Батыш Казакстан облусуна караштуу Орал шаарынан он чакырымдай алыстыктагы Желаево айылынын эли суу ташкындын экинчи толкунуна даярданууда. Анткени коңшу Орусия Урал дарыясына (казакча Жайык) агызган суу кескин көбөйүп, өзөн боюндагы айылдарды суу каптаган.
Борбор Азия
дүйшөмбү 15 Апрель 2024
Кыргыз тайганы Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң байыркы ит тукуму катары белгилүү. Ал күлүк жана жытчыл болгондуктан, мурдатан эле аң уулоо үчүн колдонулуп келген. Соңку жылдары "Салбуурун" менен катар эле тайгандардын жарышына кызыгуу күчөп, атайын ушул максатта тайган таптагандар көбөйдү.