Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Москва шаарында жана Донецкидеги теракттардын алдын алганын билдирди. Эки шаарда тең күч органдары Борбор Азия мамлекеттеринин жарандарын кармашты, бирок алар кайсы мамлекеттен барганы азырынча тактала элек. Кармоо учурунда шектүүлөрдүн бири өлтүрүлгөн. Атайын кызмат ал күч кызматкерлерине каршы ок атканын билдирди.
Борбор Азия
жума 12 Апрель 2024
Москвадагы кыргыз дипломатынын үй-бүлөсүнө жасалган орой мамилени Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги айыптап, нота тапшырды. Мунун алдында орус полициясы элчиликтин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун үйүнүн эшигин бузуп кирип, күч колдонгону кабарланган. Казакстандын парламенти үй-бүлөлүк зомбулук жана балдарды зордуктоого айыпталгандардын жазасын катуулаткан мыйзам кабыл алды. Өлкөдө аялын уруп өлтүрүүгө шектелген экс-министр Бишимбаевдин соту чуу жаратууда. Кыргызстандын Өзбекстандын аймагында жайгашкан Барак эксклавынын тургундары Оштун Кара-Суу районуна көчүрүлдү. Бишкек аталган айылды Ташкент менен башка жерге алмашкан.