Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:36

Борбор Азия

Орус полициясы мигранттарды текшерүүдө
Орус полициясы мигранттарды текшерүүдө

Орусияда “Крокус Ситидеги” терактка байланышы бар деген шек менен дагы борборазиялык үч киши кармалды. Бирөөнүн орус жарандыгы барлыгы кабарланды. 4-апрелде Дагестанда дагы ушул эле окуяга катышы бар деген шек менен теги тажикстандык үч адам эки айга камалганын расмий органдар кабарлады.

Куралдуу кол салуудан кийин Орусияда башталган мигранттарга каршы рейддер уланууда.

Тергөөнүн версиясына караганда, 4-апрелде кармалгандардын экөө “кол салууга шектүүлөр айдаган автоунааны жана колдонгон курал-жабдыкты сатып алууга акча которгон”. Ал эми үчүнчү адам "терактты уюштурууга көмөктөшкөндөрдү азгыруу иштерине катышып, аны ишке ашыргандарды каржылоого" шектелүүдө.

“Крокус Сити”: Борбор Азиядан барган дагы үч киши кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:02 0:00

"Крокус Ситидеги" 22-марттын кечиндеги терактта 145 киши каза болгону, 380ден көбү жабыркаганы расмий маалымдалды.

Чабуулга байланышы бар деген кине менен 11 киши кармалганын, алардын ону 2 айга камалганын Федералдык коопсуздук кызматы буга чейин билдирген.

Кандуу калаба үчүн “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алган. Орусиянын президенти Владимир Путин буга чейин калабаны радикалдуу исламчылар ишке ашырганын айтып, ошол эле маалда Киевдин да "тиешеси бар экенин" кайталаган.

Ал эми 4-апрелде Путин Көз карандысыз профсоюздар федерациясынын жыйынында Орусия исламчыл фундаменталисттердин кол салууларынын бутасына айланбастыгын билдирди.

"Биздин өлкө этностор, диний, конфессиялар аралык биримдиктин уникалдуу мисалын көрсөтө алат. Орусия тышкы аренада дагы өзүн так ушундай көрсөткөндүктөн, исламчыл фундаменталисттердин кол салуу объектисине айланышы күмөн. Ал эми азыркы шартта орус коомунун биримдигин бузуу максаты караштырылышы мүмкүн", - деди Путин.

Украин бийлиги орус президентинин дооматтарын четке кагып келет.

Мигранттарга каршы рейддер уланууда

4-апрелде негизинен тажикстандык мигранттар жашаган жатаканага полициянын атайын бөлүмү - ОМОНдун өкүлдөрү терезе-эшиктерди талкалап кирип барып, 60тан ашуун мигрантты документтерин текшерүү үчүн алып кеткен.

Маалыматка караганда, кармалгандардын айрымдарын айып пул салып, коё берген. Көбүн депортациялоо чечими кабыл алынган. Тажикстандык мигранттар "Озоди" радиосуна учурда коркконунан көчөгө чыга албай калганын айтып беришкен.

"Мен эмне кылышты, кайда барышты билбейм калдым. Дүкөнгө чыккандан да корком. Эмне болуп атат, түшүнбөйм. 2-3 киши үчүн бүт тажиктер зыян тартууда. Аларга баары бир, документтериң жайында болсо да депортациялашууда. Бир тууганымды жакында кармап, Орусияга өмүр бою кирүүгө тыюу салышты. Себебин түшүндүргөн эмес, ушундай деп эле коюшкан", - дейт Орусиядагы тажикстандык мигранттардын бири.

Полиция алып бараткан тажик мигранттары. 3-апрель, 2024-жыл.
Полиция алып бараткан тажик мигранттары. 3-апрель, 2024-жыл.

Рейддер маалында коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү мигранттарга аскердик комиссариаттарга чакыруу тапшырып жатканы маалым болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Ростов облустук башкармалыгынын өкүлү Дмитрий Ладыгин билдирди.

"Документтерди текшерүү учурунда орус жарандыгын алган 48 адам аскердик каттоого турбагандыгы аныкталган. Аларга аскердик комиссариаттарга жолдомо тапшырылды", - деди ал.

Ал эми Екатеринбургда эл аралык айдоочулук күбөлүгүн орус күбөлүгүнө айырбаштоону көздөгөндөргө дагы аскердик комиссариаттарга жолдомо таратылып жатат.

Орус жарандыгын алган мигранттар бир жыл ичинде эч кандай сынаксыз өз күбөлүктөрүн алмаштырып алса болот.

Ушул күндөрү кезек күткөн айдоочулар күбөлүктөрү менен кошо аскердик комиссариатка чакыруу да алып жатышат.

Мамлекеттик автоинспекция имаратынын кире беришинде аскер комиссаританын өкүлдөрү да отурганы маалым болду.

Ал арада Москванын муфтияты Орозо айт намазын "үй шартында" өткөрүү тууралуу тараган чакырыктарды четке какты. Москванын муфтийи Ильдар Аляутдинов РБК агенттигине билдиргендей, мунун баары - "кастыкты козутууга багытталган" жалган маалымат.

Буга чейин "Осторожно, новости" телеграм-каналы Москва бийлигинин шаардагы мусулмандарды, айрыкча Борбор Азиядан барган эмгек мигранттарын Орозо айт майрамын быйыл үйдөн белгилөөгө, айт намазын үйдөн өткөрүүгө чакырып жатканын Улуттук саясат жана аймак аралык байланыш департаментинин маалыматына таянып жазган эле.

Казакстан: Селден улам 20 миң киши эвакуацияланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:48 0:00

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы “Крокус Сити Холлдогу” терактка байланыштуу дагы үч киши кармалганын билдирди. Алардын баары тең Борбор Азиядан баргандар. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев экс-бажычы Райымбек Матраимовдон 200 млн доллардай каражат алынарын билдирди. Райымбек Матраимов атайын кызматтын тергөө абагында, калган үч бир тууганы Ошто убактылуу кармоочу жайда жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG