Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:25

Борбор Азия

Батыш Казакстан облусундагы Чаган дарыясы ташып, айыл-кыштактарды каптады. 1-апрель, 2024-жыл.
Батыш Казакстан облусундагы Чаган дарыясы ташып, айыл-кыштактарды каптады. 1-апрель, 2024-жыл.

Быйыл жаздын башында суу ташкын коркунучунан улам Батыш Казакстан облусунда өзгөчө кырдаал жарыялаган. Орол шаарына жакын жайгашкан айылдардын жана жайлоолордун калкы кооптуу аймактан чыгарылган. Тургундар документтерин жана кийим-кечесин алып кетүүгө гана үлгүрүп, алардын үй-жайы дээрлик суу астында калды. Бирок суунун деңгээли жакында дагы көтөрүлүшү мүмкүн экени эскертилүүдө. Анткени Орусия Оренбург аймагындагы Ирекле суу сактагычынан ашыкча сууну агыза баштаганын кабарланды

ЭВАКУАЦИЯ

Оролдун Деркөл айылындагы "Урал" спорт борборунда иш-чаралардын токтогонуна бир жумадай болуп калды. Бул аймакта суу ташкыны башталганда борбор эвакуация борборуна айланган.

Залдын ортосуна катарынан тизилген бүктөмө керебеттердин ар бири жууркан, шейшеп менен жабылган. Бурчтагы столдордо таза суу да бар. Залдын жарымына матрацтар жыйылган. Ал жер балдар ойногонго аянтча болуп калды.

Арман Муканов
Арман Муканов

Бул борбордо баш калкалагандардын бири - Арман Муканов. Үч күн мурун ал бул жерге балдары менен эвакуацияланган. Анын үйү жарым-жартылай суу астында калган.

- Өзүм менен сумкамды гана ала кетүүгө үлгүрдүм. Ичинде документтерим, кийимдерим бар болчу. Буюмдарыбызды чогултканга үлгүрбөй калдык. Үйүбүздү суу каптап кетет деп ойлогон эмеспиз. Жер алып, үй салып баштаганда, 2011-жылы бул жерди сел алып, эл кыйналганын айткан. Бирок андан кийин сел болгон эмес. Былтыр да эл эвакуацияланган, бирок үйлөрүнө суу жеткен эмес.

Арман Муканов жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ыраазылык билдирди. Имарат кургак, жылуу, үч маал тамак берилет. Оролдун коомдук тамактануу ишканаларынын бири борбордо баш калкалаган калкка тамак-аш даярдайт. Арман орозо кармагандарга да шарт түзүлгөнүн айтат.

Деркөл айылындагы эвакуациялоо борборуна баш калкалагандар. 1-апрель, 2024-жыл.
Деркөл айылындагы эвакуациялоо борборуна баш калкалагандар. 1-апрель, 2024-жыл.

Севиля Куспанова эвакуация борборуна Ягодка дачасынан келген. Мурда дача болгон үйлөр азыр чоң конушка айланган. Севилянын айтымында, дачалар ойдуңда жайгашкандыктан селдин суусу үйлөрдү жууп кеткен.

- Бизге алдын ала "эвакуация болот, чогулгула" деп эскертилген. Бирок мурда деле ушундай көрүнүш бар болчу. Бул жолу мынчалык кооптуу болот деп ойлогон эмеспиз. Кошунамдын короосун суу каптап жатканын көрдүм. Ошондо гана ал жактан кетүү зарылчылыгын түшүндүм, - дейт Севиля.

Эвакуация пунктундагы башка адамдардай эле Севиля документтерин жана кийимдерин гана алып чыккан. Анын үйүн суу толугу менен каптап калган.

Севиля Куспанова
Севиля Куспанова

Севиля борборго ага окшоп чогулгандар менен эртеңки күнүн ойлоп тынчсызданууда.

- Биз бул жерде бири-бирибизди колдойбуз. Ар кимдин ичиндеги бугун чыгарып, ыйлап да алабыз, - дейт Севиля.

Деркөлдөгү эвакуация пункту 200 кишиге ылайыкташтырылган. Бирок керебеттердин санын көбөйтүү керектиги айтылууда. Башкармалыктагылар суу кайра капташы мүмкүн экенин эскертишүүдө.

ЖОГОРУДАН СУУ КЕЛИП АТАТ

Батыш Казакстан облусунун акими Нариман Турегалиев 1-апрелден тарта облустун аймагында өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган. Суунун агымы күндөн-күнгө көбөйүүдө. Облустагы дээрлик бардык суу сактагычтарда кооптуу абал түзүлдү. Коңшулаш Оренбург облусундагы Ирекле суу сактагычынан Орол дарыясына суунун ашыкча агып жатышы кырдаалды дагы да курчутууда.

"Орусиядан чыккан беш трансчегаралык дарыяда суунун деңгээли көтөрүлүүдө. Натыйжада Жангала жана Казталов райондоруна аккан Караөзөн жана Сарыөзөн дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүүдө. Чаган менен Деркөл дарыялары кооптуу деңгээлге жетип, Орол дарыясында суунун көлөмү көбөйүүдө", - деп билдирди Батыш азакстан облусунун акимчилиги 2-апрелдеги басма сөз жыйынында.

Батыш Казакстан облусунун Сырым, Каратөбе, Бүрили жана Теректи сыяктуу айрым райондорунда жана облус борбору Оролдо бир жума мурун өзгөчө кырдаал жарыяланган. Кийинчерээк алар шаар четиндеги дачалардагы элди көчүрө башташкан.

Батыш Казакстан облусундагы Чаган дарыясы ташып, айылдарды каптады. 1-апрель, 2024-жыл.
Батыш Казакстан облусундагы Чаган дарыясы ташып, айылдарды каптады. 1-апрель, 2024-жыл.

Батыш Казакстан облусунун төрт районуна караштуу Чыңгырлау, Жакшыбай, Өлөңтү, Булдырты дарыяларында суунун көлөмү нормадан ашкандыктан, тогуз айылда үйлөрдү суу каптады. Жалпысынан жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, 515 турак жай жабыркаган. Шаарга жакын жайгашкан Подстепное жана Теректи айылдарындагы үйлөрдү да суу каптаган.

Учурда бийлик кооптуу аймактардан 4525 адамды эвакуациялады, алардын 1700дөн ашыгы балдар. Өзгөчө кырдаалдар тобу жана ыктыярчылар мал-жанды сактап калууга аракет кылууда. Жергиликтүү акимчиликтер 1425 баш ири мүйүздүү мал, 2004 баш майда жандык жана 33 баш жылкы коопсуз жерге айдалганын билдиришти.

СӨГҮШ ЖАНА АКТИВДҮҮЛҮК

Орол шаарынын четинде болгон селдин фонунда Батыш Казакстан облусунун акими Нариман Турегалиев шаар акими Миржан Саткановго сөгүш жарыялады. Үч күндөн кийин президент Касым-Жомарт Токаев Нариман Турегалиевге "сен милдетиңди аткара албайсың" деп эскертти.

Мындай сөгүш аткаминерлердин ишине канчалык таасир эткени белгисиз. Бирок, суу каптоо коркунучу күчөп жатканы анык. Туулуп-өскөн облусуна иш сапары менен барган Мажилистин депутаты Абзал Куспан да учурдагы абалды көрдү. Ал Оролдогу Чаган дарыясынын жанында туруп, облустун борборун курчап турган үч дарыяда муздун бөлүктөрү дагы эле байкалып жатканын айтты. Депутат Ирикла суу сактагычынан келген суу шаарга жакындап калганын жана андан кийин Орол дарыясынын деңгээли канчага көтөрүлөрү белгилүү болорун болжолдойт.

Деркөл айылындагы эвакуациялоо борборундагы адамдар. Орол облусу, 1-апрель, 2024-жыл.
Деркөл айылындагы эвакуациялоо борборундагы адамдар. Орол облусу, 1-апрель, 2024-жыл.

Орусиялык "Урал56" басылмасынын маалыматы боюнча, жергиликтүү бийлик "агымдын олуттуу көбөйүшүнө байланыштуу" сууну агызууну чечкен.

"Ирикла суу сактагычынан агып чыккан суунун көлөмү секундасына 90 метр кубдан 390 метр кубга чейин көбөйтүлдү", — деп жазат басылма.

"Казгидрометтин" маалыматы боюнча 2-апрелге караган түнү Орол дарыясынын эки постунда (Январцево жана Уральск айылдарында) суунун деңгээли бир метрден ашык көтөрүлгөн. Гидрологдордун күнүмдүк өлчөөлөрү суунун деңгээли көтөрүлүп жатканын көрсөтүүдө.

Азыр Казакстандын беш облусунда суу ташкындан улам кырдаал курчуп баратат. "Казгидромет" аймактагы акимчиликтерди суу каптоо коркунучу тууралуу алдын ала эскерткенин айтууда.

"Өткөн жылдын декабрь айынан бери – Батыш Казакстан, Чыгыш Казакстан, Актөбө, Атырау, Костанай, Караганда жана Абай облустарында суу ташкындары болот деп коңгуроо кагып баштадык. Бул маалымат акимчиликтерге да жөнөтүлгөн. "Казгидромет" мүмкүн болушунча тиешелүү маалыматтарды берди", - деди мекеменин башкы директору Данара Алимбаева.

Ал эми Арман жана эвакуациялоо борборунда баш калкалап жаткан башка адамдар аларга кандай колдоо көрсөтүлөөрүнө тынчсызданышууда. Буга чейин президент Токаев жабыркагандарга тез арада жардам көрсөтүүнү тапшырган. Бул тууралуу Арман жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылды. Бирок азырынча конкреттүү программа жок.

Ал арада Арман жана башка эвакуация пунктунун жашоочулары аларга кандай колдоо көрсөтүлөөрүнө тынчсызданышууда. Буга чейин президент Токаев жабыркагандарга тез арада жардам көрсөтүүнү тапшырган. Арман бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн маалымат алууга аракет кылган, бирок азырынча так айтылган убада жок.

— Жабдуулар, эмеректер, албетте, жараксыз абалга келди. Пол жарылып кетти. Баарын алмаштыруу керек. Үйдү кургатуу керек. Буга чейин мындай сел болгон эмес. Эмне кыларымды да билбейм, - дейт Арман.

Ал кошуналары менен күн сайын үй жагына барып, карап турушат. Суу каптаган үйдө калган анча-мынча пайдалуу нерселерди уурулар уурдап кетет деп коркот.

"Азаттыктын" казак редакциясынын кабарларынын негизинде даярдалган. Макаланы казак тилинде бул жерден окуй аласыз.

24.kg агенттигинин кеңсеси ачылып, кылмыш иши токтотулду
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:00 0:00

“Крокус Сити Холл” борборундагы кол салуудан кийин Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттарга кысым күчөдү. Жүздөгөн мигрант өлкөдөн чыгарылганы кабарланды. АКШ, Евробиримдик жана айрым эл аралык уюмдар Кыргызстанда кабыл алынган “Чет элдик өкүл” мыйзамына тынчсыздануусун билдирди. Үч айдан бери жабык турган 24.kg маалымат агенттигинин кеңсеси ачылып, УКМК кылмыш ишин токтотту.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG