. 20 жаштагы уулун айыпсыз деген эне кыргыз бийлигине жардам сурап кайрылган.