Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:41

Борбор Азия

Cириядагы качкындар лагеринде башкалкалаган жоочулардын үй-бүлөлөрү
Cириядагы качкындар лагеринде башкалкалаган жоочулардын үй-бүлөлөрү

Түркияда террордук уюмга мүчө делген борбор азиялыктар кармалды. Расмий маалыматта тажикстандык жигит кыргызстандык келин менен бирге куралдуу кол салууга даярданып жатканы айтылат. ​​​​​​​Серепчилер эмне себептен айрыкча тажикстандыктар террордук уюмдарга тартылып жатканын чечмелешти.

Түркияда террордук уюмга мүчө делгендер кармалды

1-апрелде "Ихлас" кабар агенттиги Түркиянын чалгындоо кызматына шилтеме берип, Стамбул шаарында "Ислам мамлекети" террордук уюмуна мүчө делген тажикстандык бир киши жана кыргызстандык келин колго түшкөнүн кабарлады.

"Ихлас" кабар агенттигинин видеосунан алынган сүрөт.
"Ихлас" кабар агенттигинин видеосунан алынган сүрөт.

Анда Стамбулдун Пендик районунда жертөлөдө жашынып жашаган 37 жаштагы Фазилжон А. менен 41 жаштагы Зулфия С. куралдуу кол салууга даярданып жатканы, полиция бир канча айдан бери алардын изине түшкөнү айтылат. Операциянын жүрүшүндө алар жашаган жерде жандармериянын кийимдери, полициянын баш кийимдери, унаа радиолору, бычак жана мылтык, кол салуудан кийин качуу пландары жазылган материалдар табылган.

Кармалгандар терактты кайсыл жерде жасоону пландаганы так айтылган эмес. Бирок тажикстандык шектүү "Абу Исмаил" каймана аты менен көптөн бери ИМге мүчө экени айтылууда.

"Ихлас" кабар агенттигинин видеосунан алынган сүрөт.
"Ихлас" кабар агенттигинин видеосунан алынган сүрөт.

Ички иштер министрлигинин Терроризм менен күрөшүү бөлүмү кармалган шектүүлөрдүн Түркиядагы башка адамдар менен байланышы бар же жок экендигин иликтеп жатканы да кабарланды. Эки шектүү тең полициядагы сурактан кийин сотко өткөрүлгөн.

Ал эми Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу кармалган аялдын жарандыгы тууралуу маалымат такталып жатканын "Азаттыкка" билдирди.

26-мартта Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая 33 провинцияда жүргүзүлгөн атайын операция алкагында "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмуна байланышы бар деп шектелген 147 киши кармалганын билдирген. Ал тараткан маалыматка караганда, "Боздоган-17" деп аталган рейд бир эле убакта бүткүл өлкөдө өткөрүлгөн.

Жыл башында Cтамбул шаарындагы католиктердин чиркөөсүндө "Ислам мамлекети" террордук тобунун эки согушкери бир жаранды өлтүрүп кеткени маалым болгон. Эки шектүү тең кармалганын полиция билдирген. Ал эми Йерликая алардын бири орусиялык, экинчиси тажикстандык экенин маалымдаган.

Tерроризмге байланышкан деп шектелген 100 миңдей чет элдик бар

Министрдин билдирүүсүнөн кийин Түркиядагы террордук уюмдарга мүчө деп шектелгендердин тегерегиндеги маселе кайрадан талкууга түштү.

450гө жакын чет өлкөлүктүн адвокаты болуп иштеген Онур Гүлер "Medyascope" сайтына берген маегинде террордук уюмдарга согушкерлер Борбор Азиядан тартылып атканын айтат:

"Террордук уюмдун түзүмү Африка менен Борбор Азияга өттү. Түркиядагы чет элдиктердин көбү Тажикстан менен Өзбекстандын жарандары. Азербайжандан келгендер да бар. Стамбул, Анкара, Бурса сыяктуу чоң шаарларда уюм түзө башташты. Мисалы, мурун бирикме сыяктуу жерлерге барышчу. Бирок учурда андай жагдай жок. Уюмдун айрым мүчөлөрү жасалма паспорттор менен мейманканаларда деле жашап жүрө беришет".

Гүлер маегинде Миграция башкармалыгы миңдеген чет элдиктерди депортациялоо чечимин чыгарганын, бирок коопсуздук күчтөрү аларды жакшы иликтебей жатканын белгилейт.

Коопсуздук боюнча олуттуу кемчиликтер бар экенин айткан түрк юрист мындай деди: "Түркияда терроризмге байланышы бар деп шектелген 80-100 миңдей чет элдик бар деген ойдомун. Көбү "чет элдик террорист согушкерлери" катары белгиленген жана Түркияга кирүүгө тыюу салынган. Бирок Түркияда дагы деле коопсуздукка коркунуч туудурган мыйзамсыз иммигранттар жана чет элдиктер абдан көп".

Буга чейин түрк медиасы Москвадагы кандуу кол салууга шектүүлөрдүн бири да Орусияга Түркиядан барганын, бул Анкараны кыжаалат кылганын жазган. Шектүүлөрдүн бири Фаридун Шамсиддин буга чейин Түркияда мыйзамсыз жүргөнүн, 4-мартта Орусияга учуп келип, өзүн Абдулла деп тааныштырган киши менен Телеграмдан таанышканын, "Крокус Сити Холлго" кол салуу үчүн сунушталган 1 миллион рублдин жарымы банк картасына которулганын айткан. Суракта Фаридун Шамсиддин күнөөсүн мойнуна алган.

Түрк журналисти Мурат Йеткин 2015-жылы Анкарадагы жардырууда жүздөн ашуун киши, 2016-жылы Стамбулдагы Ататүрк аэрпортундагы террордук кол салууда 45 киши, 2017-жылы "Рейна" түнкү клубуна кол салууда 35 киши көз жумганын, бул кандуу калабаларга борбор азиялыктар катышканын айткан.

Бейрасмий маалыматтарга караганда, Түркияда ар кандай экстремисттик уюмдарга мүчө болгон борбор азиялык 3 миңге жакын үй-бүлө жашайт. Алардын бери дегенде миңге жакыны - өзбекстандыктар.

Деген менен түрк расмий мекемелери азыркыга чейин өлкөдө экстремисттик топторго мүчө болгон борбор азиялык канча киши бар экенин маалымдай элек.

Эмне үчүн тажиктер террордук уюмдарга тартылышат?

Ал эми "Крокус Сити Холл" концерт залындагы терактка шектелип кармалган 11 адамдын ону Тажикстандын жарандары. Алардын ичинен төрт киши: Далержон Мирзоев, Саидакрам Ражабализода, Шамсидин Фаридун жана Мухаммадсобир Файзов эки айга камалды. Алардын баары сотко жеткирилгенде кыйноого кабылганы даана байкалат.

Көз карандысыз саясат таануучу Парвиз Мулложанов "Азаттыктын" тажик кызматы - "Озоди" радиосуна берген маегинде тажик жаштарынын радикалдашуусуна түрткү болгон негизги себептердин башында оор социалдык-экономикалык кырдаал турарын айтат.

Парвиз Мулложанов.
Парвиз Мулложанов.

"Акыркы он жылда жихадчылар социалдык тармактарды колдонууга негизделген жаңы стратегияны колдоно башташты. Буга чейин алар мечиттерди басып алууну көздөшкөн, бирок бийлик муну менен күрөшүүгө үйрөнгөндүктөн, азыр көңүл чордону онлайн чөйрөгө бурулду. Тажиктердин арасында маргиналдар өтө көп. Жыл сайын чет өлкөгө 150 миң киши чет өлкөгө эмгек миграциясына кетишет", - дейт тажик саясат таануучу.

Ал эми Берлиндеги Орусия жана Евразияны изилдөөчү Карнеги борборунун илимий кызматкери Темур Умаров Тажикстандагы жакырчылык жана адилетсиздик элди радикалдуу экстремизге түртөт деген ойдо:

Темур Умаров.
Темур Умаров.

"Айрыкча Тажикстанда президент Рахмондун үй-бүлөсү дээрлик бүт өлкөгө ээлик кылат да, өзүнүн байлыгын жана таасирин ар тараптан көрсөтүүдөн тартынбайт. Рахмондун өтө алыскы туугандары да Инстаграм баракчасына бай жашоосун чагылдырган сүрөттөрүн жарыялашат. Тажикстанда адилетсиздик менен күрөшүүнүн мыйзамдуу жолдору дээрлик жок. Рахмондун режими бийликте турган отуз жыл ичинде саясий оппозицияны толугу менен жок кылды, ал эми акыркы жылдары жарандык коомдун калдыктарын да тазалады. Жыйынтыгында өлкөдө нааразы болгондор үчүн бирден бир жол – радикалдуу экстремизм", - деп жазат Умаров.

Тажикстанда шектүү 20 киши кармалды

"Озоди" радиосу 2-апрелде Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети борбор калаа Дүйшөмбүдө террордук чабуул уюштурууга камданып жаткан деген шек менен 20 кишини кармаганын жазды. Өлкөнүн коопсуздук органдарындагы булак алар Вахдат, Рогун жана Нурек шаарларынын тургундары экенин, баары тең Нооруз майрамынын алдында колго түшүрүлгөнүн айтып берген.

Алар Дүйшөмбүдө 25-мартта Нооруз майрамы белгиленип жатканда, эл эң көп чогулган учурда теракт уюштурууну көздөшкөнү, кылмыш иши козголуп, атайын кызмат Башкы прокуратура менен бирге тергеп жатканы маалымдалды.

Кармалган кишилердин Москвадагы террордук чабуулдан кийин камакка алынгандар менен байланышы бар же жогу да иликтенип жатканы айтылды. Алардын арасында жашы жете электер бар экени да кабарланууда.

Жыл башында "Талибандын" коргоо министри Мохаммад Якуб Мужахид Ооганстанда акыркы эки жылдагы теракттарга Тажикстан менен Пакистандын жарандары азгырылганын айткан.

Ал эми марттын башында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон дин өкүлдөрү менен жолугушууда үч жыл ичинде өлкөнүн 24 жараны 10 өлкөдө теракт жасаганын же аларды даярдаган деп шектелип кармалганын билдирген.

Тажикстан калкынын өсүү темпи боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы орунда турат. Жыл сайын калктын саны орто эсеп менен 2,4% көбөйөт. Эмгекке жарамдуу адамдар болжол менен 70% түзөт, ал эми экономикалык көрсөткүчтөр КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында эң төмөн.

22-мартта Москвадагы "Крокус Сити" концерттик залында теракт болгон. Анда камуфляж кийген төрт адам туш келди ок чыгарган жана борбор өрттөнгөн. Акыркы маалыматтар боюнча терактта жараат алгандардын саны 551ге жетти. 144 адам мерт болду. "База" Телеграм-каналы 95 адам дайынсыз болуп жатканын жазды.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети-Хорасан" террордук тобу моюнга алган.

Татарстан: дрон чабуулунда кыргыз жараны жабыркады
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:10 0:00

Газада Израилдин соккусунан World Central Kitchen эл аралык гуманитардык бейөкмөт уюмунун кызматкерлери каза болду. Израил армиясы кечирим сурап, окуяны териштирип жатканын билдирди. Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын тынчсыздануусуна карабай президент Садыр Жапаров бейөкмөт уюмдарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачкан талаштуу мыйзамга кол койду. Кыргызстанда биринчи жолу 40 бийчиден турган заманбап балет труппасы түзүлөт. Классикалык балет жана заманбап бий элементтерин камтыган труппага 18 жаштан 25 жашка чейинки улан-кыздар тандалат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG