Орусиянын Оренбург облусунда миңдеген үй-жайды суу каптап, кырдаал оор болуп тургандыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймакка федералдык маанидеги өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Урал дарыясында жана анын куймаларында суунун деңгээли көтөрүлүп, аймактан 4000ден ашуун киши эвакуацияланды. Ал тапта Казакстандагы суу ташкындан улам Атырау облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Борбор Азия
дүйшөмбү 8 Апрель 2024
Украин президенти Владимир Зеленский АКШ убада кылган аскердик жардам берилбесе, согушта жеңилиши мүмкүндүгүн эскертти. Өкүлдөр палатасы жардам каражатты бөлүү чечимин былтыркы күздөн бери жактыра албай келатат. Орусиянын Оренбург облусунда миңдеген үй-жайды суу каптап, федералдык маанидеги өзгөчө кырдаал режими кирди. Казакстанда суу ташкыны башталгандан бери 72 миңден ашык адам коопсуз жактарга эвакуацияланды. Камактагы журналист Махабат Тажибек кызынын денесинде тактар бар экенин Акыйкатчы институту тастыктады. Тажибек кызы абак кызматкерлеринен зомбулук көргөнүн билдирген.